Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Рахмондун монологу жана "улуу аганын" жетегин самагандар


Орусиянын президенти Владимир Путин (солдо) жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Астана.
Орусиянын президенти Владимир Путин (солдо) жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Астана.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов бул ирет кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жана акыркы кезде эл аралык укуктун принциптерине доо кетирген конфликттердин күчөшүнө баам салды.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Кыргызстан глобалдык жана регионалдык уюмдарга мүчө. Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кирген, бирок бул бирликтин аймагындагы адамдардын, товарлардын жана капиталдын эркин жүрүүсү деген жоболорду ЕАЭБдин документтеринен гана көргөн.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө. Армения-Азербайжан жаңжалында ЖККУга мүчө армяндар эки мертебе жардам сураса, шагын сындырды, тажик агрессиясын көзгө илген жок.

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө. Бул уюмдун саммити Самаркандда өтүп жатканда Тажикстан кыргыз жерине ок атып турду. Жыйынга чогулгандар үн катпады. Ушул сыяктуу көрүнүштөр Бишкектин тигил же бул уюмга мүчө болуу зарылчылыгына күмөн жаратып, ошол уюмдардын аброюна көлөкө түшүрүп, ал тургай жарактуулугу тууралуу маселени козгоду.

“Кана алардын пайдасы, биз кошулган эл аралык уюмдар бизге агрессия болгондо үн катпады, биз ратификациялаган эл аралык келишимдерден пайда жок турбайбы, кирип алып не муратка жеттик?” деген сыяктуу пикирлер жок эмес. Ар кандай уюмга киргенге караганда андан чыккан кыйла эсе мүшкүл иш. Бекеринен ата-бабабыз кирерде чыгарыңды, барганда кайтарыңды унутпа дебесе керек. Уюмга мүчө болуу автоматтык түрдө пайда алып келбейт.

Кечээ жакында Астанада КМШ саммити өттү, ага удаа "Орусия+Борбор Азия" форматында жолугушуу болду. КМШ бар экенин ушул саммиттерди чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттары, саммит өтүп жаткан шаарлардагы чектөөлөр эске салат. Калган учурда эч кимдин иши жоктой, уюмдун да эч нерсе менен иши болбогон сыяктуу. Уюмдар тынч турмуш, жайкын жашоо кечирип, бар-жогу белгисиз. Астанадагы саммитте тажик президенти Рахмон кенен монолог курду.

Орус президентине даттангансыды. Даттануунун өзү "улуу аганын" жетегинен чыга албай турганын көрсөттү. Рахмон уюмдун алкагындагы түзүлгөн келишимдерди оозанбады. Мына КМШ мамлекеттери момундай макулдашпадык беле, баландай жобо сакталбай жатат дебестен, бизге аз көңүл бөлүнүүдө маанисинде нааразылыгын билдирди.

Рахмон да бир нерсени кыйытты. Борбор Азия эл аралык мамилелердин тең ата субъектиси эмес, алигиче геосаясий талаштын объектиси. Албетте, ал минтип так аныктама берген жок, бирок беш республика менен ушул форматта кимдер гана жолукканы жок, кана жыйынтыгы маанисинде собол таштады. Баары эле бизди колдонгусу келет деп буркулдады.

Балким бул уюмдарга айтылган сындар туурадыр, албетте, алардын жарамдуулугуна шек келтирген окуялар кездешет. Бирок түпкүлүгүндө эл аралык, мамлекеттер ортосунда мамилелерде эл аралык укуктун принциптерине доо кетирген тенденция күчөгөнүн байкоого болот.

Биринчиден, эл аралык укук системасынын өзөгүн түзгөн принциптер бузулду: суверенитетти, адам укугун сыйлоо, күч колдонбоо, мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө, милдеттемелерин абийирдүүлүк менен аткаруу, мамлекеттердин чек араларынын бузулбастыгы, территориалдык бүтүндүгүнө доо келтирбөө, маселелерди тынчтык жол менен чечүү. Ушул принциптердин айрымдары мындан беш кылым мурда, калгандары кийин Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, нечен жолу талкуудан улам кабыл алынган принциптер. Баары адамзатты азапка салган согуштардан улам келип чыккан муктаждык. Маселен, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу принциби 1648-жылы 30 жылдык согуштан кийин Вестфал тынчтык конференциясында пайда болгон. Кан менен жазылган, терге жуурулган, көз жашка сугарылган принциптер.

Орус-украин согушунда согуш мыйзамдары, тынч жарандарга кол салбоо, жарандык объектилерди абадан аткылабоо, согуш туткундары, аскер эмес жарандардын укугу сыяктуу эл аралык мыйзамдар сакталган жок. Ал тургай агрессия деп аталбайт. Бир тарабы согуш дейт, экинчи тарабы атайын аскерий аракет деп келсе, эми тынч шаарларга канаттуу ракеталардын чабуулун антитеррордук аракет деп атады. Орусиянын Украинага тиешелүү аймактарды каратып алышын мыйзамдуу, элдин өз тагдырын өзү чечүү укугу деп эсептейт. Батыш болсо аннексия дейт.

Мыйзам ким тарапта? Же күч кай тарапта болсо, мыйзам ошол тараптабы? НАТОнун аскерлери 1999-жылы Сербияны бомбалаган, 2003-жылы Иракты, 2011-жылы Ливияны БУУ Коопсуздук кеңешинин чечими жок же аны одоно бузуу менен талкалаган, аскерин киргизген, элин азапка салган деп Орусия тизмектеп санап берет. Туура. Ушул мамлекеттерди бомбалоого БУУ Коопсуздук кеңешинин чечими жок. Укук бузулдубу. Теориялык жактан алганда бузулду. Бузулду деп эсептелеби. Иш жүзүндө эсептелбейт. Эсептелсе, анда мыйзамдын башка диспозицияларына ылайык жазасын алышы керек эле. Демек маселе тигил же бул аракетти ким кандай атаганында жана негиздегенинде жатат. Эл аралык мыйзамдын ченемдерин колдонууга болбогон кырдаал түзүлдү, ошондуктан ушундай аракеттерге бардык деген негиздемелер басымдуу. Мезгил өткөн соң дүйнө башка маселеге оойт, проблема унутта калат.

Экинчиден, эл аралык укуктук системада орчундуу коллизиялар да бар. Маселен, адам укугун сыйлоо принциби менен мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө принциби, элдердин өз тагдырын өзү аныктоо укугу менен мамлекеттердин территориалдык бүтүндүгү принциби универсалдык жана жалпыга милдеттүү. Башкача айтканда, императивдүү күчкө ээ жоболор. Иш жүзүндө адам укугу бузулуп жатат, биз кийлигишпесек болбойт деп мамлекеттерге кол салынды, шаарлар бомбаланды. Тескерисинче, бүтүндөй этностор же диний топтор зордук-зомбулукка учураган кезде ички ишине кийлигишпейбиз деген позицияны бетке кармашат. Территориалдык бүтүндүк принциби элдердин өз тагдырын өзү аныктоо принцибине дайыма шайкеш эмес экен. Формалдуу плебисциттер, сырттан кийлигишүү аркылуу жаңы мамлекеттер пайда болду, эскилери кыйрады.

Эл аралык мыйзамдардын бирде иштеп, бирде иштебей калышынын факторлору доктриналдык, геосаясий жана цивилизациялык факторлор деп ажыратышат окумуштуулар. Аныгында эл аралык мыйзамдардын тагдыры ошол укуктун субъектилерине жараша болмогу реалдуулук. Тарых да ушуну тастыктап турат. Юридикалык реализм жана саясий объективдүүлүк теориясы эл аралык укуктун субъектилери үчүн майдай жагат. Анткени бул теория укук абстрактуу ченем эмес, шартка жараша чечимдерди кабыл алуу процесси деген идеяны негиздегенге колдонулат. Укук менен саясий зарылчылыкты тандаганда саясий кызыкчылык чечүүчү мааниге ээ экендигине башкаларды ынандырууга аргумент.

Алдуусу алсызын баса калган же мыйзамдардын бир беткей колдонулушун, кош стандарттар көрүнүшүн талдаган адистер “Эл аралык мамилелер мамлекеттердин жашоо үчүн күрөшү, кыйындары гана жашап кетет” деп жаңы “дарвинизмди” ойлоп табышты. Бул эл аралык масштабда укуктук нигилизмге жол ачты. Орус-украин согушу жүрүп жатат. Украина аймактарынан ажырады. Калаалар ракеталар, дрондор менен аткыланууда. Бул апаат эл аралык укуктун позициясынан кандай укуктук баа алат? Берилген баага көнөбү Москва, ынайбы анын өнөктөштөрү сымал көп суроолор кыйла убакыт бою жоопсуз калышы да мүмкүн.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки эл аралык макулдашууларга ылайык химиялык куралды колдонууга тыюу салынган. Экинчи дүйнөлүк согуш башталып, айласы куруган СССР, Франция, Англия, 1945-жылы жеңилип бараткан Германия менен Жапония химиялык куралды колдонгон эмес. Баарында тең андай курал жетиштүү эле. Демек мыйзамдар кайсы бир деңгээлде сакталган. Андан тышкары, чексиз азап-тозок алып келе турган куралды колдонууга эч кимиси дааган эмес.

Футуролог Том Клэнси “Кызыл бороон” ("Красный шторм поднимается") деген 1985-жылы жарык көргөн китебинде НАТО менен Варшава келишиминин ортосундагы “согушту” жазган. Китепте өзөктүк куралга ээ мамлекеттер бул куралды колдонгон эмес, ага жетмек тургай, ушул куралды колдонуу маселесин фантастикалык китептин каармандарынын талкуулаганы талашка түшкөн. Жазуучуга “Не шумдукту айтып, үрөй учуруп турат бул, фантастиканын да чеги болот” деген айыптоолор тагылган. Эми эски китептин каармандары азыр экрандан көрүнүп, эгер бизге тийишсе өзөктүк куралды колдонууга аргасызбыз, бул опуза эмес деп сүйлөп жатат.

2000-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын “Миң жылдыктын декларациясында” эл аралык жана ички маселелерде мыйзамдын үстөмдүгүнө жетишүүгө баарыбыз чечкиндүү күрөшөбүз деп жарыяланган. 2010-жылы Башкы Ассамблеянын 65-сессиясында мыйзам үстөмдүүлүгүнө басым жасалган. Бирок эл аралык мыйзамдардын жана универсал принциптердин сакталышын камсыздоо оор проблемага айланууда. Ушул өзөктүү принциптер ченемдик-укуктук аныктамалар менен бекемделбегендиктен айрым мамлекеттер жана эл аралык органдар өз кызыкчылыктарына жараша аракеттенип жатат дечүлөр да арбын.

Анткени, ошол мыйзамдарды сактоого тийиш мамлекеттердин ар биринин өз чындыгы бар. Ошол мыйзамдардын сакталышына кепил болгон эл аралык институттар ага жараксыз. Себеби ошол институттардын мүчөлөрү бир эле көрүнүштү ар башка баалап, карама-каршы позицияда. Жогоруда айткандай бирөөлөр аннексия десе, экинчилери элдин мыйзамдуу мүдөөсү дейт. Глобалдык атаандаштык, каршы туруу шартында эл аралык укуктун жоболорун сакталышы эң негизги коркунучтардын бири. Мыйзам менен кызыкчылыктардын кагылышы эзелки көйгөй. Эмки заманда масштабы кеңейди, түрдүү формага ээ болду.

Ушул коллизияларды жана проблемаларды чечүү зарыл. Мамлекеттердин территориялык бүтүндүгү менен элдердин өз тагдырын өзүн аныктоо принциптери карама-каршы келиши ыктымал. Дүйнөнүн саясий картасы чийилип, мамлекеттердин чектери сызылып бүтө элек. Бардык континенттерде өз алдынча мамлекеттүүлүккө умтулган ондогон ири этностор, этноконфессионалдык, этносаясий топтор аз эмес. Европанын өзүндө да сепараттык тенденциялар бар.

Мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүнүн шарттары жана чектери да так аныкталышы абзел. Ушул аныктамалар камтылган БУУнун уставы да өзгөртүлүшү керек. БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүү демилгесин бир топ мамлекет сунуштап келет. Соңку ирет Түркия эмоционалдык маанайда көтөрдү бул маселени. Кеңештин курамын, укуктары менен милдеттерин, чечим кабыл алуу, аткарылбаса, жоопкерчилигин кароо мехнизмдери да даана белгиленүүгө тийиш.

Ошентип, эл аралык мамилелерди укуктук жөнгө салуу зарылдыгы менен учурдагы укуктук кырдаалдын ортосунда айырма итапкан. Демек эл аралык укуктар системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү кажет. Мамлекеттик эмес ири эл аралык структуралардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу механизмдер керек. Аскерий менчик компаниялардын иши, согуш мыйзамын бузганы үчүн жоопкерчилик, согуштук кылмыштар ж.б. кайрадан карап, оңдоп-түзөө зарыл. Маселен орус-украин согушунда менчик аскердик кампаниялар эки жактан тең катышып жатат. Алардын согушка катышуусунун легитимдүүлүгү жана жалданмалардын жоопкерчилиги талаштуу бойдон.

Укуктук ченемдерди өзгөртүү ишинде улутук мыйзамдардан жогору турган жоболор менен улуттук мыйзамдардын шайкештиги талаш жаратат. Муну да талкуулап чечсе болот. Ансыз конфликттик кырдаалда ар ким каалагандай интерпретациялаганга кенен мүмкүнчүлүктөр сакталып кала бермеги анык.

Бул ишти идеологиялык жана саясий догмалардан башы бош илимий негиздүү күн тартибин түзүп, ошол тартипте алдыга жылдыруу абзел. Адегенде эл аралык укуктук конференцияларда талкууланып, орток пикирге келген соң БУУнун чоң жыйынында кабыл алынышы керек.

Эл аралык укуктун, анын ичинде БУУнун бардык системалары суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн. Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша. Суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG