Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү, саат 2:10до төрөлдү. Ошентип, өлкө калкынын саны жети жылда 1 миллионго көбөйдү. Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын калкын 7 миллионго жеткирген ымыркай Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлдү. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Уул баланын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Президент Садыр Жапаров наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады жана балага өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Эске салсак, 6 миллионунчу кыргызстандык деп эсептелген Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында жарыкка келген.

5 миллионунчу кыргызстандык болгон Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда Бишкекте жарыкка келсе, 4 миллионунчу жаран Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунда төрөлгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин билдиришинче, апрель-май айларында өткөн эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүнүн 1-баскычындагы эсептөөлөрдүн натыйжасы менен 1-августка карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 977 миңди түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев "миллиондук" жарандардын төрөлүү аралыгын карап, Кыргызстандын демографиялык өсүүсүнө баа берүүгө болот деп эсептейт.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев.
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев.

"Кыргызстанда адамдын саны жакшы ыргакта өсүп жатат. Бир жылдын өсүү темпи учурда 2.1% түзөт. Биз азыр калкынын өсүү темпи боюнча Борбор Азияда Тажикстандан кийин 2-орунда турабыз. Мисалы, 2010-жылы 5 миллион 400 миң адам болсо, 12 жылдан кийин 7 миллионго жеттик. 1 миллион 700 миңдин тегерегинде өсүш бар".

Адистердин айтымында, калктын санынын өсүү темпи эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында начарлап кеткен. Өлүм көбөйүп, калктын социалдык-экономикалык абалы төмөндөп, миграциядан улам төрөттүн саны кыскарган.

2000-жылдан тарта демографиялык абал турукташа баштаган. Ошондуктан, демографтар учурда байкалып жаткан оң көрсөткүчтүн маанилүүлүгүн белгилешет. Бирок айрым демографтар кедей мамлекеттердин калкы тез өсөт деген да ойду карманышат. Муну алар өлкөдө саламаттык сактоонун деңгээли төмөн болуп, ымыркайлардын чарчап калышы көп катталгандыктан, үй-бүлөлөр каржылык абалына карабай, көп балалуу болууга умтулушат деп түшүндүрүшөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун калк фондусунун жаштар жана калктын динамикасы программасынын аналитиги Бактыбек Кайназаров бул пикирди колдобойт жана демографиялык өсүүнү мамлекетти кедей же бай экенин аныктай турган негизги фактор деп эсептебейт.

"Көптөгөн мамлекеттер демографиялык өсүү болсун деген максатта демографиялык саясатын иштеп чыгып жатышпайбы. Мисалы, калкынын басымдуу бөлүгүн карылар түзүп калган өлкөлөрдө жумушчу күчү жок болуп жатат. Америка, Европа өлкөлөрү калкынын санын көбөйтүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп көргөнү менен тилекке каршы, оң жыйынтыкка келише элек. Салыштырмалуу кедей мамлекеттерде калктын саны көп болгондуктан, демографтар ушундай тыянак чыгарып калган болушу мүмкүн. Жети жыл ичинде калктын санынын 1 миллионго көбөйүшү абдан жакшы көрсөткүч. Ошол эле учурда, божомолдорго карасак, азыр Борбор Азияда калкынын санынын өсүшү боюнча экинчи орунда турганыбыз менен, калктын саны боюнча биз акыркы орунда кала беребиз. Мисалы, 40-50-жылдарга барганда Өзбекстандын да калкынын саны кыйла көбөйөт. Азыр алар 33-34 миллион болсо, 42 миллионго чыгат. Казакстанда да ушундай эле көрүнүш болот. Бул эмнени түшүндүрөт? Демек, экономикалык, миграциялык жактан оорчулук болот".

Адистердин мындай божмолдорун социологдор дагы кубаттайт. Алардын айтымында, калктын санынын көбөйгөнүнө жараша, мамлекет ошончо калктын муктаждыктарын чечүүгө аракет кылышы керек.

Борбор Азиядагы Америка университетинин социология бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Айдин Турганбековдун айтымында, миграцияга, начар билим берүүгө байланыштуу маселелер чечилбесе, улам кийинки муун ушул эле көйгөйлөргө тушугуп, калктын саны көбөйгөнү менен сапаты артпайт.

"Калкыбыз өнүгүп, көбөйүп бара жатса дагы, ресурстарыбыз аз. Калкыбызды жакшы калыпта кармап турганга ресурстарыбыз жок болуп жатат. Аймактарда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн аталары миграцияда же жумушсуз жүрөт. Бул жаман натыйжа бериши мүмкүн. Дагы бир маанилүү тармак – билим берүү. Азыр мектептердин саны жетишсиз. Класстар толгон, 1-класста эле 50дөн бала окуйт. Калктын көбөйгөнүндөгү дагы бир жакшы жагдай, улам кийинки муундун ой жүгүртүүсү, көз карашы мурдагы муундукунан башкача болгону. Муну камсыздоо үчүн да сапаттуу билим керек".

Президент Садыр Жапаров 19-октябрда 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, алардын өтүнүчү менен наристеге Жакшылык деген ысым ыйгарды.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Кыргызстандагы демографиялык абал: келечек жана тобокелдик
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:07 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG