Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:33

"Кыргызстандын жетишкендиги – эркин медиасы жана жигердүү жарандык коому"


АКШнын мамлекеттик катчысынын кеңешчиси Дерек Шолле.
АКШнын мамлекеттик катчысынын кеңешчиси Дерек Шолле.

АКШнын мамлекеттик катчысынын атайын тапшырмалар боюнча кеңешчиси Дерек Шолле “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде АКШ-Кыргызстан алакасы жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен жарандык коом туш болгон жагдайлар, кыргыз-тажик чек арасына байланышкан суроолорго жооп берди.

- Украинадагы согуш дүйнөнү өзгөртүп, айрыкча пост-советтик чөлкөм күтүлбөгөн нерселерге дуушар болууда. Ушундай жагдайда Кыргызстан – АКШ мамилесин кандай баалайсыз?

- Оболу мени кепке тартып жатканыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргызстан менен АКШнын алака-катышын өтө тыгыз деп баалайбыз. Соңку 30 жылда эки өлкө кызматташтыкты чыңдоого жетишип, Кошмо Штаттар Кыргызстандын суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн колдоп келди. Азыр дагы элчи Дональд Лу чөлкөмдө өтө маанилүү сапарда жүрөт. Ал кишинин дипломатиялык ишмердигин кыргызстандыктар жакшы билет, сиздердин өлкөдө Американын элчисинин кызматын аркалады. Айтайын дегеним, америкалык жогорку даражадагы дипломаттар жүргүзгөн иштер Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү ролу канчалык экенинин ачык-айкын далили. Региондогу көйгөйлөрдү чечүү жана болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, жалпы максатыбызга жетүү үчүн өнөктөштөр менен тыгыз иштешип жатабыз.

- Бишкек менен Вашингтон жаңы келишимге кол коюуга даяр экенин буга чейин бир нече ирет билдирген. Бирок азыркыга чейин ал ишке аша элек. Ага эмне тоскоол болууда, балким, Орусиянын же башка бир өлкөнүн кыйыр таасири тийип жатабы?

- Мен Орусиянын ролу тууралуу комментарий бербей эле коёюн. Айтайын дегеним, биз келишимди ишке ашырууга дилгирбиз. Биз Кыргызстан менен жакын жана маанилүү өнөктөштөрдөнбүз деп ишенебиз. Бул алаканы мындан ары да өнүктүрүүнү каалайбыз. Эгер биз артка кылчайып сереп салсак, 30 жыл бою жалпы баалуулуктарды бөлүшүп келдик. Алдыда дагы өз ара пайдалуу кызматташууну уланта беребиз деген ишеним чоң.

Сиздин Украинадагы согуш кырдаалды кандай өзгөрткөнү тууралуу жогорудагы соболуңузга кайрылсам, бул Орусиянын ырайымсыз саясатынын, Владимир Путиндин карапайым калкка жасаган карасанатайлыгы менен акылсыздыгынын дагы бир далили экенин көрсөттү. Андыктан бардык өлкөлөр бирге туруп, Украинаны колдоп, Орусиянын кооптуу аракетин айыптап, чөлкөмдө жана дүйнөдө жалпы бир максатка жетүү үчүн чогуу аракеттенүүбүз керек. Ага жетүүдө Кыргызстан чечүүчү ролдо экенин белгилегим келет.

- Стратегиялык документке качан кол коюларын билсек болобу?

- Качан кол коюларын азырынча айтпай эле коёюн. Белгилейин дегеним, биз Кыргызстан менен алака-катышыбыздын келечегине терең ишенип, алдыга оптимисттик маанайда карайбыз.

- Кыргызстан эркин медиа каражаттары жана жигердүү жарандык коому бар өлкө деп саналат. Бирок эки апта мурун 20дай оппозициялык саясатчы, жарандык активист, блогер-журналисттер камалды. Эркин медиа чабуулга кабылып жаткан фактылар бар. Булардын баары Кыргызстан демократиялык баалуулуктардан чегинип жаткандай сезилбейби?

- Албетте, биз буга жакындан көз салып, өтө тынчсызданып турабыз. Эркин жана активдүү маалымат каражаттары чыныгы демократиянын ишенимдүү негизи болуп саналат. Соңку 30 жылдагы Кыргызстандын жетишкендиги – эркин, активдүү медиасы жана жигердүү жарандык коому. Өнөктөштөр катары биз бул жагынан колдоо көрсөтүп жүрөбүз, бул багытта аракеттерибизди дагы илгерилетмекчибиз. Андыктан соңку болгон окуяларга камтама болуп турганыбызды коомчулукка ачык түрүндө жана жеке каналдар аркылуу билдирип, алардын чечилишине көмөк көрсөтүүгө дилгир экенибизди көрсөттүк. Анткени биз баарыбыз тең эркин медианын жана активдүү жарандык коомдун өнүгүшүнө терең маани беришибиз зарыл.

- Ушул тапта “Азаттык” радиосу бир топ тоскоолдуктарга кабылып, веб-сайты эки айга жабылды. Мекеменин банк эсеби да жабык турат. Мындай шартта Кыргызстандагы сөз эркиндигини абалын кандай баалайсыз?

- Кыргызстандын баш мыйзамы сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарынын ачык-айкындыгына кепилдик берет. Андыктан биз кыргыз өнөктөштөрүбүздү Конституцияда каралган негизги принциптерди сактоого чакырабыз. Бул сыяктуу окуялар орун алганда Кошмо Штаттар өз позициясын ачык көрсөтүп, тынчсыздануусун билдирет. Биз кыргыз бийлигиндеги өнөктөштөр аркылуу жана сиздер – маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен иштешип, Кыргызстанда журналисттердин ишмердиги тоскоолдуксуз жана эркин болушуна жетишүүнүн үстүндө аракетибизди улантабыз. Жарандардын өз ой-пикирин ээн-эркин билдирүү мүмкүнчүлүгү – чыныгы жана жигердүү демократиянын ачкычы деп билебиз.

- Cентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кармашта эки жактан 130дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Коңшу эки өлкө бири-бирин БУУнун бийик трибунасында туруп айыптады. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чырын чечүү боюнча АКШнын позициясы кандай?

- Биз бул жагдайга өтө жакындан көз салып жатабыз. Мамлекеттик катчы Блинкен бул тууралуу сентябрда Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолукканда да бул маселени талкуулашты. Биз Кыргызстандын жана Тажикстандын лидерлерин чек арада ок атышууга жол бербей, талашты дипломатиялык жана тынчтык жолдору менен чечүүгө чакырдык. Бул жерде биз сырттан жөн гана карап тура албайбыз. Борбор Азия чөлкөмүндө, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташтыгыбызды чыңдоонун үстүндөбүз. Мамлекеттик департамент тынымсыз иштеп жатат, элчи Дональд Лунун дагы бирден бир көз салган маселеси ушул. Андыктан бул маселе чечилет жана чек арада эскалацияга жол берилбейт деп үмүттөнөбүз.

- Айрым чет элдик медиа каражаттары Кошмо Штаттары бир жыл мурун Тажикстанга кире качкан ооган армиясынын учактарын Дүйшөмбүгө бере турганын жазып чыкты. Чек арадагы жаңжалдарында америкалык курал-жабдык колдонулбайт деген кепилдикти ким берет?

- Бул маселенин Кыргызстанга эч тиешеси жоктугун айта кетейин. Бул Ооганстанга байланыштуу маселе. Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун аскердик системалар жана аларга тиешелүү нерселер кандай максатта колдонулуп жатканына мониторинг жасап турууга болот. Мен эми анын чоо-жайына токтолбой эле коёюн. Вашингтондо биз буга олуттуу көңүл буруп, элчиликтеги өнөктөштөрүбүз менен жакындан иштешип, болгон аракетти көрүп жатабыз. Бул системалардын бири дагы өз максатына туура келбеген жагдайда колдонулбашына кепилдик берүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз.

- Вашингтон тажик бийлиги америкалык учактарды колдонбойт деп кантип ишенет, ага ким кепилдик берет?

- Биз дүйнөнүн булуң-буручундагы өлкөлөргө аскердик кызматтыштыктын чегинде кандайдыр бир жабдык бергенде аларга такай мониторинг жасап, үзгүлтүксүз көз салып турган өтө кубаттуу системабыз бардыгын да айткым келет. Биз кайда болбосун ошол жабдык өз максатына ылайык гана колдонулушун, анын жол-жобосун жана ал үчүн алган милдеттемелерди так аткарууну катуу талап кылабыз. Ошол эле маалда Кыргызстандын өкмөтү менен да иштешип, бул жагынан келип чыкчу кандай гана маселе болбосун чечүүнүн үстүндө ишти улантабыз.

- Борбор Азия Орусиянын күчтүү таасири алдында экени айтпаса да белгилүү. Ушул тапта Орусия Украинадагы согуш менен алек болуп жатат. Мындай шартта чөлкөмдөгү Кытайдын ролу өсүп, таасири артат деп күтсөк болобу?

- Кошмо Штаттар Борбор Азиянын өлкөлөрү менен өнөктөштүктүн келечеги кең экенине көнүл бурат. Президент Байдендин администрациясы саясий, экономикалык жана аскердик кызматташтыкты мындан ары дагы өркүндөтүүнү көздөйт. Президент Байден менен мамлекеттик катчы Блинкен Борбор Азия регионун абдан жакшы билет. Алар соңку 30 жылда Кошмо Штаттар менен чөлкөмдүн өлкөлөрү ортосунда өнөктүштүктү чыңдоого салым кошуп келет. Биздин алака-мамиле региондогу башка “оюнчулар” – Орусия менен Кытай эмне кылып жатканына көңүл буруу эмес. Алардын өз жолу бар. Дүйнө жүзүндө жалпыбыз туш болуп жаткан көйгөйлөрдү эске алганда, биздин өнөктөштүк мамилебиздин мааниси артып баратат жана аны мындан дагы бекемдөөгө кызыкдар экенибизди белгилегим келет. Биздин максат ушул.

- Учурдагы геосаясий кырдаалда Вашингтондун кызыкчылыгы өзгөрдүбү?

- Жок, биздин кызыкчылыктар ондогон жылдар бою өзгөргөн жок. Соңку жылдары биздин администрация региондогу дипломатиялык алка-катышты чыңдоонун устүндө ургаалдуу аракеттендик, жалпы максатка жетүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачылганын көрүп турабыз. Дүйнө өзү татаалдашып баратат жана бул бизге тыгыз кыматташтыктын мааниси канчалык экенинен кабар берет.

Бүгүнкү күндө экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү, саясий мүмкүнчүлүктөрдү, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, кыргыз-америка коомун бирине бирине жакындатуу деген багытта алгылыктуу иш алып баруубуз абзел. Кыргызстандын гана эмес, жалпы чөлкөмдүн өлкөлөрү менен алгылыктуу кызматташуунун мааниси артык экенин белгилейм.

- Эми карапайым элди түйшөлткөн суроону берсем. Жыл сайын миңдеген киши АКШда туруктуу жашап иштөөгө жол ачкан грин-карта алууга катышат. Алардын көбү Американын визасын ала албай убайым жешет. Вашингтон ушул жараянды жеңилдетүүгө жардам бере алабы? Кыргызстандыктардын АКШга барып, ээн-эркин иштөөсүнө дагы кандай көмөк көрсөтө аласыңар?

- Глобалдык саясатка келгенде Кошмо Штаттардын артыкчылыгы – төгөрөктүн төрт бурчунан түрдүү адамдар бул өлкөгө келүүнү самашат. Алардын айрымдары биздин өлкөнү көрөм десе, башкалары жакшы жашоо издеп келет. Бул АКШнын өнүгүшү үчүн дагы маанилүү. Андыктан биз адамдарга виза алуунун түйшүгүн колдон келишинче жеңилдетүүгө аракеттенебиз.

Ооба, виза алабыз деп бир топ киши кыйналып жатканынан кабарыбыз бар. Мамлекеттик департаментте система өтө жай иштеп жатканы тууралуу угуп калабыз. Биздин дүйнөнүн ар кыл жериндеги, анын ичинде Кыргызстандагы элчиликте иштеген кесиптештер тиешелүү документтерин тапшырып, виза алып, Кошмо Штаттарга келем дегендерге жардам берүү үчүн иштеп жатышат. Мамлекеттик катчы Блинкен дагы бул ишке артыкчылык берип, көңүл бурат. Айтайын дегеним, биз адамдарга виза алып, Кошмо Штаттарга келип-кетүүсүнө же болушунча ыңгайлуу шартта иштеп калышына жол ачууда болгон мүмкүнчүлүктү түзүүгө аракеттенебиз.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG