Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Орусия: мигранттарга көзөмөл күчөп, рейддер башталат


Орусиянын полициясы жана аларды автобустан карап турган мигрант. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын полициясы жана аларды автобустан карап турган мигрант. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын бийлиги жыл соңуна чейин миграциялык мыйзамдарды өзгөртүп, бул жаатта көзөмөлдү күчөтөрүн жарыялады. Мигранттар жыш жашаган жерлерде жапырт рейд өтө турганы маалымдалды.

Мунун баары Украинадагы согуштан кийин качкындар, жер которгондор көбөйгөнү менен түшүндүрүлүүдө. Адистер муну аскердик мобилизациянын бир ыкмасы катары мүнөздөп жатышат.

Путиндин кооптонуусу, Патрушевдин демилгеси

Мигранттарга байланыштуу жаңы чектөөлөр тууралуу кабар Орусиянын Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында айтылды. Анда Москва аннексиялап алган Украинанын төрт облусуна аскердик абал киргизүү маселеси жана Орусиянын өзүнүн ичиндеги миграциялык саясат талкууланды.

Жыйынды президент Владимир Путин өзү ачып, миграциялык абал Орусиянын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн маанилүү экенин билдирди. Ал мунун себебин дүйнөдөгү оор жагдайга байланыштырды.

Владимир Путин
Владимир Путин

“Дүйнөдө кырдаал ыкчам өзгөрүп жатат, миграциялык чөйрөгө таасир эте турган глобалдык жана аймактык жаңы факторлор пайда болууда. Биз бул өзгөрүүлөргө убагында эффективдүү реакция жасап, жаңы реалдуулукту тыкыр анализдөө менен өз жумушубузду жакшыртуубуз шарт. Мында азыркы Мамлекеттик миграция саясаты концепциясын оңдоого туура келет. Ал болуп жаткан жана боло турган потенциалдуу чакырыктардын баарын эске алып, мыйзамдык базаны жакшыртууга негиз болуп берет”, – деди Владимир Путин.

Путин мында “дүйнөдө өзгөрүп жаткан кырдаал” деп саясий жана экономикалык кризистерди, товар жеткирүү чынжырчаларынын бузулушун жана ар кайсы өлкө жарандарынын жер которууларын атап жатат. Бирок мунун баары азыр ал өзү баштаган Украинадагы согуштан улам күчөп жатканы жашыруун эмес. Болгону орус бийлиги каатчылык үчүн айыпты Батыш өлкөлөрүнө коюп келет.

Согуштук кырдаалдан улам Москва аннексиялап алган Крымда жарылуу болду, мобилизацияга тартылган жарандар Орусиянын Белгород облусундагы аскердик полигондо ок чыгарып, кыргын катталды. Бул жана башка окуяларды Кремл теракт деп атап, өлкө ичинде коопсуздук чараларын күчөтө баштаган.

Полигондогу кыргынга айыпталгандар Тажикстандын жарандары экени буга кошумча болуп калды. Анын шылтоосу менен Москва бүткүл чет элдиктерди же мигранттарды текшерүүгө алганы турат.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Путин жетектеген Коопсуздук кеңештин 19-октябрдагы отурумунда кабыл алынган чечимдерди мындайча жарыялады.

Николай Патрушев
Николай Патрушев

“Укук коргоо органдарга жана атайын кызматтарга миграциялык каналдарды теракттарды жана башка кылмыштарды жасоо үчүн пайдаланган эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн аныктоо тапшырмалары коюлду. Мигранттар жыш жайгашкан жерлердеги тартипти камсыздоо үчүн масштабдык иш-чаралар белгиленди. Мыйзамдарга миграциялык көзөмөлдү жана эрежелерди бузган чет элдиктерге жоопкерчиликтерди күчөтүүчү өзгөртүүлөр каралды”, – деп келтирет Патрушевдин сөзүн Кремлдин сайты.

Николай Патрушев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде дүйнөдө учурда 280 миллион мигрант бар экенин белгилеп, бул жылдан жылга өсүп жатканын кошумчалайт.

Ал АКШ баштаган өлкөлөр Ирак, Ооганстан, Ливия, Сирия, Украина сыяктуу мамлекеттердин ички ишине кийлигишкендиктен, Африкадан жана Жакынкы Чыгыштан Европа менен Азияга 28 миллиондой качкын келгенин белгилейт.

Коопсуздук кеңештин катчысы муну менен катар украин жергесиндеги согушту Орусия баштаганын сөз кылбайт. Ошол эле БУУнун санагында орус аскерлери кол салган соң Украинадан 10 миллиондон ашык адам качып чыгып кетти, дагы 10 миллиондой адам өлкө ичинде жер которууга аргасыз болушту.

“Эми Орусияда башка улуттарга аңчылык башталат”

Орус бийлиги тиешелүү миграциялык мыйзамдарды өзгөртүү жыл соңуна чейин уланарын билдирүүдө. Демек, процесс кеминде дагы бир-эки айга созулчудай. Бирок мигранттарга карата рейддер ошондон кийин башталат дегенге болбойт. Адистер текшерүү жана башка чаралар Орусиянын шаарларында азыр деле жүрүп жатканын айтышууда.

Мигранттарга акысыз жардам көрсөткөн орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик “Дождь” телеканалына курган маегинде жаңы киргизилчү чараларды мындайча баалады:

Валентина Чупик
Валентина Чупик

“Бул улуттук белгисине карата аңчылык башталат деген сөз. Адамдарды көзү көк, чачы сары болбогону үчүн гана куугунтукка ала баштайт. Мындан башка нерсени айтуу мүмкүн эмес. Мындай рейддер азыр деле жүрүп жатат. Кечээ болгон, бүгүн болду, эртең да болот. Мага күнүнө кармалган жүздөгөн адам кайрылып жатат. Мага адатта бирден-экиден киши кайрылбайт, кеминде 10-15 киши кайрылат. Болбосо бир кайрылганда 100-150гө чейинки адамдар чогуу арыз менен кайрылып, жардам сурашат. Ал эми экстремисттерди, террорчуларды кармайбыз дегенинин баары жалган. Өзбекстандын, Тажикстандын, өзгөчө Кыргызстандын жарандарына экстремисттик, террористтик кылмыштарга байланыштуу жасалма кылмыш ишин козгоо бизде “салт” болуп калды. Кыргызстандын жарандарына жапырт ушундай беренелер менен жасалма айып тагылганы белгилүү. Быйыл жаңы форма катары Украинанын жарандарына террорчулук боюнча айып таккан учурлар көбөйдү”.

Валентина Чупик мигранттарга карата катаал чаралар бир нече жыл башта эле жанданганын, азыр ал болгону кульминациялык чекке жакындап келатканын кошумчалады.

Орусия. Мигранттарды текшерүү учуру
Орусия. Мигранттарды текшерүү учуру

“Бул бир аз мурдараак башталган нерсе. Ички иштер министрлиги 2019-жылдын октябрында эле Орусия миграциялык концлагерге айланта турган Миграция боюнча концепцияны сунуштап чыккан. Анын алкагында өтө жаман нерселер даярдалып жатат. Маселен, азыр визасыз өлкөлөргө иш жүзүндө визалык режимдер каралганы жатат. Көп өлкөлөрдүн жарандары Орусияда визасы жок 30 күн гана жүрө ала тургандай болуп калат. Эгер адам андан көп убакытка калгысы келсе анда орус тили, тарыхы жана маданияты жөнүндө экзамен берүүгө аргасыз болот. Медициналык кароодон өтөт. Иштегиси келсе, анда чет элдик кызматкерлердин реестрине кириши керек. Ошондо да Эмгек министрлиги бекитип берген вакансияларда гана иштөө укугу болот. Башкача айтканда, бул эмгекти толук делегализация, иш жүзүндө жумуштук кулчулукту киргизүү, мигранттар жумуш берүүчүлөрдөн гана көз каранды болуп калат. Ал башка жумуш берүүчүгө кете албайт, кесибин алмаштыра албайт, бир компаниянын ичинде кызматтык тепкичке көтөрүлө албайт. Мындан сырткары Орусияга кирген адамдар дароо каттоого турушу керек деген чара каралып жатат. Ал ошондой эле ГЛОНАСС системасы аркылуу күзөтүлүп турушу керек. Бул деген дээрлик концлагер эле”.

Чупик мурдараак ага кайрылгандардын 40% Кыргызстандын, 30-35% Тажикстандын, 20% Өзбекстандын жарандары, калганы беларус, украин, азербайжан жана түркмөндөр экенин билдирген.

Мобилизация жана текшерүүлөрдүн күчөшү

Орусия Украинадагы согушта көп аскерлерин жоготуп, кадрдык тартыштыкка кептелгенден кийин толук бир ай мурда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.

Аталышы андай болгону менен кары-жашына жана оору-соосуна карабай миңдеген адамдар аскерге тартылды. Баштапкы эки апта эсебинде эле 200 миңдей адам мобилизация болгон, андан бери сандар дагы өскөнү турган иш.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга иштегени барып, ал жакта жарандык алып калган жүздөгөн мигранттар да аталган өнөктүктүн алкагында аскерге чакырылып жатты. Орус жарандары менен кошулуп алар да сыртка качып чыгып, качпаганы согушка тартылды.

Бул бир эле жарандык алгандардын арасында эмес, паспорт албагандар арасында да маселе жаратты. Себеби, комиссарлар жана полиция алгач ылгабай кармап, жарандыгы барларды мобилизациялап, жарандыгы жоктордон акча алган учурлар катталып турду. Ушул жагдай бүтүндөй мигранттардын үшүн алды.

Москвада иштеген кыргызстандыктарды бири Чыңгыз Ысманов “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду.

Чыңгыз Ысманов
Чыңгыз Ысманов

“Кыргызстан Орусия менен бир катар уюмдарда бир болгону үчүн кыргызстандыктарга бул жакта көп эле жеңилдиктер болгон. Эми мындан ары кандай болот, аны убакыт көргөзөт. Текшерүү иштери буга чейин да болгон, мындан кийин да улана берет. Акыркы эле айларды алсак, чынын айтканда сентябрдан бери рейди күчөдү. Айтайын дегеним азыр жарыялаганга чейин эле башталды. Азыр мыйзамдарга кандай өзгөртүүлөр киргизилеринен кабарым жок, аны көрө жатабыз”.

Сыртынан кебелбес көрүнгөнү менен согуштун фонунда Орусиянын өзүндөгү кырдаал барган сайын оорлоп баратат. Миңдеген чет элдик компаниялар өлкөдөн чыгып кетип, бир катар тармактарда жумуш орундары кыскарган. Көпчүлүк катмары болбосо да мигранттардын бир бөлүгү иш табууда түйшүккө кабылып жатат. Ага кошул-ташыл мобилизация, эми болсо мигранттарга рейд күчөшү мүмкүн болуп турат.

Москвадагы "Мекеним Ала-Тоо" бирикмесинин төрайымы Жамиляхан Бегиева мындай ою менен бөлүштү:

Жамиляхан Бегиева
Жамиляхан Бегиева

“Миграцияга байланыштуу мыйзамдардын көбүн өзгөртөт деп биз да угуп жатканбыз. Коопсуздук кеңешиндеги жыйындан кийин Москвадагы маанилүү объектилерди да кайтарууга алабыз деген кабар чыкты. Жалпы жонунан согуштук абал дагы курчуп кетиши мүмкүн же кандайдыр бир чабуулдар болушу мүмкүн деген да кооптонуулар жок эмес. Мен өзүм көрүп-билгенден эле Москвада бомбадан баш калкалоочу жайларды даярдап жатат. Ушул жана башка жагдайлар тынчсызданууларды ансайын күчөтүп жатат. Негизи абал жакшы эмес. “Бирөөнүн жеринде султан болгуча, өз жериңде ултан бол” деп калышат эмеспи. Азыркы кырдаалда бул дагы да ачык көрүнүп калды окшойт. Мен билгенден бул жакта үй алып алгандардын көбү сатып, Кыргызстанга биротоло кайтып жатат. Баары эмес албетте, мен өзүм билген чөйрөнү айтып жатам. Ипотекага байланып калгандар, мектеп, бала бакча, жумушуна байланып калгандар гана жыла албай калууда. Кетпегендер “эл эмне болсо, биз да ошолбуз” деп жүрөт окшойт. Кырдаал канчалык олуттуу экенин түшүнбөгөндөр да бар”.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсеп менен орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чукул.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG