Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

Москвадан Мариуполго тартылган мигранттар


Тажик мигранттары Мариуполдо. Украина, сентябрь, 2022-жыл.
Тажик мигранттары Мариуполдо. Украина, сентябрь, 2022-жыл.

Орусия Украинанын оккупацияланган Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө тажик мигранттарын жөнөтүп жатканы белгилүү болду. Алар курулуш компаниялары Москвада алган айлыктан эки эсе көп маяна сунуштаганын, бирок коопсуздугун жана саламаттыгын тобокелге салып иштөөгө мажбур экенин айтып жатышат.

"Озоди" радиосунун кабарчысы менен байланышка чыккан 30 жаштагы Курбон Шарифов Мариуполдо августтан бери иштеп жатканын билдирген. Аларды Мариуполго буга чейин тажик мигранттарын иш менен камсыз кылган Москвадагы "Реставрация" курулуш компаниясы жөнөткөн экен.

Тажикстандык куруучуларга Мариуполго барганда 130 миң рублден (2350 доллар) маяна төлөшкөн. Бул - Курбондун Москвада алган айлыгынан эки эсе көп. Алар үйлөрдүн урандыларын тазалап, чатырларды оңдоп жатканы тууралуу видео жиберишти.

"Кийинки айларда да ушундай айлык төлөйбү, жокпу билбейбиз. Бул жакта талкаланган үйлөрдү калыбына келтирип, терезелерин алмаштырып, чатырларын жаңыртып жатабыз. Бизди убактылуу турак жай жана үч маал тамак менен камсыз кылышты".

Мариуполго жөнөтүлгөн тажик мигранттарынын так саны белгисиз. Курбон Шарифовдун айтымында, "Реставрация" курулуш компаниясы эле бул шаарга 110 киши жөнөткөн. Алардын көбүн Тажикстандын жарандары түзөт. Учурда Мариуполго жумушчуларды жөнөтүүгө орусиялык башка курулуш компаниялары да кызыкдар экени айтылууда.

Талкаланган көп кабаттуу үй. Мариупол шаары. 30-март, 2022-жыл.
Талкаланган көп кабаттуу үй. Мариупол шаары. 30-март, 2022-жыл.

Орусияда анча чоң эмес курулуш компанияларга ээлик кылган Тажикстандын айрым жарандары да Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө жумушчуларды жөнөтүүдө. Аты-жөнүн жана фирмасынын аталышын айтуудан баш тарткан киши Мариуполго 30 миң курулушчу жөнөтүүгө буюртма түшкөнүн "Азаттыкка" билдирди.

"Кечээ автобус менен жумушчулар тобун жөнөттүк. Бүгүн алар иштей башташты. Биздин жумушчулардын көбүн Тажикстандан жана Өзбекстандан келген мигранттар түзөт", – деди курулуш фирмасынын өкүлү.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги тажик жарандарын Мариуполду калыбына келтирүү иштерине жөнөтүү боюнча орус бийлигинен расмий билдирүү болбогонун айтышты.

"Айрым мекендештерибиз бизге телефон чалышкан. Биз аларга кооптуу аймактарга барбоо кеңешин бердик", – деди элчиликтин өкүлү.

Быйыл июль айында Өзбекстандын Миграция боюнча агенттиги жана Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгы жарандарды Украинадагы согушка катышпоого чакырган.

Сентябрдын башында Украина бийлиги Орусия согуштук күчтөрүнүн тартыштыгын толтуруу үчүн Кыргызстандан жалданмачыларды тартып жатканын маалымдаган эле. Буга тушташ орус күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан өзбекстандык жарандар кармалган.

Мурдараак Орусиядагы "Вагнер" менчик аскердик компаниясы Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан кишилерди согушка азгырып жатканы ачыкка чыккан.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча Орусияда борборазиялык төрт миллионго жакын мигрант иштейт. Алардын сап башында Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган жумушчулар турат.

Мариупол - Донецк облусунун өнөр жай борбору жана Азов деңизиндеги эң ири эл аралык порт. Шаар үчүн салгылашуу 2022-жылдын 25-февралында, Орусия Украинага басып кирген күндүн эртеси башталган. Марттын аягында Мариупол бир нече жумалык тынымсыз аткылоодон кийин уранды шаарга айланган.

Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге жети айдан ашты. Орусиянын бийлиги 24-февралдан берки өз армиясынын жоготуулары 6 миңдей экенин билдирсе, Украинанын бийлиги орус тараптын 58 миңдей аскерин жок кылганын кабарлады.

Киев өзүнүн курман болгон аскерлеринин саны 9 миң экенин, Москва 60 миңдей украин аскери кырылганын билдирип жатат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG