Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Апта: Кемпир-Абад боюнча жабык жыйын, ачык жүрүш


Коллаж.
Коллаж.

Бул аптада президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер Өзбекстан менен чек ара тактоо маселеси боюнча түшүндүрмө берип, жарандык активисттерди, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен жыйын курду. Жыйын кызуу талкуу менен коштолуп, айрым учурда кайым айтышууга чейин жеткен. Апта соңунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзгөндө жөө жүрүш өттү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу тууралуу кайрадан кабатырланган билдирүүлөр чыгууда. Шаршембиде эки өлкөнүн Чек ара кызматтары кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат деп бири-бирин айыптады.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунда жарык дүйнөгө келди.

Узап бараткан аптадагы урунтуу окуяларды талдап, "Азаттыктын" бир апта ичиндеги кызыктуу берүүлөрүн эске салабыз.

Чек ара тактоо: Жабык жыйындагы ачык суроолор

Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегинде талаш-талкуулар соңку эки аптадан бери кызуу жүрүүдө. Бийликтин чек ара тактоо Кыргызстандын пайдасына чечилүүдө дегенине карабай суу сактагыч жайгашкан 4485 гектар жердин Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыктар айтылып жатат.

Бирок кыргыз бийлигинин Өзбекстан менен чек ара тактоо маселеси кол коюуга багыт алып калды көрүнөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келерин кабарлады. Азырынча сапардын мөөнөтү так айтыла элек.

20-октябрда президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан өкүлдөрү менен жолукту. Өкмөт үйүндө өткөн жыйында видео, сүрөт жана үн жаздырууга тыюу салынды. 200гө чамалуу жарандык активист чакырылып, кызуу талкуу менен коштолуп, айрым учурда кайым айтышууга чейин жетти дейт жыйынга катышкан кабарчыбыз.

Президент Жапаров жыйындын жабык өтүп жатканынын “сыр сактай турган маалыматтар бардыгы” менен түшүндүргөн. Берилген суроолорго президент Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берген.

Экөө тең “жер берилди, сатылды” деп жалган маалымат таратпоого чакырып, Кыргызстан алып жаткан 19 миң 699 гектар жердин көпчүлүгү Өзбекстанга таандык болгонун айткан. Анын ордуна Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычындагы 4485 гектар жерди берип жатканы белгиленген.

Жапаров айрым саясатчы, активисттерди “ал жерлердин жердин картасын, документтерди көрбөй туруп жалган маалымат таратып жатат” деп сынга алган. Ал Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагы 1961-жылы Өзбекстанга өткөрүлгөнү жөнүндө документтер бар экенине токтолуп, “аны көрбөй туруп эле 2016-жылдары ал жер Кыргызстандыкы деп айтып чыккандардын арасында Ташиев да болгонун” мисал тарткан. "Эми жаңы келишим менен бул аймак Кыргызстанга толук өтүп жатат" деген президент.

УКМК төрагасы Ташиев “оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров чек ара боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын” белгилеп, ал суракка чакырыларын айтканын жыйынга катышкандардын айрымдары Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Эртеси күнү Бекназаров 20-октябрда УКМКга чакыртылганын “Азатыкка” ырастады.

"Мени “төрага өзү сиз менен жолуккусу келип жатат, суу чарба адистери да келишти" деп алып барышты. Саат 12де баргам, саат төрттө кое беришти. Президент менен жыйынга барбасын деген маанайда эле кармашты, анткени ал жыйынга да өздөрү чакырып, "келип бериңиз" дешкен. "Макул, барам" дегем. Эч кандай сурак болгон жок, чай ичип отурдук. "Мына келип калат" деп атышып, кеч болду", - деди Бекназаров.

Мунун алдында Бекназаров видео кайрылуу жасап, “Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун” айткан.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирди.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз. 1960-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келди. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле. Эми тарыхый- архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан жер беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат. Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө”, - деди Жапаров.

Кыргыз бийлиги Өзбекстан менен чек араны тактоонун негизинде 19 миң гектардан ашуун жер Кыргызстанга өткөнүн жарыялады. Ал жерлердин таржымалын төмөнкү макаладан окуңуз:

Кемпир-Абадга байланыштуу маселеден улам парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы алмашты. Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгын чакыртып алуу боюнча сунушка Жогорку Кеңештин 43 депутаты макул болсо, 16сы каршы добуш берген.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы чыккан.

"Комитет төрагалары кандай дайындалса, ошондой эле алып коюп жатат. Мен жыйынды регламенттин негизинде өткөрдүм. Сабатсыздык дагы болду, кагаздар бизге туура эмес берилди. Бул менден көз каранды эмес. Депутаттардын бардыгы күбө болду. Мен көп нерселерди жарыялай албайм. Анан депутаттардын өзүнө маалымат берем. Бирок тарыхый кагаздарга карасак, ушул суу сактагыч Кыргызстандыкы. Биз өткөрүп бергенбиз деген бир дагы кагаз жок. Мен регламенттин негизинде алып бардым. Калганы депутаттардын чечими менен болду. Жоопкерчилик баарыбызда. Эгер маселе ушунда чыкса каршы болгон депутаттар ушул чечимге кол койсун", - деди Айдарбеков.

Айрым депутаттар комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Айдарбековду айыптап, "саясий ката жана Жогорку Кеңештин ишине саботаж" деп баалашты. Муну кылмыш деп атагандар да болгон.

20-октябрда Улан Примов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Өзбекстандын чек арасы Кыргызстандын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары аркылуу чектешет. Чек араны аныктап, тактоо иштери 2000-жылдары башталып, 2017-жылга чейин чөлкөмдөгү курч маселердин бири болуп келди. Эки өлкө региондогу суу-энергетикалык ресурстары боюнча пикир келишпей, чек арада чыр-чатактар көп катталчу. Соңку беш жылда чек ара тактоо боюнча иштер жанданган.

Баткен: чек арадагы чыңалуу

Ал тапта Кыргызстан дагы бир коңшусу Тажикстан менен чек ара маселесинде оор сыноого кептелди. Өткөн айдагы куралдуу кагылыштан кийин Баткенде дале чыңалган абал сакталууда.

19-октябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат деп бири-бирин айыптады. Эки тараптын чек аралаш аймактарындагы шектүү кыймыл-аракеттер тууралуу жергиликтүү тургундар да байма-бай билдирип, коркунучтун алдын алууну бийликтен суранып жатат.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Тажикстан 25-сентябрдан тартып чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатканы жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган учурлар катталганы тууралуу билдирүү жарыялады.

19-октябрда таркатылган бул билдирүүгө далил катары сүрөттөр жана видеотасмалар тиркелген.

Анда “Тажикстан чек арага жакын аймактарга аскерлерин жана техникасын топтоп, бул үчүн “Тез жардам” машиналарын колдонуп, “Головной” деген жердин тушуна жарандык автомашиналар менен ок-дары ташып барып, “жалданмаларды даярдоо жана ок-дары топтоого мечиттерди пайдаланып жатканы” белгиленген.

Андан мурдараак тажик бийлиги Кыргызстанды "чек арадагы кырдаалды курчутууга багытталган аракеттерди көрүп жатат" деп айыптаган. Коңшу өлкөнүн Чек ара аскерлеринин Согд облустук башкармалыгынын мындай өңүттөгү билдирүүсүн 19-октябрда улуттук “Ховар” агенттиги тараткан.

21-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

УКМКга караштуу Чек ара кызматынан кабарлагандай, жыйында Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды болтурбоо үчүн бардык аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөр саясий-дипломатиялык жол менен, сүйлөшүүнүн негизинде чечилиши керектигин айткан.

"Чек ара маселеси эки мамлекеттин кызыкчылыгын козгойт. Ошондуктан буга байланыштуу ар кандай даражадагы чиновниктер дагы, катардагы жарандар дагы чек арадагы кырдаалдын курчушуна өбөлгө боло турган шашылыш билдирүүлөрдү жасабашы керек. Бүгүнкү күндө баарыбызга, Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык, стабилдүүлүк, эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү керек", - деген Ташиев.

Эки коңшу бири-бирин чек ара аймактарына курал-жарак топтоого айыптап жаткан маалда коргоо министри Бактыбек Бекболотов Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кыргыз-тажик чек арасына аскер күчтөрүн жайгаштырууну сунуштаганын жарыялады.

Бул тууралуу министр Бекболотов ЖККУнун Баш катчысы Станислав Заска сунуш кылганын билдирди.

"Мен ага кыргыз менен тажиктин ортосунда арачы турбаса тынчтык болбосун айттым. Анткени ар кимисинин өз чындыгы бар. Маселен, ошол эле ЖККУнун чакан күчтөрү эки өлкөнүн чек арасындагы талаштуу тилкелерге жайгаштырылып, ага үч милдет жүктөлүшү керек. Биринчиси - ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө, экинчиси - оор аскердик техникаларды мамлекеттик чек арадан алып кетүүнү көзөмөлдөө. Ушул эки милдетти аткарган соң кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларын делимитациялоо боюнча кийинки саясий милдетти да аткарышы зарыл".

Норвегиянын Хельсинки комитетинин саясий кеңешчиси Ивар Дале "Азаттыкка" курган маегинде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу демилгеси боюнча пикирин билдирди:

“Менин пикиримде, бул абдан акылга сыйбаган идея. Бул Кыргызстандын да, Тажикстандын да кызыкчылыгына каршы келген жаңжалдын “тоңдурулушуна” гана алып келет. Ошол чет элдик аскерлер чөлкөмдөгү кырдаалды жакшы түшүнүшпөйт. Менимче, жаңжалдын ырбашына, узарып кетишине салым кошушу ыктымал”.

Өткөн аптадагы Астанадагы үч тараптуу жолугушууда Орусиянын президенти Владимир Путин кыргыз-тажик чек ара талашын жөнгө салууда Москванын колунда эки өлкөнүн өзүндө жок, ишенимдүү документтер менен карталар бар экенин айткан.

19-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын чечүү маселесинде Орусиядагы карталар карала турганын айтты:

“Москвадагы мамлекеттик архивдерде сакталып турган союз убагындагы карталар, материалдар республикалар арасында жер бөлүштүрүү боюнча чечимдердин түп нускалары көтөрүлүп каралат. Аларды тастыктап беришсе, кыргыз-тажик чек арасы боюнча да макулдашууларга бир кадам жакындамакпыз. Биз тынчтыкты сүйгөн мамлекетпиз. Бардык маселени тынчтык жолу менен сүйлөшүп бүтүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди Жапаров.

Кремлдин башка жаңжалдарга арачылыгы ийгиликтүү болбогонун эске алганда Москва Бишкек менен Дүйшөмбүнү элдештире алабы? СССРдин мураскери болгон Орусияда кандай материалдар сакталып калышы мүмкүн? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" программасы ушул темага кайрылды:

Босогодо кыш: чек арадагы үйлөр качан курулат?

Шаршембиде Министрлер кабинети Баткенди калыбына келтирүү жана күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берди. Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Баткенде турак жайы жарыксыз болуп калгандарга суук түшкөнчө үйлөрүн куруп берүү аракети көрүлүп жатканын айтты. Айрым депутаттар иштер жай жүрүп жатканын сынга алышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен районунда чек ара чырында зыян тарткан 321 үйдүн 134ү боюнча иштер аткарылганын, 21 турак жайдын пайдубалы түптөлгөнүн айтууда. Ал Лейлек районундагы 101 үйдүн ичинен 49ун куруу жумуштары башталып, Баткендеги 203 турак жайдын орду тазаланып жатканын билдирди.

Куралдуу кагылышта Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдош керек. 14 мектеп, беш саламаттыкты сактоо мекемеси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева калыбына келтирүү иштери начар жүрүп жатат деп сынга алды.

“Баткен облусунун макамы жөнүндө” деген мыйзамдын эле аткарылышын алып көрөлү. Президенттин жарлыгы чыгып, 500 млн. сом бөлүнгөн. Анын бир сому да иштетилген жок. Лейлек районуна 125 млн. сомду согуштан кийин ызы-чуу кылган соң гана берди. Жобосу да жок. Акимдер аны эмне кылышты билбей отурат. Мына, өкмөттүн иши. Согуштан кийин уюштуруу иштери да болгон жок. Социалдык тармакты тейлеген орун басары (ред: Министрлер кабинетинин төрагасынын) ошол жерге барып жатышы керек эле. Элге эле убал болду. Кыш болсо келатат. Борбордук айылында 16 үйдүн ордун казып эле коюшту. Социалдык объектилер жылбай турат”.

Бул тууралуу төмөндөгү макаладан окуңуз:

Кыргыз-тажик чек арасындагы оор абалга карбай аткезчилик жол ​менен жүк ташыгандар тыйылбай жатат. Жергиликтүү тургундар кимдир бирөө калкалабаса, бул мыйзамсыз иш токтомок деп нааразы болууда. Апта башында Кыргызстандын коопсуздук кызматы чек арадан 2 млн. 750 миң АКШ долларын Тажикстандан мыйзамсыз алып кирген жарандарды кармады.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны төрөлдү

Эми аптанын эң кубанычтуу окуясына токтололу. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны төрөлдү. Аны жарык дүйнөгө алып келген Айжаркын Сыраждинованын төртүнчү перзенти.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын калкын 7 миллионго жеткирген ымыркай Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлдү. Президент Садыр Жапаров наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады жана балага өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Өлкө калкынын саны жети жылда 1 миллионго көбөйдү.

Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат.

  • 6 миллионунчу кыргызстандык Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында жарыкка келген.
  • 5 миллионунчу кыргызстандык Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда Бишкекте жарыкка келген
  • 4 миллионунчу жаран Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунда төрөлгөн.

Адистердин айтымында, калктын санынын өсүү темпи эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында начарлап кеткен. Өлүм көбөйүп, калктын социалдык-экономикалык абалы төмөндөп, миграциядан улам төрөттүн саны кыскарган. 2000-жылдан тарта демографиялык абал турукташа баштаган.

Орусияда мигранттарга көзөмөл күчөйт

Кыргызстандын жети миллионго жеткен калкынын бир миллиондон ашууну Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Бул аптада Орусияда мигранттарга көзөмөл күчөп, рейддер башталганы кабарланууда.

Орусиянын бийлиги жыл соңуна чейин миграциялык мыйзамдарды өзгөртүп, бул жаатта көзөмөлдү күчөтөрүн жарыялады. Мигранттар жыш жашаган жерлерде жапырт рейд өтө турганы маалымдалды.

Мунун баары Украинадагы согуштан кийин качкындар, жер которгондор көбөйгөнү менен түшүндүрүлүүдө. Адистер муну аскердик мобилизациянын бир ыкмасы катары мүнөздөп жатышат.

“Бул улуттук белгисине карата аңчылык башталат деген сөз. Адамдарды көзү көк, чачы сары болбогону үчүн гана куугунтукка ала баштайт. Мындан башка нерсе айтуу мүмкүн эмес. Мындай рейддер азыр деле жүрүп жатат. Кечээ болгон, бүгүн болду, эртең да болот. Мага күнүнө кармалган жүздөгөн адам кайрылып жатат. Мага адатта бирден-экиден киши кайрылбайт, кеминде 10-15 киши кайрылат. Болбосо бир кайрылганда 100-150гө чейинки адамдар чогуу арыз менен кайрылып, жардам сурашат”,-деди Мигранттарга акысыз жардам көрсөткөн орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик “Дождь” телеканалына курган маегинде.

Бул тууралуу кеңири маалыматты төмөндөгү макаладан окуңуз:

Сыртта иштеген кыргызстандыктар жыл сайын мекенине 2 миллиард доллардан ашык каражат которушат. Бул өлкө бюджетинин үчтөн бирин түзүп, экономиканы туруктуу кармоого салымын кошуп жатканын адистер белгилеп жүрөт. Ал тапта Кыргызстанда тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өскөнү белгилүү болду.

“Кымбатчылык айланы кетирди”

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6% өскөнүн жарыялады. Бул дүйнөлүк кризистин капшабы жана импорттук товарлардын чыгымынын көбөйгөнү менен түшүндүрүлүүдө.

Кымбатчылык ириде өп-чап турмушта жашаган үй-бүлөлөргө чоң сокку урууда.

Статком маалыматына ылайык, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында тамак-аш азыктары менен алкоголсуз суусундуктар 12,4%, азык-түлүктөн башка товарлар 7,6%, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 6,6% өстү. Расмий маалыматтар көрсөткөндөй, керектөө товарларынын баасы март айынан бери туруктуу өсүп келет.

Жеткирүүчүлөр жана дистрибюторлор ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева импорттук тамак-аштардын баасы 20 пайыздан 70 пайызга чейин кымбаттаганын белгилейт. Буга бир жагынан товардын баасынын түз кымбаттагыны себеп болсо, экинчи жагынан валюта курсу түрткү берген.

Баалардын өсүп жатышынын себептери, кесепети, кандай чаралар көрүлүп жатканы боюнча төмөндөгү макаладан окуңуз:

"Азаттык" "Арай көз чарай" талкуусунда өлкөдөгү баа, анын ичинде, тамак-аштын, кызмат көрсөтүүнүн акысы, инфляция жана кымбаттоо тууралуу сөз кылды. Улуттук статистика комитети чыгарган жашоо минимуму 7242 сомду түздү. Ошол эле маалда азык-түлүк корзинасы 5738 сом деп эсептелүүдө.

Баалар өсүп жаткан чакта Бишкек мэриясы борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрүү сунушун көтөрдү. Ага ылайык автобус, троллейбуста жол кире акысы 15 сомго, кичи жана жеке менчик автобустарда 21 сом, кечки саат 21:00дөн кийин 32 сомго көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылууда.

Ал ортодо тургундар коомдук транспортко байланыштуу нааразылыктарын айтып жатышат. Бишкек шаарынын коомдук транспорт көйгөйү көп жылдардан бери чечилбей келет. Мэрия мезгил-мезгили менен жол кирени кымбаттатып, шаарга жаңы үлгүдөгү автобустар келерин айтып келет. Бирок абал өзгөрө элек.

Бул көйгөйдү “Азаттык” сүрөт баяндама аркылуу чагылдырды:

Эркин медиага опуза күчөдү

Кыргызстанда тогуз айдын ичинде “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен 25 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 23 иш социалдык тармактардагы билдирүүлөр боюнча ачылган. Мындай айыптар көп учурда бийликти сындаган активисттер менен блогерлерге коюлуп жатат. Алардын айрымдары учурда камакта. Медиа эксперттер сөз эркиндигине коркунуч күчөп, өлкөдө мыйзам үстөмдүгү сакталбай калган учурлар кездешип жатканына көңүл бурууда.

Бул тууралуу төмөндөгү макаладан окуңуз:

Ал тапта “Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды. Териштирүү алкагында уюштурулуп жаткан бул экспертизанын жыйынтыгы эки аптада чыгары айтылды.

13-октябрда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышкан.

Алардын журналисттерди коркутуп-үркүткөнү боюнча "Азаттык Медиа" милицияга кайрылган. Акцияда модератор болгон Илимбек Исраилов “Азаттыктын” жана “Клооптун” журналисттерин тикелей коркутканга чейин барды. Ал ким жана кайсы саясатчылардын колдоосуна ээ? Төмөндөгү видео баянга назар салыңыз:

Коңшулаш Тажикстанда 18-октябрда социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, аткаминерлердин кемчилигин айтып жүргөн журналист жана блогер Далер Имомали 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул маалыматты анын адвокаты Садулло Каюмзода ырастады.

Мындан тышкары, сот аны айып пул төлөөгө милдеттендиргенин журналисттин жакындарынын айткандарына таянып, "Озоди" радиосу кабарлады. Бирок азырынча айып пулдун көлөмү айтылган жок.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) медиа өкүлү Тереза Рибейро тажик бийлигин белгилүү журналист жана блогер Далер Имомалини тез арада бошотууга чакырды.

Рибейро Telegram баракчасына сот өкүмүнө таң калганын жазып, “Тажикстандагы сөз эркиндигине дагы бир сокку болду” деп белгилеген. Ал Имомалинин камалышын кесиптик ишмердигине байланыштырды.

Тажикстанда андан сырткары үч көз карандысыз журналист узак мөөнөткө эркинен ажыратылды. Дагы бир нече блогер шектүү айыптар менен тергөө абагында отурат. Тажикстандык эксперттер мындай жасалма өкүмдөр оппозицияны куугунтуктоого багытталган жаңы ыкмалардын бир бөлүгү экенин эскертүүдө.

"Жанкечти" дрондор тууралуу эмне белгилүү?

Москва соңку он күндөн бери украин шаарларына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруп жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда. Тегеран болсо Москвага дрон сатканын четке кагууда.

Евробиримдик Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн 20-октябрда ирандык үч генералга жана курал өндүрүүчү Shahed Aviation Industries корпорациясына санкция жарыялаган.

Алар - Ирандын куралдуу күчтөрүнүн штабынын азыркы башчысы Мухаммед Хоссейн Багери, логистикага жооптуу Сайед Хожатолла Курейши жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Саид Агхаяни.

Евробиримдик мурдагы тизмеге киргизилген дагы ирандык төрт уюмга санкцияларды узартууга даяр экени айтылды. Бул билдирүүнү Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да кубаттады.

Британия Евробиримдикке удаа эле Ирандын үч генералына жана "Шахид-136" ракетасын өндүргөн ишканага санкция салды.

Кремль да Украинада бир гана орус техникасы колдонулуп жатканын айтууда. Эксперттер Орусиянын согушта Иранда өндүрүлгөн дрондорду колдонуп жатышы "Москвада курал-жабдык таңкыс экенинин далилдейт" деп эсептейт.

Иранда чыгарылган бул учкучсуз аппараттар бутага жетип урунганда жарылып кетет. Андыктан мындай аппараттарды "камикадзе" же "жанкечти дрон" деп атап коюшат. Ал эми Орусияда булар "Герань-2" деген атка конгон.

Бул дрондордун көбү абадан атып түшүрүлүп жатканы менен Киевдин тургундарын чочулатпай койгон жок. Айрым карапайым украиндер аларды өз алдынча атып түшүрүүнүн жолун издешсе, кайсы бири өз билгендерин башкаларга үйрөтө башташты. Бирок, Украинанын Улуттук полициясы жарандарды коопсуздук маселесинен улам мындай кадамга барбоого чакырды.

Бул тууралуу төмөндөгү макалада кеңири сөз болот:

19-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кремль күч менен аннексиялап алган Украинанын Луганск, Донецк, Запорожье облусуна аскердик абал киргизүүгө буйрук берди. Орус армиясы Херсон облусунун көп бөлүгүн февраль айынын соңунда басып алган. Орусиянын бул кадамды эл аралык коомчулук бир ооздон айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган жок. ​

Бул аптада ​Херсон облусунун орусиячыл бийлиги түйүнчөктөрүн көтөргөн тургундарды Днепр дарыясынын сол жээгине көчүрүп жатканы тууралуу кабарлар келди. Жалпысынан жакынкы күндөрү 50-60 миңдей адамды эвакуациялоо пландалганы айтылып жатат. Карапайым тургундарга "украин армиясы Херсонго кирип келатканын, калаа аткыланарын" эскертип жатышат.

Орусия Херсондун элин эмнеге көчүрүүдө? Төмөндөгү видео баяндын көрүңүз:

Балет, күрөш, чет жерден билим алууга умтулган жаштар

Бул аптада Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курамасын кубанычка бөлөгөн окуя болду. Бишкекте үч кабаттан турган жаңы комплекс колдонууга берилди. Анда үч күрөш килеми бар жана 30 кыз бир учурда машыга алат. 35 адамга ылайыкташкан жатакана, машыгууга керектүү шаймандар жана 3-4 орундуу конок бөлмөлөрү, тамактануучу, жуунчу жайлар да каралган.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү буга чейин жеке машыгуу залдарында эркектер менен бирге машыгып, аларга өзүнчө машыгуу залын куруу зарылдыгын спорт адистери, машыктыруучулар айтып келишкен.

Былтыр Токио Олимпиадасынан кийин Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алып, андан соң дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу, Мээрим Жуманазарова алгачкы жолу дүйнө чемпиону болуп, Айпери Медет кызы коло байге алгандан кийин мындай демилге коомчулукта дагы көтөрүлүп, 2021-жылдын 23-октябрында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети Бишкекте кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкесин бөлүп, курулушу башталган.

Баса, спорт эле эмес искусстводо да эл аралык деңгээлде ийгилик жараткан кыздар жок эмес. Ага да назар сала жүрүңүз. "Азаттык" эл артисти, белгилүү балерина, 30 жылдан ашуун өмүрүн искусствого арнаган Айзада Тумакова тууралуу айтып берет.

Ал 25 жыл сахнада бийлеп, белгилүү партияларды аткарса, учурда 70тей жаш бийчиге бул өнөрдүн сырын үйрөтүп келатат.

Тагдыры балет дүйнөсүнө байланган бийчи тууралуу бул жерден көрө аласыз:

Соңку учурда кыргызстандык жаштар чет жактан билим алууга умтулуп, дүйнөлүк ири компанияларда иштеп ийгилик жараткан мисалдар арбыды. "Азаттык+" бул чыгарылышында Америкада билим алган жаштар менен тааныштырат.

Стэнфорддун стипендиясын жеңип алган Малика, келечекте иштей турган технологияларды жасаган Жеңиш, спорттогу жетишкендиги үчүн акысыз билим алган Ратбек тууралуу баяндайбыз:

Ыр дүйнө

Адам турмушун ушунтип кубаныч-кайгы, жаман-жакшы, ийгилик-өксүк коштоп жүрөт белем, айтор, өзүңүз байкагандай апта окуяларын поэзия менен жыйынтыктайлы.

"Ыр жазуу үчүн дагы окуп, өзүңдү өстүрүп турушуң керек, издениш керек. Руминин айтканы бар го "Кандай болсоң - ошондой сүйлө, кандай сүйлөсөң - ошондой бол" деген. Көп адамдар менен сүйлөшүү керек, жакшынын шарапаты, жамандын кесепети деп коёт эмеспи. Ыр жазыш үчүн көп нерсе керек", - деген акын Динара Бейшеналиева менен маекти бул жерден окуңуз:

XS
SM
MD
LG