Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Орусия абактагы мигранттарды согушка тартууда


Иллюстрация.
Иллюстрация.

14-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизациялоо эки жумадан кийин жыйынтыкталарын, жалпысынан ага 220 миң адам тартылганын билдирген.

Ал арада Орусияда иштеп жүргөн борборазиялык мигранттар армияга чакыруу кагазын ала баштаганы белгилүү болду. Тагыраак айтканда, Орусиянын абактарында жаткан өзбекстандыктардын жакындары аларды согушка тартууда ар кандай ыкмалар, анын ичинде кыйноо да болуп жатканын айтышууда.

Орусияда Өзбекстандын жаранына кагаз келди

Өзбекстандык Сирожиддин Набиев Орусиядан Украинадагы согушка тартылгандардын бири. Анын жашы мобилизациянын талабына туура келгени менен орус жарандыгын албаганын айтууда.

"Эртең менен сыртта күн ачык экенин көрүп, жуунуп, сейилдеп чыгайын деп ойлогом. Бирок апам чалып, “президенттин буйругу менен аскерге чакыруу кагазы келиптир” деди. Мен түшүнбөй турам, алар Өзбекстандын жаранына кантип чакыруу жөнөтөт?”.

Орусиялык укук коргоочу Ольга Романова "Вагнер" менчик аскердик компаниясы Украинадагы согушка чет элдиктерди тартып жатканын өзүнүн Телеграм-каналына жазды.

Ага Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткан Беларустун, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Азербайжандын жарандары Украинадагы согушка тартылып жатканы тууралуу маалымат түшкөнүн айткан.

"Эч кандай акча, компенсация маселеси жок. Өткөн аптада Ярославлдагы абактарда Өзбекстандын төрт жараны сабалган. Алар чет элдиктер. Ал эми бүгүн кечинде Башкырстандагы өзбектердин туугандары мага кайрылышты. Аларды алып кетишиптир. Бизге Өзбекстандын элчилигинен "биз алар менен байланыштабыз" деп кат жазышты. Эй, Азербайжандын, Кыргызстандын, Тажикстандын элчиликтери, эмне үчүн силердин жарандарыңар украиналыктарды өлтүрүүгө кетип атат, кызыгып көрбөйсүңөрбү?".

"Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө" Федералдык мыйзамдын 15-беренесинде "Чет элдик жарандар аскердик кызматка (альтернативдик кызматка) чакырылбайт" деп так жазылган.

Ушул эле берененин 2-бөлүгүндө чет элдиктер Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө келишимдин негизинде гана кабыл алынышы мүмкүн экени айтылат.

"Инимди согушка барасың деп камерада сабап атышат"

Соңку айларда абактарда, колонияларда жана убактылуу кармоочу жайларда отурган өзбек мигранттарына олуттуу коркунуч жаралып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыгууда.

Аскердик кызматка чакыруу келишимин түзүүгө аргасыз болгон мигранттар абак администрациясынын, полициянын жана башка коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин катуу кысымына кабылганын туугандарына айтышкан.

Атын атагысы келбеген өзбекстандык мигрант "Озодлик" радиосуна курган маегинде, Башкырстандын абактарынын биринде отурган бир тууганын согушка барууга мажбурлап жатышканын ырастады.

"Иним бир нече жылдан бери Башкырстанда абакта жатат. Алар аны согушка мажбурлап жатканын уктук. Азырынча Украинага алып кете элек, анткени ал кол койбой койгон. Бирок камерада күн сайын сабашат экен. Ким согушка барса, аларга көп акча төлөп, калган жазасын кыскартууну убада кылат. Агама кантип жардам беришти билбейм турам", - дейт атын атагысы келбеген булак.

Укук коргоочу Каримжон Якубов орус өкмөтү Украинадагы согушка эмгек мигранттарын жана улуттук азчылыктарды тартууга аракет кылып жатканын билдирди.

"Адамдарды согушка мажбурлап, сабап жатышат. Бир өзбек жигит тогуз жылдан бери түрмөдө отурат, ага калган үч жылын согушка барып кутулуп кетүүнү сунушташкан. Тагыраагы, аларды сабап, кыйнап атышат. Өзбек, тажиктерди эле эмес. Кечээ беларус аялдын уулун сабап, келишим түзүүгө мажбурлашыптыр. Бул жигит азыр Луганскиде жүргөнү аныкталды. Кечээ мага Тажикстандан бир жигит чалды. Анын айтымында, шарттуу кесилгенине карабай, чакыруу кагазы келген. Дагы бир кыргызстандык жигит кайрылып, анын да шарттуу мөөнөтү бар экенин, Украинага кетүүгө аргасыз болуп жатканын билдирди. Бул биз билген бир канча гана мисалдар. Чакыруу туруктуу же убактылуу жашоого уруксаты бар адамдарга да келип жатат. Орус бийлиги “Жүргүлө, тез арада жарандык беребиз. Чоң акча табасыз. Болбосо, документтериңиздин жарактуулугун жокко чыгарабыз” деп коркутууда. Учурда орус бийлиги мигранттарды жана этностук азчылыктардын өкүлдөрүн топтоп жатат. Бул чыныгы расизм. Орус өкмөтү бул элдердин колун канга боёп, аларды кылмышка аралаштыргысы келет".

Өзбек өкмөтү “нааразычылык нотасын” жөнөтүшү керек

Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик Борбор Азия өлкөлөрү, айрыкча өзбек өкмөтү мигранттарды мобилизациялоо маселесине тыкыр көңүл бурушу керектигин эскертти.

"Бизге мигранттардан көп кайрылуу түшүп жатат, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядагы борборазиялыктарды көп акча, жарандык берүү жана башка жеңилдиктер менен согушка азгырып жатканын айтууда. Арыздардын 35-40% милдеттүү түрдө ишке алуу маселесине байланыштуу. Кызматка мажбурлоонун биринчи түрү – коркутуу. Мисалы, "паспортуңдагы штамптар жалган деп табылат же ага баңгизат салып коёбуз" дешет. Эгер кол койбосо, түрмөгө камайбыз деп коркутушат. Мажбурлоонун экинчи түрү - адамдарга басым жасап, уруп-сабоо. Бүгүн мага Кыргызстандын жараны байланышып, райондук милиция кызматкерине текшерүүгө барганын айтты. Аймактык тескөөчү аны сабап, МАИ кызматкерине 500 рубль өлчөмүндө пара бергени үчүн шарттуу түрдө кесилгенин, эгер кол койбосо, түрмөгө камаларын айткан. Мисалы, Сахароводо мигранттарды майда тамгалар менен жазылган бир топ документтерге кол коюуга мажбурлап жатышат. Ал эми абакта жаткандарга элчиликтердин активдүү иштери гана жардам бере алат. Эгерде элчиликтер Орусиянын Тышкы иштер министрлигине, Федералдык Жаза аткаруу кызматына, Башкы прокуратурасына нааразылык ноталарын жөнөтүп, алар муну тыкыр көзөмөлгө алганда гана ал адамдар согушка айдалбайт деп үмүттөнөбүз. Ал эми эркиндикте жүргөндөргө келсек, бардыгына Орусиядан чыгып кетүүнү сунуштайбыз".

Валентина Чупик ага кайрылгандардын 40% Кыргызстандын, 30-35% Тажикстандын, 20% Өзбекстандын жарандары, калганы беларус, украин, азербайжан жана түркмөндөр экенин кошумчалайт.

"Менин оюмча, мажбурлап жаткандардын көбү славян эместер. Мындай абалга орус жарандарынын мобилизациядан баш тартканы себеп болушу мүмкүн. Элдин баары качып, жашынып атат. Армияга киши керек. Ошондуктан, алар бул максатын калктын аялуу катмарынын, башкача айтканда, мигранттардын эсебинен ишке ашырууда", - дейт Чупик.

Учурда Орусияда мобилизациядан качкан эркектердин саны өсүүдө. Бирок Кремль Украинага каршы согушта чоң жоготууларга карабай, славян тектүү кишилерди мобилизациялоо үчүн болгон күч-аракетти жана акчаны коротууну улантууда.

Орусиянын ири шаарларында аскер курагындагы эркектерге массалык түрдө чакыруу келип жатат. Аскер комиссариатынын кызматкерлери милициянын коштоосунда көчөдө жүргөн эркектерди токтотуп, мобилизациянын алкагында аскер комиссариатына чакыруу кагаздарын тапшырууга аракет кылууда. Массалык рейддер метролордун кире беришинде, аялдамаларда, базарларда жана жумуш орундарында жүрүүдө.

Жада калса майыптар да аскер комиссариатына чакыруу алышканы буга чейин белгилүү болгон.

Ошол эле учурда укук коргоочулар Украинанын оккупацияланган жана талкаланган аймактарын калыбына келтирүүгө эмгек мигранттары да жөнөтүлүп жатканына тынчсызданууда.

Валентина Чупик Мариуполду калыбына келтирүүгө миңден ашуун өзбек мигранты жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат алганын "Озодликке" билдирди. Укук коргоочу Украинада иштеген өзбекстандыктар бул аймактарга мыйзамсыз киргенин, ал жакта дагы эле ракеталык жана артиллериялык чабуулдар уланып жатканын эскертет. Буга чейин Орусия басып алган Мариуполду калыбына келтирүү ишине тажик жарандары тартылып жатканы тууралуу кабар тараган.

Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын элчиликтери өз жарандары Украинадагы согушка катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.

Макаланы өзбек тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG