Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Кемпир-Абад иши: абактагы Асанбековдун абалы начарлады


Нурлан Асанбеков.
Нурлан Асанбеков.

Кемпир-Абад маселесинен улам массалык башаламандык уюштурууга шек саналып камалгандардын бири Нурлан Асанбековдун кан басымы төмөндөп кеткени кабарланды. Укук коргоочулар анын саясатка тиешеси жок экенин белгилешип, турмуш-шартын эске алуу менен тез арада бошотууну суранышууда.

Нурлан Асанбеков абалы начарлап кеткенине карабай, ачкачылык акциясын улантууда. Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов абакка кирип, аны менен жолугуп чыккандан кийин "Азаттык" радиосуна буларды билдирди.

"Мен киргенде Нурлан Асанбеков ачкачылыгын улантып жатыптыр. Өзүнүн айтымында, ачкачылыкты 1-ноябрда кармай баштаган. 1-2-ноябрда суу ичиптир, 3-ноябрдан тартып наар ала электигин айтты. Кан басымы да төмөндөп кетиптир. Ал мындай кадамга өзүнө көӊүл бурдуруу максатында барып жатканын айтты. "Саясат менен эч ишим жок, куруучумун, болгону Равшан Жээнбековдун курулуш иштерине байланыштуу аны менен тез-тез байланышып тургам. Кафедеги жыйынга катышкан эмесмин" деген пикирин айтты".

Асанбеков акыйкатчынын өкүлүнө тубаса шал оорулуу кызын жана карыган апасын жалгыз өзү багарын, банктан ири суммадагы кредит алганын айтып, эркиндикке чыгууга жардам берүүнү суранган.

Башаламандык уюштурууга шек саналып жаткан Нурлан Асанбеков 1-ноябрдан тартып ачкачылык жарыялаганы кабарланган. Бирок Жаза аткаруу кызматы айыпталуучу 4-ноябрдан баштап ачкачылык акциясын баштаганын маалымдоодо.

7-ноябрда Асанбековдун абалы начарлап, аны №1 тергөө абагынан алып кетишкени кабарланган. Бирок Асанбековдун адвокаты Алия Сагитова айыпталуучу ошол эле абакта кармалып турганын, болгону өзүнчө камерада отурганын билдирди.

“Эки күн мурда байланышканда ал ачкачылыгын улантып жатканын айткан. Асанбеков өзүнчө камерага которулган. Дарыгерлер саламаттыгынан эки маал кабар алып жатышыптыр. Ал өзүнө коюлган айыптардын бирине да макул эмес. Күнөөсүз, эч себепсиз камалып отурганы үчүн ачкачылык жарыялаганын айтып жатат”.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Нурлан Асанбеков №1 тергөө абагында экенин ырастады. Бирок шектүүнүн абалы жөнүндө толук маалымат бере алган жок.

Өткөн аптада Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери Нурлан Асанбековго жолугуп кабар алышкан.

Саясат менен иши жок жалгыз бой ата

Нурлан Асанбековду жакындан билгендердин айтымында, ал жалгыз бой ата. Устачылык менен алектенип, тестиер кызы менен улгайган энесинин жалгыз багат.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева анын Кемпир-Абадды коргоо комитетине эч кандай тиешеси жоктугун айтууда.

"Нурлан Асанбеков Равшан Жээнбековдун үйүндө иштеп жүргөн карапайым эле уста. Саясат менен иши да жок болчу. Бирок 23-октябрда анын да үйүн тинтүүгө алышып, өзүн алып барып камап коюшту. Асанбековдун 11 жаштагы кызы, улгайган апасы бар, алардын жалгыз багуучусу. Булардан тышкары дагы майыптыгы бар кызына каралашып турат. Анын Кемпир-Абадды коргоо комитетине эч кандай тиешеси жок".

Нурлан Асанбеков 23-октябрда, үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин кармалган. 24-октябрда Биринчи май райондук соту аны эки айга камаган чечим чыгарган.

Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы камакка алынган башка адамдар менен чогуу 9-ноябрда, Бишкек шаардык сотунда каралары айтылды.

Бүгүн, 8-ноябрь - "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө" да коомдук-саясий ишмерлер, укук коргоочулар октябрдагы жапырт камоолор боюнча бийликке сын айтып, "куугунтуктоону токтотууга" чакырык жасалды.

"Саясий туткун: 1991-2002" деген аталыштагы даректүү тасманын бет ачары өтүп, анда акыркы 31 жылда Кыргызстанда бийликтин куугунтугуна кабылгандар тууралуу сөз болду. Анда сүйлөгөндөрдүн айрымдары 1937-38-жылдардагыдай эч себепсиз жана далилсиз камоолор азыр да уланып жатканын өкүнүү менен белгилешти.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова азыркы бийлик жарандык коом, оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен диалогго барбай жатканын белгиледи. Саясатчы Өмүрбек Суваналиев болсо өткөн тарыхтан сабак алып, куугунтуктарды токтотуу зарылдыгын айтты.

Президент Садыр Жапаров 24-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде жапырт камалгандардын ишине укук коргоо органдары баа берерин, президент катары сот процессине аралаша албай турганын айткан.

“Ал эми камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылуу – алардын түздөн-түз милдети. Алар өз ишин так аткарып атышат. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай”, - деген президент Жапаров.

Ал Кемпир-Абад маселесинде бийлик коомчулук менен болушунча ачык диалогго барганын белгилеген.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө, кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү боюнча “Кемпир-Абадды коргоо” комитети түзүлгөн. 23-октябрдан бери Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалып, камалган адамдардын саны 26га жетти. Алардын ичинде саясатчылар жана активисттер, блогерлер бар.

6-ноябрда “Ата Мекен” партиясынын экс-лидери, Германиядагы Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Элчи Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу түшүндүрмөсүнө байланыштуу суракка чакырылганын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирген.

Башаламандыкка шек саналып кармалган 26 адамдын ичинде "Ата Мекен" партиясынын төрайымы Асия Сасыкбаева, мүчөлөрү Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова да бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG