Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусия оккупацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө тажик мигранттарын жөнөтүүдө


Тажик мигранттары Мариуполдо. Украина, сентябрь, 2022-жыл
Тажик мигранттары Мариуполдо. Украина, сентябрь, 2022-жыл

Орусиянын курулуш компаниялары Украинанын оккупацияланган Мариупол шаарын калыбына келтирүү иштерине тажик мигранттарын тартууда.

Бул тууралуу “Озоди” радиосу маалымдады. Кабарчылар сөзгө тарткандардын айрымдары аларды москвалык “Реставрация” фирмасы жөнөткөнүн айтып беришкен.

Алгачкы айдын акысын көбүрөөк төлөп беришкен. Бирок алдыда да ушундай эле маяна алары күмөндүү экенин билдиришкен.

Жумушчулар кыйраган үйлөрдү калыбына келтирип, оңдоп-түзөө иштери менен алектенип жатканын маалымдашкан.

Маалыматка караганда, мигранттар убактылуу турак жай жана тамак менен камсыздалган. Ошол эле маалда согуштан чочулап Мариуполго барууну каалабагандар да көп.

Тажикстандык канча жумушчу украин шаарына кеткени белгисиз. Тажикстандын Москвадагы элчилиги орус бийлигинен эч кандай расмий маалымдама түшпөгөнүн жана мекендештерге кооптуу аймактарга баруудан карманууну эскерткенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG