Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Украина: жасалма референдум, аннексияга даярдык


Украинанын Донецк облусундагы Мариупол шаарындагы референдум үчүн уюштурулган добушкана. Ар бир тилкеде орус аскерлери турду.
Украинанын Донецк облусундагы Мариупол шаарындагы референдум үчүн уюштурулган добушкана. Ар бир тилкеде орус аскерлери турду.

Украинанын орус күчтөрү басып алган Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье аймактарындагы жасалма референдумдардын жыйынтыктары жарыяланды. Москва дайындаган жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Орусияга кошулууга “макул” болгонун маалымдады.

Украин бийлиги болсо бул Кремль алдын ала бекитип берген сан экенин билдирип, анын жыйынтыгын тааныбай турганын кайталады. Киев референдумдарды Орусиянын аталган облустарды аннексиялоо максаты менен байланыштырууда.

Асман чапчыган көрсөткүчтөр

Оккупацияланган аймактардагы орусиячыл шайлоо комиссиялары эл аралык коомчулук тааныбаган референдумдагы бюллетендердин 100% эсептелип бүткөнүн 28-сентябрда маалымдады.

Билдирүүдө өзүн-өзү “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүм ээлеп турган Луганск облусунда добуш бергендердин 99,23% Орусияга кошулууну жактаганы айтылат. “Донецк Элдик Республикасы” жикчилдер түзүмү көзөмөлдөп турган Донецк облусунда өнөктүккө катышкандардын 98,42% “макул” деп добуш берген. Орусияга кирүүнү колдогондор Запорожьеде 93,11%, Херсондо 87,05% болгону кабарланды.

Донецк облусундагы жикчилдердин башчысы Денис Пушилин атайын брифингде буларды билдирди:

Денис Пушилин
Денис Пушилин

“Референдум “өттү” деп эсептелет. Биз муну көптөн бери көздөп келгенбиз. Мына эми болуп көрбөгөндөй жыйынтыкка жеттик. Күтүлбөгөн жыйынтык болду десек, жалган айткан болобуз. Жеке мен Донбасска, биздин элге ишенгем. Биз баарыбыз ушуну ниет келгенбиз. 2014-жылдан бери ушуну кыялданып, аракеттерибизди баштаганбыз. Мына эми тарых жараттык. Бүгүн тарыхый күн, биз өзүбүздүн Чоң Ата-Журтубуз менен, Улуу Орусия менен биригебиз”.

Бириккен Улуттар Уюмунун уставына жана эл аралык укукка каршы келген референдумдар Украинанын төрт облусунда 23-сентябрда башталган. Алгачкы төрт күндө жашоочулар турак жайлардын короосунда бюллетендерди атайын кутучага салышты. Акыркы күнү – 27-сентябрда референдум атайын добушканаларда өттү.

Украинанын украин тилинде жазылган картасы. Орусиянын күчтөрү басып алган жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган аймактар көгүш түс менен сүрөттөлгөн. 26-сентябрга карата позициялар камтылган.
Украинанын украин тилинде жазылган картасы. Орусиянын күчтөрү басып алган жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган аймактар көгүш түс менен сүрөттөлгөн. 26-сентябрга карата позициялар камтылган.

Бирок “Азаттыктын” украин жана орус кызматтары өз булактарына таянуу менен добуш берүүгө аймактарда калктын 10-15% референдумга келгенин кабарлашты. Себеби тургундардын басымдуу бөлүгү башка жактарга качып кетишкен, эркектердин көбү согушта жүрөт.

Украин бийлиги көзөмөлдөп турган аймактарга эвакуацияланган Херсон облусунун тургун Алена Сурган журналисттерге буларды билдирди:

Алена Сурган
Алена Сурган

“Бул жыйынтыктарды жөн эле апыртып, кооздоп кагазга жазып коюшту. Чынында, ал жакта адамдар чын дилинен добуш берген жок. Келгендер деле массалык түрдө болгон жок. Эл бул референдумга каршы. Эч ким Орусияга кошулгусу келбейт. Бирок басым, коркутуулар менен айласыз добуш беришти. Катышпагандардын добушун өздөрү чийип коюшту. Эл коркуп турат. Бардык нерседен коркуп калган”.

Кайрадан аннексия

Украин бийлиги бул иш-чара башынан эле жасалма уюштурулганын, катышкандардын жана добуш бергендердин саны Москва тараптан алдын ала бекитилип берилгенин билдирүүдө. Киев жалган референдумдардын максаты аталган аймактарда Орусиянын баскынчылыгын легитимдештирүү жана жаңы аймактарды аннексиялоо экенин айтты.

Украин президенти Владимир Зеленский мындай жүйөнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да келтирди.

Владимир Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылуу учурунда
Владимир Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылуу учурунда

“Орусия Украинанын оккупациялык аймактарында бүт дүйнөнүн көзүнчө “референдум” деген аталышта ачыктан-ачык шылдың иш-чарасын өткөрдү. Эптеп телекөрсөтүүлөргө тартуу үчүн адамдарга автомат такап, кандайдыр бир документтерди толтуртту. Жалган референдумдардын баарынын жыйынтыктары алдын ала жазылган. Муну үчүн басып алынган аймактардагы калкына мажбурлап паспорттор таратылган. Эмне үчүн? Анткени тартып алган аймактарды аннексиялоо. Бириккен Улуттар Уюмунун уставын одоно түрдө бузуу. Бул башка мамлекеттин аймагын уурдап алуу аракети. Бул эл аралык укукту талкалоо. Ошол эле маалда бул Украинанын басып алынган аймактарындагы эркектерди Орусиянын армиясына мобилизациялап, кайра өздөрүнүн мекенине каршы согушка салуу аракети”.

Зеленский БУУнун Коопсуздук кеңешине жасаган видео кайрылуусунда муну токтотуунун бир эле жолу бар экенин, ал – Орусияны биротоло изоляция кылуу экенин айтты. Украин президенти Орусияны бардык эл аралык уюмдардан чыгарууну, ага мүмкүн болгон санкцияларды салууну жана аны менен күрөшүп жаткан Украинанын бардык жактан колдоону суранды.

Украинанын басып алынган аймактарындагы референдумдарды чагылдырган карикатура.
Украинанын басып алынган аймактарындагы референдумдарды чагылдырган карикатура.

Айтып-дегиче Луганск менен Донецкидеги жикчилдердин башчылары, Запорожье менен Херсондогу орусиячыл жетекчилер президент Владимир Путинге кайрылып, аларды Орусияга кошуп алууну суранды. Алар өздөрү да Москвага бармай болду. Путин алдыңкы күндөрү аталган аймактарды Орусияга кошуларын жарыялап, чечимди парламент аркылуу беките турганы кабарланды. Муну менен сегиз жыл мурда аннексияланган Крым жарым аралынын сценарийи кайталанчудай болуп калды.

Владимир Путин жана Дмитрий Медведев
Владимир Путин жана Дмитрий Медведев

Орусиянын экс-президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев буга байланыштуу Телеграмдагы каналында мындай деп жазды:

“Референдумдар аяктады. Жыйынтыктар көрүнүп турат. Үйгө, Орусияга кош келиңиздер!”, – деди ал.

Эгер согуштук талаанын өзүн алсак, Орусиялык аскерлер жана жикчил күчтөр жасалма референдум өткөн төрт облус – Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье бардык аймагын эмес, кайсы бир бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана кармаш дале уланууда. Августтун аягында жана сентябрдын башында башталган контрчабуулунун натыйжасында украин күчтөрү баскынчыларды Харьков жана Николаев облустарынан дээрлик сүрүп чыккан.

Мобилизациядан качкандардын баяны

Бул арада Орусия Украинадагы согушка жөнөтүү үчүн резервдеги аскерлерин мобилизациялоосун улантууда. Сөз жок, бул күнгө чейин канча аскер жыйналганы айтылбайт. Бийлик ошол эле маалда мобилизациядан качып, өлкөдөн чыгып кетип жаткандардын санын да айтуудан карманып жатат.

"Новая газета. Европа" басылмасы Орусиянын администрациясындагы булактарына таянуу менен мобилизация жарыялангандан кийин 261 миң эркек чет өлгө чыгып кеткенин жазды. Күн мурун эле Казакстандын өзүнө эле Орусиядан 100 миңдей жаран келгени расмий кабарланган.

Орусия менен Грузиянын чек арасындагы кезек. Спутниктен алынган кадр.
Орусия менен Грузиянын чек арасындагы кезек. Спутниктен алынган кадр.

Орусиялыктар мындан сырткары кургактыктагы чек ара бекеттери аркылуу Беларуска, Грузияга, Арменияга, Азербайжанга, Монголияга, Финляндияга, учак аркылуу Кыргызстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркияга жана башка өлкөлөргө чыгып кетип жатышат.

Грузиянын чек арасында турган, өзүн Сергей деп тааныштырган орусиялык жаран журналисттерге буларды айтты:

Сергей
Сергей

“Мен 57ге чыктым жана мен согушка каршымын. Мен путиндик режимди, Украинада болуп жаткан нерселерди колдобойм. Бир тууган элди кыргынга салуучу согушту таптакыр колдобойм. Украинада менин аялдарымдын туугандары бар, жеке мен ал жакта көбүн тааныйм. Армияда да украиналыктар менен чогуу кызмат кылгам. Акылга сыйбаган нерсе болуп жатат”.

Бир катар өлкөлөр мобилизациядан качкан орусиялыктарды эгер Москва талап кылса, кайрадан өз мекенине кайтарарын билдирип жатышат. Ошол эле маалда бир нече өлкө аларга баш паанек берүүгө чакырышууда. Европада Германия баштаган мамлекеттер экинчи позицияны карманарын ырасташты.

Вашингтон да мобилизациядан качып, негизсиз согушка катышкысы келбеген орусиялыктар АКШдан башпаанек алуу өтүнүчү менен кайрылса болорун билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер 27-сентябрда айтты.

Карин Жан-Пьер
Карин Жан-Пьер

"Биз Орусиядагы көчө каршылыктарына көз салып жатабыз жана жарандар петицияларга кол коюп, Путин баштаган согушту алар колдобой турганы тууралуу бизге так белги берип жатышат. Орусияда Путиндин согушуна катышкысы келбеген, ал үчүн жанын берүүгө даяр эмес адамдар бар", – деди Жан-Пьер.

Анын айтымында, Американын бийлиги "башпаанек издегендердин баарын" кубаттайт. Ошол эле маалда Жан-Пьер ар бир өтүнүч өз алдынча тыкыр караларын тактады.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын билдирди.

Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге жети айдан ашты. Орусиянын бийлиги өз армиясынын жоготуулары 24-февралдан бери 6 миңдей экенин билдирсе, Украинанын бийлиги орус тараптын 58 миңдей аскерин жок кылганын кабарлады.

Ал эми Киев өзүнүн курман болгон аскерлеринин санын 9 миң десе, Москва 60 миңдей украин аскерин кырып салганын билдирүүдө. Бул маалыматтарды согуш учурунда тактоого мүмкүн болбой турат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG