Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Кемпир-Абад: абактагы айымдарды бошотуу өтүнүчү


Кемпир-Абад иши боюнча камалган Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана массалык башаламандык уюштурууга даярдык деген берене менен Москвадан кармалган Орозайым Нарматова.
Кемпир-Абад иши боюнча камалган Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана массалык башаламандык уюштурууга даярдык деген берене менен Москвадан кармалган Орозайым Нарматова.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту 29-октябрда экс-депутат, жарандык активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакта калтырды. Мунун алдында Нарматова кыргыз милициясынын өтүнүчү менен Москвадан кармалып, Бишкекке жеткирилген.

Ал арада ондогон активисттер, укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды бошотуу өтүнүчү менен бийликке кайрылды.

Орозайым Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренеси (массалык башаламандык уюштурууга даярдык) менен кылмыш иши козголгонун анын курбусу Назира Алибекова "Азаттыкка" билдирди. Ал Нарматовага коюлган айыпты, кармалышын мыйзамсыз деп эсептерин айтты:

"Мен анын ар дайым жанында жүргөн жакын курбусу катары айта алам, Орозайым эч кандай чакырык жасаган эмес. Уюштуруу иштерине аралашкан эмес. Ал жөнүндө бир дагы сөз болгон эмес. Ал болгону өзүнүн жарандык позициясын билдирген. Конституцияга ылайык, ар бир адам жарандык позициясын билдирип, оюн эркин айтууга укуктуу. Орозайымга эл аралык издөө жарыялап, аны Орусиядан кармап кеткени туура эмес. Орусиянын күч органдары аны кармап кеткенде биз бул жактан дагы адвокат жалдаганбыз. Алар дагы анын мыйзамсыз кармалганын айтышты. Орозайымдын эч кандай күнөөсү жоктугун ишенимдүү айта алам жана бул саясий куугунтук экенин баса белгилейм".


Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматованын кармалышы тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек. Аны Москвада орус полициясы кармап кеткени тууралуу 27-октябрда маалымат чыккан жана Бишкекке бир күндөн кийин алып келинген.

Нарматованы кошкондо Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы пикир айтып кармалган аялдардын саны алтыга жетти. Ал арада жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана активисттер баш болгон 80ден ашуун адам бийликке кайрылды.

"Биз Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынында катышуучулар тынчтык митинги тууралуу гана сөз кылганына ишенебиз. Тынчтык жыйындары зомбулук жана курал колдонуу максатын көздөбөйт. Мамлекеттик органдар чогулгандардын диний ишеними, саясий же башка көз карашына карабай, тынчтык жыйындарын сыйлап, аны уюштуруу укугун камсыз кылып, өткөрүүгө тоскоол болбошу керек. Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык ар бир адам кандайдыр бир бирикмелерге кошулууга, коомдук кызыкчылыкты коргоо үчүн өз ыктыяры менен комитет, союз ж.б. уюмдарды түзүүгө укугу бар", - деп жазылган кайрылууда.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы бул кайрылууга азырынча үн ката элек.

"Айтылган сөз үчүн камаган болбойт"

Кайрылууга кол койгондордун бири, Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргынбаев Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынына байланыштуу камоолорду сынга алды.

"Айтылган сөз үчүн эле камай берсе анда "Биз Түркмөнстандан дагы, Түндүк Кореядан дагы ашып кеттик"деп айтышы керек. Айткан сөзүнө байланыштуу камоо Конституцияга дагы, элдин мүнөзүнө дагы туура келбейт. Коркутуу ыкмаларынан алыс болуу керек эле. Аялдар эле эмес, камалгандардын баарына боштондук берилиши керек. Эгер бийлик жерибизди коргойбуз деп чыккандарды, элди ушундай ыкмалар менен жалтак кылабыз дешсе анда терең жаңылышат", - деди Аргынбаев.

Буга чейин президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев камалгандар тууралуу "Азаттыкка" комментарий берген. Анда бийлик диалог түзүү үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатканын айткан.

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

"Биз мыйзамды сыйлаган, укуктук мамлекетти куруунун өткөөл учурларын башыбыздан өткөрүп жатабыз. Мында ушундай мыйзамсыз аракеттер да болуп жатат, кармалган адамдардын "сөзсүз түрдө митингге чыгыш керек, миндеген адам менен буларга көрсөтүшбүз керек" деп сүйлөшкөн сөздөрүн угуп жатасыздар. Андан атайлап башаламандык кылуу аракети түз эле көрүнүп тургандай. Социалдык тармактагы маанайды байкасаң деле пикир жазгандардын 80% ашыгы же басымдуу көпчүлүк башамаландыктын кереги жок, кармалгандар туура болду дегендей мүнөздө болуп турат. Чын эле бизге тынчтык керек, биз дагы мыйзам менен жашаганды, шайлоо менен бийлик алмаштырууну үйрөнүшүбүз керек", - деген Абыкеев.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын пикиринде, соңку камоолордун саясий өңүтү да бар.

Алмаз Тажыбай.
Алмаз Тажыбай.

"Камалган адамдардын арасында бийликке оппозиция болбогон деле адамдар бар. Алар болгону Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин берилишине каршы чыккан, ал тууралуу маалыматка ынанбагандар болгон. Ошондой суроо менен чыккандардын баарын оппозиция кылып, аларга оор берене менен айып коюу туура эмес, мыйзамсыз. Бийлик жарандык коомго ушундай жапырт басым кылганы 30 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. Акылга сыйбаган нерсе болду".

Президент Садыр Жапаров жапырт камакка алынган саясатчыларга жана активисттерге байланыштуу 24-октябрда комментарий берген.

"Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде ал саясатчылар жана активисттер менен буга чейин да сүйлөшкөнүн, Кемпир-Абадга байланыштуу маселени түшүндүрүп бергенине карабай, майнап чыкпаганын билдирген. Президент камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот коерун айткан.

"Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам", - деген президент Жапаров.


Деген менен талдоочу Төлөгөн Келдибаев камалгандарга коюлган айыпты сотто далилдөө үчүн ынанымдуу далилдер керек болоруна токтолду.

"Юрист катары айта турган болсом аларды камоого негиз болгон далилдер жетишпейт. Кылмыш иши козголгону менен ал иштер сотто далилденбей калышы мүмкүн. Камагандан мурда күч органдары, УКМК Азимбек Бекназаров баш болгон саясатчыларга, аялдарга, эркектерге деле эскертүү берип, ошону менен гана чектелиши керек эле. Бөгөт чарадагы эң акыркы вариант - бул камоо, бул чара өтө оор кылмышкерлерге, качып кетиши мүмкүн болгондорго, мурда бир канча жолу соттолгондорго колдонулат. Тергөө маалында үй камагына эле кое берип койсо болмок. Сот адилеттиги бар болсо анда камакка албоо чарасы тандалып алынат эле".

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда камалган.

Милиция алар Кылмыш кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Башаламандыкка шек саналып жаткандар дооматтардын баарын четке кашып келишет.


Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG