Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Кемпир-Абад иши: сот чечими өзгөргөн жок


Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйындан кийин 23-24-октябрда кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасы 9-ноябрдан тартып Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

9-ноябрда саат 9да адеп Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын бөгөт чарасы каралды. Шаардык сот эки айга камакка алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Ага ылайык 63 жаштагы Гүлнара Журабаева 20-декабрга чейин камакта болот.

Адвокат Бакытбек Автандил уулу сот тергөөнүн жана прокурорлордун мыйзам бузууларына көңүл бурган жок деп эсептейт:

"Соттор тергөөнүн жана прокурорлордун процесуалдык мыйзам бузууларына көңүл бурбай туруп ушундай чечимге келгени таң калтырып жатат. 63 жаштагы аялды эмнеге кармап отурат, кандай зарылчылык бар? Айыптоонун өзү абсурд... Айрым каналдардан Журабаеванын үнү жарыяланып жатат. Ал жерде эч кандай кылмыштын курамы жок. Анткени ал Кемпир-Абад маселеси боюнча актуалдуу маалыматтарды элге жеткиришибиз керек деп жатат. Ошол жерде жети жылдан 10 жылга чейин камап жибере турган кылмыштын курамы болсо анда бардыгын эле камай бербейби бийлик", - деди жактоочу Бакытбек уулу Автандил.

Андан кийин саат 11:20да активист Таалай Мадеминовдун да бөгөт чарасы каралып, райондук соттун аны эки айга камаган чечими күчүндө калды.

Ал эми "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, жарандык активист Али Шабдандын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин алгач кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, андан кийин бөгөт чарасы боюнча чечим чыкты. Сот аларга карата дагы жогорудагыдай эле чечим кабыл алды.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Атай Бейшенбек сот залында президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

"Мен тараптан бир дагы чакырык болгон эмес. Мен керек болсо айып коюлуп жаткан комитетте мүчө эмес болуп жатсам, кафедеги чогулушка барбасам деле мага башаламандык уюштуруу айыбын коюп жатат. Урматтуу Садыр Нургожоевич (Жапаров - ред.) эсиңиздерде болсо керек, башаламандыктын коюлган айыбы кандай болуп чечилгени. Биздин дагы ишти окуп коюңуздар".

Шаардык сот Атай Бейшенбектин адвокаттарынын өтүнүчтөрүн четке кагып, жарандык активистти 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Ал эми президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Айбек Бузурманкуловдун жана Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын тарапташтары шаардык соттун алдында нааразылык акциясын өткөрүп, "саясий туткундарды" бошотууну талап кылышты.

Бишкек шаардык соту Клара Сооронкулованын “кармалышы мыйзамдуу болгон” деген тыянак чыгарды. Сооронкулованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызы эртең, 10-ноябрда каралмай болду.

Ал эми Айбек Бузурманкуловго чыккан райондук соттун чечими күчүндө калганы белгилүү болду. Буга чейин ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына 20-декабрга чейин камалган.

Активисттин жубайы Толгонай Солтонова сот жараянын кысым катары баалады:

"Айбек Бузурманкулов мыйзамсыз кармалып турат. Ушуга чейин тергөө иштери жүрүп же экспертиза болгон жок. Бул бийликтин кысымы".

Бирок буга чейин президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде жапырт камалгандардын ишине укук коргоо органдары баа берерин, президент катары сот процессине аралаша албай турганын айткан.

“Ал эми камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылуу – алардын түздөн-түз милдети. Алар өз ишин так аткарып атышат. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай”, - деген президент Жапаров.

Сотко катышкан мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөргө карата тергөө жүрүп жаткандыктан алардын камакта калышын негиздүү деп эсептешерин билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков "Азаттыкка" комментарий бергенде абактагы жаш блогерлер тууралуу мындай деген.

"Жаштарга айтаар элем, эмнеге алар "карт бөрүлөрдү" ээрчип кетишкен? Алар Брежневдин убагынан бери келатышат, аянтта жүрүшөт. Убагында бийликте болушту, жыргаткан эмес. Алар бийликке орустар айткандай "любым путём" баратышат. Аянтка эч ким топтолгон жок. Эмне үчүн? Жаш блогерлер жаман болгону үчүн эмес, жамандарды ээрчигени үчүн".

Ал эми эл аралык укук боюнча адистермындай жапырт камоолор менен сөз эркиндигине жасалган басымдар Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги көрсөткүчтөрүн төмөндөтө турганын эскертип келишет. Алардын бири - юрист Таттуубүбү Эргешбаева.

"Эл аралык майданда биз демократиялык рейтингде, коррупцияны жоюу, ачык өлкө, адам укуктарын сактоо, сөз эркиндиги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында жогору турчубуз. 2020-жылдан бери рейтингде 5-6 баскычка түшкөнбүз. Эми 2022-жылы дагы ылдыйласак, анда мындан ары өзгөчө бийликте, саясий кызматта отурган адамдарга карата санкциялар болушу мүмкүн. Андан ары экономикалык санкциялар болушу мүмкүн. Саясий климат башка багытта, мамлекеттик программаларда каралгандай аткарылбаса, анда анын жыйынтыгы саясий-дипломатиялык начар жыйынтыктарга алып келет. Андан тышкары, бизде экономикалык мүмкүнчүлүктөр азайышы мүмкүн", - деди Таттуубүбү Эргешбаева.

Сот дагы уланат...

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасы 10-11-ноябрда да каралат:

Равшан Жээнбеков (саат 09:00да), Улугбек Маматаев (09:45), Рита Карасартова (09:00), Акыл Айтбаев (15:00), Бектур Асанов (16:00), Марат Баязов (16:00), Ерлан Бекчороев (17:00).

11-ноябрда карала турган иштер:

Айданбек Акматов (саат 09:00да), Жеңиш Молдакматов (11:00), Асия Сасыкбаева (17:00).

Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бир катар укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбесин айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалап жатат.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды тез арада бошотууга чакырды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG