Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Рим статуту эмнеге керек?


Медер Айтмырзаев.
Медер Айтмырзаев.

Медер Айтмырзаев - укук таануучу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Баткендеги чек арада болгон каргаша кыргыз калкы менен бирге эл аралык коомчулукту ойго салды. Акыркы агрессиялык чабуулда ондогон кишинин өмүрү кыйылып, көптөгөн турак-жай талкаланып, оор кылмыштар орун алды. Эл аралык укукта чек арада курал колдонууга канчалык деңгээлде уруксат берилет же чектелет? Эл аралык кылмыш сотунун ролу кимдир бирөөнүн агрессиясынын контекстинде кандай мааниге ээ?

Согуштун табияты

“Мамлекеттер дагы адамдарга окшош”, – дейт политолог Александр Вендт. Алар табиятында куду адамдар сыяктуу өз эркиндигин камсыз кылуу үчүн чебелектейт. Эл аралык мамилелерде “неореализм” теориясынын негиздөөчүсү Кеннет Уолтц бийлик “күч саясатын” гана колдонбостон, экономикалык кызыкчылыктар үчүн согуш баштайт дейт. Эгерде Вендт өлкөлөрдү адамдарга салыштырса, Уолтц аларды рыноктогу ири корпорацияларга салыштырат.

Согуш “жаратылыштын бир бөлүгү” деп эсептегендерден бири Томас Гоббс. Ал тартип, мыйзам жана адилеттик жок жерде адамдардын көбүрөөк бийликке умтулуусунан “баарынын баарына каршы согушу” тутанат деген. Мамлекеттер өз пайдасын көздөгөн башка өлколөрдүн кол салуусунан коргонуу үчүн согушка кирет. Дүйнөдө башаламандыктарды болтурбоо үчүн эл аралык укук кабыл алынган.

Өзгөчө эл аралык укук принциптери Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин актуалдуулукка ээ болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюму түзүлүп, дүйнөлүк согуштарга чекит коюлду деп жарыяланган.

Эл аралык кылмыш соту

Кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу болуп жаткан Эл аралык кылмыш соту 1998-жылы Италиянын борбору Рим шаарында Рим статуту аркылуу түзүлгөн. 2002-жылы туруктуу эл аралык жазык соту катары ишке кирген. Согуш кылмыштарын териштирген Нюрнберг трибуналы, Руанда трибуналы жана Югославия трибуналдарынын (ad hoc) ордуна туруктуу түзүлгөн. Учурда Рим статутун БУУга кирген 123 өлкө ратификациялаган. 31 өлкө кол коюп, бирок ратификациядан өткөргөн эмес. 41 өлкө такыр кошулган эмес.

Баш кеңсеси Гаагада турган сот - эл аралык коомчулукту кооптондурган эң оор кылмыштар үчүн жооптуу адамдарга карата юрисдикцияны ишке ашырууга ыйгарым укуктуу.

Рим статутун Тажикистан 1998-жылы ратификациялап, аны аткарууга милдеттенме алган. Кыргызстан эл аралык документке 1998-жылы кол коюп, бирок толук ратификациядан өткөрө элек.

Рим статутунда төрт кылмыш түрү каралат:

a) геноцид;

b) адамзатка каршы кылмыш;

c) аскердик кылмыш;

d) агрессиялык кылмыш.

Рим статутунда жоопкерчиликти бүтүндөй мамлекет эмес, кылмышка тиешеси бар жеке адамдар тартат. Эл аралык соттун тажрыйбасында булар көбүнчө мамлекет башчылары, генералдар же жогорку кызматта буйрук берген саясий фигуралар.

Дүйнөдө Эл аралык кылмыш сотун сындагандар да бар. Рим статутун чоң державалар (Орусия, Кытай, АКШ, Иран, Түркия) толук ратификациялаган эмес. Ошондуктан эффективдүү сот органы боло алган жок деген пикир басымдуу.

Мисалы, Украина 2014-жылдан бери өлкөсүндө жасалган аскердик оор кылмыштарга байланыштуу Орусиянын аткаминерлерине каршы Гаагадагы сотко кайрылганы менен натыйжалуу жыйынтыкка жете албай келет. Бул Жакынкы Чыгыш жана Ооганстанда жасалган аскердик кылмыштарга да тиешелүү. Анткени бул аталган чөлкөмдөрдө согуштук процесстерге катышкан бир дагы өлкө Рим статутунун мүчөсү эмес.

Эл аралык кылмыш сотунун 18 жылдык тажрыйбасында 25 иш козголуп, 6 иш иликтенип, доо арыздын негизинде сот төрт айыптоо чечимин чыгарган. Булардын көбү Африка континентин өлкөлөрүнө туура келет. 2008-жылкы Грузия-Орусия согушунда Грузиянын доо-арыз соттук кароого алынган.

Кыргызс бийлиги Тажикистан менен чек-арадагы көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен эл аралык укук механизмдеринин алкагында чечүүгө кызыкдар экенин билдирип келет. Бирок бул көйгөй жакын арада чечилбей тургандай туюлат. БУУнун трибунасында президент Садыр Жапаров “Тажикистан тараптан агрессиялык чабуул” болгондугун дүйнө коомчулугуна билдирди. Пост-советтик чөлкөмдө орун алган геосаясий жаңжалдар (Орусия-Украина, Азербайжан-Армения) региондо аскердик кагылуушулар узакка созулуп кетишинен кабар бергендей.

Кыргызстандык юристтер коомунун тажик бийлигине каршы Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна 2021-жылкы агрессиядан улам берген доо арызы каттоого алынган. Ушул жылдын 14-17-сентябрындагы окуяларга байланыштуу да далил материалдар топтолуп, экинчи доо арыз даярдалып жатат.

26-сентябрда Кыргызстандын Юстиция министрлиги Рим статутун ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Мындай аракеттер натыйжалуу жыйынтыктарды берип, жакшы укуктук прецедент жаратышы мүмкүн.

Жогоруда айтылган жүйөлөрдүн негизинде Жогорку Кеңеш Рим статутун ратификациялашы зарыл деп ойлойм. Бул кадам өлкө коопсуздугуна оң натыйжа берет, потенциалдуу аскердик кагылышуулардын алдын алат, чек ара маселелеринин чечилишин укуктук талаага алып келет.

Жыйынтык

Уолтц согушту жөнгө салуунун биринчи образы - адамдын табияты жана жүрүм-туруму деп айткан. Неореализмге ылайык, учурдагы жана өткөн согуштардын негизги максаты экономикалык кызыкчылыктар болгон. Неореалисттик алкакта мамлекеттердин ортосундагы атаандаштык улам күчөп, тышкы коркунучтарга даяр турууну талап кылат. Мамлекеттин өз кубатын арттыруу түшүнүгү бир гана аскердик тармакты эмес, экономикалык, илимий жана маданий өнүгүүнү, аны менен бирге саясий туруктуулукту камтыйт.

1945-жылы БУУ түзүлгөндөн бери эл аралык укуктун жана адам укуктарынын негизги принциптерине каршы келген куралдуу кагылышуулар дүйнөнүн ар тарабында дагы деле уланууда.

Мындай кырдаалда француз социологу Эмиль Дюркгеймдин “эл аралык укук асмандагы жылдыз сыяктуу, аны көрөсүң, бирок ага жете албайсың” деген сөзү эске түшөт. Ошентсе да эл аралык укук ар кандай согуштарды токтотууга маанилүү инструмент болуп бере алат деген үмүт бар. Болбосо андан мыкты ыкманы адамзат таба элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG