Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Москванын агрессивдүү аннексиясына Бишкек үн ката элек 


Украина. Донецк облусу.
Украина. Донецк облусу.

Орусиянын Украинанын төрт аймагын жикчил күчтөр өткөргөн жалган референдумга таянып, аннексиялап алганы Кыргызстанда кызуу талкууланган темага айланды. Расмий Бишкек бул боюнча позициясын жарыялай элек.

3-октябрда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровго Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына кезектеги пикет өткөрүүгө уруксат берилген жок. Ал Москванын Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье аймактарын аннексиялап алганына каршы позициясын билдирүүнү каалаган. Бирок элчиликтин алдынан милиция кызматкерлери аны тосуп алып, соттун чечими менен акция өткөрүүгө тыюу салынганын эскертишкен.

"Путиндин жасалма референдуму аркылуу эгемен Украинанын төрт аймагын аннексиялап алышы апендиден да күлкүлүү иш болду. Аны дүйнө тааныган жок. Мен да ушул нерсеге, Орусиядагы аскердик аракеттерге, мобилизацияга каршы нааразылык акциясына чыккам. Бирок биздин милиция кызматкерлери 1-декабрга чейин акция өткөрүүгө тыюу салынган деп жолтоо болушту",- деди укук коргоочу.

Кыргызстанда активист Токтонасыров сыяктуу акция өткөрүп Орусиянын украин аймактарын аннексиялап алышына ачык пикир билдиргендер көп болбосо да, соңку окуяга көз салгандар арбын. Бир миллионго жакын жараны Орусияда иштеп, алардын айрымдары орус жарандыгын алган өлкөдө Кремлдин позициясын жактагандар менен катар акыркы жүрүштөрдү чочулоо менен кабыл алгандар да арбын.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров буга чейинки акциялардын биринде
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров буга чейинки акциялардын биринде

Тарыхчы, дипломат Алмаз Кулматов мындай чочулоонун себебин соңку жараяндардын Кыргызстанга таасири менен түшүндүрөт:

"Бизге кыйыр таасири тиет. Анткени, аларды таануу маселеси чыгат. Москва аларды тааныш керек деген нерсени биздин өлкөнүн алдына коет. Биз анан чайналабыз, кыйналабыз. Таанысак, коллективдүү Батыш деп аткан өлкөлөр Орусияга кысымын дагы күчөтөт. Алар биздин дал ушул маселе боюнча позициябызга жараша мамиле кылат. Жөнөкөйлөп айтканда, "оң жакка барсаң атың өлөт, сол жакка барсаң өзүң өлөсүң" дегендей абалда турабыз. Экинчиден, прецедент жаралып жатат. Бир өлкөнүн экинчи өлкөнүн аймагын кошуп алганы бизге да коркунуч болуп, кайсы бир күчтөрдү шыктандырышы мүмкүн. Ошондуктан, бул маселенин узак кесепетин ойлоп чечим кабыл алыш керек".

Азырынча кыргыз бийлиги Украинанын чыгышындагы жасалма референдум боюнча позициясын билдире элек.

2014-жылы Орусия Крымды аннексияланган учурда ал кездеги Кыргызстандын бийлиги Крымдагы референдумду жергиликтүү тургундардын көпчүлүгүнүн эрки деп атап, расмий Москвага ыктыган позицияда болгон эле.

Быйыл февралда Орусия Украинага кол салгандан тарта кыргыз бийлиги бул маселе боюнча көп учурда өз позициясын ачык айтуудан карманып келет.

Москва - Бишкектин эң ири саясий, экономикалык өнөктөшү. Кыргызстан мунай-газды да Орусиядан сатып алат.

Тарыхчы Алмаз Кулматов мындай кырдаалда расмий Бишкектин унчукпай турганы көп нерсени билдирет деген пикирде.

"Унчукпай коюунун өзү - искусство. Экинчиден, унчукпай коюу да позиция. Байкап турабыз деген позициянын өзү да көп мааниге ээ".

Бул жолу жакынкы кошуна Казакстан Орусиянын Украинанын төрт аймагын кошуп алуу чечимин тааныбай турганын дароо жарыялады.

Украинадагы согуштун таасири Кыргызстанга эң алгач мигранттардын абалы, валюталык базардагы олку-солкулук менен сезилди. 21-сентябрдан тарта өлкөгө качып келген орус жарандарынын көбөйүшү менен дагы бир жолу байкалды. Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин жүз миңдеген жаран сыртка агылууда.

Азыркы тапта негизинен Бишкек жана Ош шаарларында орусиялыктардын көбөйгөнүн байкоого болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл сегиз айда 190 миңден ашык орус жараны Кыргызстанга келип каттоого турган. Санарип министринин орун басары Айдар Мамбеткадыров соңку айда бул сан кескин көбөйгөнүн белгилейт:

"1-январдан тарта азыркы мезгилге чейин каттоого турган орусиялыктардын саны 190 миң 340 адамды түздү. Салыштыруу үчүн былтыр жыл бою 210 миң орус жараны каттоого турган. Бирок быйыл акыркы айда каттоого тургандардын кескин көбөйгөнүн байкадык. Сентябрь айында 20 миң орусиялык каттоого турду. Бирок былтыр ушул айда 19 миң адам каттоо турганын айтышым керек. Алардын ичинде орус паспортун алган этникалык кыргыздар жана накта орус жарандары деп бөлбөйбүз".

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, Орусиянын жарандары өлкөдө 30 күн каттоосуз жүрүүгө укуктуу. Бул мөөнөттөн узак калса катталууга тийиш. Андыктан, 21-сентябрдан тарта Орусиядан келгендер алдыңкы айларда каттоого турушу мүмкүн.

Юрист Канат Мидин уулу мындай кырдаалды Кыргызстан өз пайдасына колдонушу зарыл деген көз карашта.

"Жаралган абал биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылып жатат. Физикада кыймыл борборго тартылат же борбордон түртүлөт. Мурда Кыргызстандан сыртка кетишсе, азыр келип жатат. Ошону жакшылап колдонуп калышыбыз керек".

Орусиядагы мобилизация: жаныңды куткар, мигрант
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:23 0:00

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Соңку айларда украин күчтөрү Орусия ээлеген бир катар аймактарын бошотту. 30-сентябрда орус бийлиги Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарын кошуп алганын жарыялаган. Дүйнөлүк коомчулук бул аракетти аннексия деп атап, Орусиянын аракетин кескин айыптап жатат.

3-октябрда Орусиянын Мамлекеттик думасы Украинанын Донецк, Запорожье, Луганск, Херсон жана Николаев облустарынын бир бөлүгүн аннексиялоо тууралуу документти ратификациялап берди. Ага чейин төрт конституциялык мыйзам кабыл алынган. Эми документтер президент Владимир Путинге кол коюуга жөнөтүлөт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG