Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Полигондогу атышуу: тажикстандык мигрантка тагылган айып


Эхсон Аминзода.
Эхсон Аминзода.

"Озоди" радиосу Орусиянын Белгород облусундагы аскердик полигондордун биринде болгон атышууда атып өлтүрүлгөн тажикстандык жарандын тек-жайын аныктады. Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги 15-октябрда пост-советтик өлкөнүн эки жараны уюштурган "теракттан" 11 адам набыт болуп, 15и жаракат алганын билдирген.

"Эхсон террорчу эмес"

Маалыматтарга караганда, атышууда окко учкандардын бири 24 жаштагы Эхсон Аминзода Москвадагы ресторандардын биринде иштечү жана анын Украинадагы согушка барууга кыпындай да ниети болгон эмес. Анын жакындарынын айтымында, Эхсон 10-октябрда Москвадагы "Люблино" метросунан жоголуп кеткен. Ошол бойдон дайынсыз эле. 16-октябрда орус бийлиги анын өлүмү тууралуу кабарлады.

Эхсондун атасы Тожиддин Аминзода Хатлон облустук администрациясында кызматкер. Ал "Озоди" радиосуна уулунун өлүмү тууралуу маалыматты ырастап, бирок өзүн жаман сезгендиктен бул темага сүйлөшө албастыгын билдирди.

Маркумдун агасы Фируз Аминзоданын айтымында, Эхсондун Москвага барганына жети гана ай болгон.

"Инимдин орус жарандыгы жок болчу, ал патент менен иштеп келген. Мени аскердик прокуратурага чакыртышты. Ал кантип Белгород облусундагы полигонго барып калганын билбейм. Иним террорчу эмес, катардагы күнүмдүк жашоосу үчүн акча таап жүргөн эмгек мигранты болчу",-дейт ал.

Анын айтымында, 10-октябрда Эхсон жумуштан кийин чалып, досторуна барарын айткан. Ошол бойдон байланышкан эмес.

Эхсондун ысымын атагысы келбеген досторунун бири "Озоди" радиосуна айтып бергенине караганда, анын Украинадагы согушка катышууга эч кандай каалоосу жок болчу. Ал акча таап, мекенине барып үйлөнүүнү көздөп жүргөн.

"Биз баарыбыз нес болуп калдык. Эхсонду издеп жаттык эле, досторунун биринде же Тажикстанга кетип калдыбы деп ойлодук. Ал радикал эмес болчу, башка жаштардан айырмаланчу эмес. Эгер ал исламчыл радикал болсо, биздин ресторанда иштемек эмес",-дейт досу.

Белгород: аскердик полигондогу атышуу

15-октябрдын кечинде Орусиянын Коргоо министрлиги Батыш аскердик аймагынын полигонунда пост-советтик өлкөнүн эки жараны "теракт" уюштурганын билдирген.

"Өз ыктыяры менен атайын операцияга (Украинадагы) катышууну көздөгөндөр ок атуу боюнча машыгуудан өтүп жаткан маалда террорчулар бөлүктүн ички курамына ок атышты. Атышуунун жыйынтыгында 11 адам мерт кетти. Дагы 15 киши ар кандай деңгээлдеги жарааттары менен медициналык мекемеге жеткирилди. Эки террорчу да жеринде жок кылынды",-деп жазылат министрлик тараткан билдирүүдө. Мекеме кантип чет өлкөлүк куралчан эки адам полигондун ичине барып калганын түшүндүргөн эмес.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гудков каза болгондордун арасында аймак тургундары жок экенин айткан:

"Аскердик бөлүктөрдүн биринде теракт катталды. Көп аскердик кызматкерлер каза болуп, жаракат алышты. Жарадарларга жардам көрсөтүлүүдө. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Алардын арасында Белгород облусунун тургундары жок".

Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович полигондо согушка катышууу үчүн даярдыктан өтүп жаткандарды тажикстандык ыктыярчылар аткылаганын, буга диний негиздеги пикир келишпестик себеп болгонун жазган.

Тажикстан бийлиги Белгород облусундагы окуяга жарандарынын тиешеси бар-жогун аныктап жатканын билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул маселе менен азыр Дүйшөмбүнүн Москвадагы элчилиги алектенүүдө.

Аскердик полигондогу атышуу тууралуу алгач Телеграмдагы каналдар жазып чыкты. Алардын бири SOTA Телеграм-каналы окуя Солоти айылындагы полигондо болгонун кабарлады. Маалыматка караганда, ал жакта Брянск облусунан мобилизацияга тартылып, бирок Украинага барып согушуудан баш тартып жаткан 100дөй аскер болгон.

Мобилизацияга тартылган мигранттар

Тажик жарандарынын Украинадагы согушка даярданып жаткан аскерлердин арасына кантип барып калганы азырынча беймаалым. Анткен менен Орусияда мигранттарды согушка келишимдик негизде азгыруу болуп жатканы тууралуу маалыматтар буга чейин да чыккан. Ошондой эле орус жарандыгын алган кыргызстандыктарга да аскерге чакыруу келип, мобилизацияга тартылып жаткандар бар экени белгилүү болгон. Алардын бири "Азаттыкка" кайрылып, өз окуясын айтып берген эле.

Орусияда жарым-жартылай делген мобилизация 21-сентябрда башталган. Анын алкагында бийлик 300 миңдей жаранды тартууну көздөп жатканын билдирген. Согушка каршы Орусиянын ар кайсы шаарларында демонстрациялар болуп, кээ бир аймактарда аскердик комиссариаттарды өрттөө аракеттери катталды. Мобилизациядан качкан жүз миңдеген орусиялыктар четке, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө агылды.

Буга чейин мобилизацияга тартылгандардан он чакты адам Украинада өлгөнү расмий кабарланган. Айрымдар украин күчтөрүнө атайылап туткунга түшүп берип жатканы тууралуу дагы маалыматтар тараган.

Путин 14-октябрда Астанада өткөн маалымат жыйында мобилизация эки жумадан кийин жыйынтыкталарын, жалпысынан ага 220 миң адам тартылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG