Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Украина: Орусия басып алган аймактарда жасалма референдум аяктады


Украинанын украин тилинде жазылган картасы. Орусиянын күчтөрү басып алган жерлери кызыл түс менен белгиленген. Майда сызык белгиленген жерлерде референдум өттү. 26-сентябрга карата маалыматтар камтылган.
Украинанын украин тилинде жазылган картасы. Орусиянын күчтөрү басып алган жерлери кызыл түс менен белгиленген. Майда сызык белгиленген жерлерде референдум өттү. 26-сентябрга карата маалыматтар камтылган.

Украинанын орус аскерлери көзөмөлдөгөн Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарында Орусияга кошулуу тууралуу жасалма референдумдардын соңку күнү аяктады. Аймактагы Москва дайындаган жетекчилер добуш берүү “өттү” деп эсептелгенин маалымдады.

Украинанын бийлиги жана Батыш өлкөлөрү бул добуш берүүнү тааныбай турганын билдирүүдө.

Жасалма референдумдар парады

Бириккен Улуттар Уюмунун уставына жана эл аралык укукка каршы келген референдумдар Украинанын төрт облусунда 23-сентябрда башталган. Алгачкы төрт күндө жашоочулар үйлөрдүн кире беришинде жана турак жайлардын короосунда бюллетендерди атайын кутучага салышты. Акыркы күнү – 27-сентябрда референдум атайын добушканаларда өттү.

Луганск менен Донецкиде жикчилдер сегиз жыл мурда эле “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталган түзүмдөрдү уюштуруп алышкан, Херсон жана Запорожье аймактарын Москва февралда басып киргенден кийин ээлеген.

“Луганск Элдик Республикасы” жикчил түзүмүнүн өзүн-өзү жарыялап алган башчысы Леонид Пасечник 27-сентябрда референдумдун баштапкы жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып, журналисттерге буларды билдирди:

Леонид Пасечник
Леонид Пасечник

“Мындан башкача болмок эмес. Биз орус элибиз жана украин улутчулдары тарапка бара алмак эмеспиз. Биз өз жерибизде калып, Орусия менен бирге болушубуз шарт. Референдумда муну биз баарыбыз, бүткүл республика бышыктадык. Биздин батышчыл каршылаштарыбыз референдумдардын жыйынтыгын танып, “мажбурлап добуш бердиришти, антти-минтти” дегенинин баары туура эмес. Келген адамдардын санын, добуш берүүнүн жыйынтыгын көрдүңүздөр. Биз мындан ары өзүбүз каалаган “Орус дүйнөсү” менен чогуу калабыз. Өз кыялыбызга жеттик”.

Демек, биринчи-экинчи аталган аймактардын жашоочуларына бюллетенде “Орусияга кошулууну каалайсызбы?” деген суроо коюлду. Экинчи-үчүнчү кеп болгон облустардын тургундарына “Украинанын курамынан чыгып, облусту өз алдынча мамлекет түзүүгө жана Орусия Федерациясынын курамына субъект катары кирүүсүнө макулсузбу?” деген суроо берилди.

Запорожьеде таратылган бюллетень.
Запорожьеде таратылган бюллетень.

Орусия көзөмөлдөгөн администрациялардын жана жикчилдердин шайлоо органдары беш күндүк добуш берүүгө калктын 80-90% ашыгы катышканын, натыйжада ал “өттү” деп саналганын билдирүүдө. Алар ошондой эле добуш бергендердин көпчүлүгү Орусияга кошулууга “макул” деп добуш бергенин кабарлоодо.

Бирок бир катар басылмалар үйлөрдө добуш берүү куралчан адамдардын коштоосунда өткөнүн, тургундар документсиз добуш бергенин, көпчүлүк жашоочулар катышпаганын жазып жатышат. “Азаттыктын” орус жана украин кызматтары аталган облустардын тургундары менен байланышкан учурда, алар аймактагылардын ашып кетсе 10-15% референдумга келгенин билдиришти. Себеби тургундардын басымдуу бөлүгү башка жактарга качып кетишкен, эркектердин көбү согушта жүрөт.

Канткен күндө да, Украинанын бийлиги өз аймактарындагы референдум деп аталган бул добуш берүүлөрдү тааныбай турганын башынан бери эле белгилеп келет. Расмий Киев муну Москва украин аскерлеринин контрчабуулуна чыдабай кетип, шашылыш уюштура калганын билдирген.

Украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда:

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Дүйнө жасалма референдумдарга, мобилизацияга да калыс реакция жасап, айыптап жатат. Бул добуш берүү да, оккупанттар басып алган Крым менен Украинанын башка аймактарында жүрүп жаткан мобилизация да кылмыштуу аракет. Бул эл аралык укукка жана Украинанын мыйзамдарына эле каршы эмес. Бул бүтүндөй элге, конкреттүү адамдарга каршы кылмыш болуп жатат”, – деди.

АКШнын президенти Жо Байден 24-сентябрдагы билдирүүсүндө Украинанын Орусия басып алган аймактарында өтүп жаткан референдумдарды “фикция” деп атаган. Ал муну аннексиялоонун жолу катары баалап, Вашингтон аны эч качан тааныбай турганын билдирген.

Европа Биримдигиндеги бир катар мамлекеттер, анын ичинде Германия, Франция, Польша, Чехия баштаган өлкөлөр, Улуу Британия, Казакстан жана башка бир катар мамлекеттер бул добуш берүүлөрдү кескин айыптап, анын жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашты. Ал тургай Орусиянын өнөктөшү деп саналган Сербиянын Тышкы иштер министрлиги да муну кабыл албай турганын маалымдады.

"Крым сценарийи" кайталанат

Басып алынган аймактарда референдум өткөрүү 2014-жылы Крымдагы референдум сыяктуу эле Орусиянын жана Украинанын мыйзамдарына каршы келет.

Орусиянын мыйзамдарында жазылгандай, референдумдарды демилгелөө жана өткөрүү кеминде төрт ай мурда жарыяланышы керек. Орусия көзөмөлдөп турган Украинанын аймактарында референдумдар 20-сентябрда эле жарыяланган. Иш жүзүндө бардык процедура болгону үч күндө аяктады.

Украинанын Конституциясына ылайык, өлкөнүн аймактарын өзгөртүү бүткүл элдик референдумда гана чечилет. Бул маселенин биринчи эле жагы.

Экинчи жагы, жикчилдер жана орус аскерлери аталган төрт облустун бардык аймагын эмес, кайсы бир бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана согуштук аракеттер дале уланууда.

Орусия аннексиялаган Крым жана Украинанын башка аймактары.
Орусия аннексиялаган Крым жана Украинанын башка аймактары.

Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары жана эл аралык басылмалар референдумдун жыйынтыгы жарыяланары менен Орусиянын бийлиги аларды кошуп алуу жол-жоболорун баштай турганын кабарлады. Иш жүзүндө бул Крымдын сценарийинде аннексия болуп калат жана Москванын риторикасы андан ары “орус аскерлери өз аймагы үчүн күрөшүп жатат” деген өңүткө бурулушу мүмкүн.

“30-сентябрь, жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путиндин парламенттин эки палатасына кайрылуусу пландалган. Өз кайрылуусун Путин Украинанын басып алынган аймактарын Орусия Федерациясына кошуу жөнүндө жарыялаганга пайдаланат деген ыктымалдуулук бар”, – деп айтылат Британ чалгын кызматынын 27-сентябрдагы маалыматында.

Орусиянын “Ведомости” басылмасы шейшемби күнкү макаласында Кремль кайрадан Крым федералдык округун түзүп, Украинанын Луганск, Донецк, Херсон, Запорожье облустарын ошого киргизиши мүмкүндүгүн жазды. Орус бийлигиндеги өз булактарына таянган медиа округдун жетекчилигине "Роскосмос" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Дмитрий Рогозиндин талапкерлиги каралып жатканын кошумчалады.

Орусиядагы республикалар, облустар же край түзүмдөрү жалпылаштырып сегиз федералдык округга кирет. Москва Украинанын жарым аралын аннексиялап алгандан кийин тогузунчу – Крым федералдык округун түзгөн, бирок кийин кайра жоюп салган эле.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 27-сентябрда орус басылмаларына бул суроолорго жооп кайтарды:

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

“Орусиянын укуктук системасы жана аткаруу бийлиги тиешелүү аймактардагы референдумдардын жыйынтыгында Орусия Федерациясына жаңы субъектилердин ыктымал кошулушуна даяр. Крым федералдык округун түзүү тууралуу чечим кабыл алынса, Кремль аны кошумча кабарлайт. Юридикалык көз караштан алганда, референдумдардан кийин кырдаал түп-тамырынан өзгөрөт. Орусия бул аймактардын коопсуздугу үчүн чараларды кабыл ала баштайт”, – Песковдун мындай сөзүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарлыгына байланыштуу кайрылган учурда да референдумдардын чечими чыкса, Орусия Украинанын төрт облусун өзүнө кошуп алууга даяр экенин айткан. Ушундан улам адистер мобилизациянын өзүн да Москванын жаңы аймактарды аннексиялоо максаты менен байланыштырып чыгышкан.

Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге жети айдан ашты. Орусиянын бийлиги өз армиясынын жоготуулары 24-февралдан бери 6 миңдей экенин билдирсе, Украинанын бийлиги орус тараптын 58 миңдей аскерин жок кылганын кабарлады. Ал эми Киев өзүнүн курман болгон аскерлеринин санын 9 миң десе, Москва 60 миңдей украин аскерин кырып салганын билдирүүдө.

Бул маалыматтарды согуш учурунда тактоого мүмкүн болбой турат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG