Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Жерибизди бербейбиз, ачууга алдырбайбыз


Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

Абдыганы Эркебаев - Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы. Жогорку Кеңештин экс-спикери. Академик, окумуштуу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

“Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” аттуу макаламды “Эркин-Тоо” газетасы мындан чейрек кылым ашык мурда, 1996-жылы 31-июлда жарыялаган эле. Анда 1989-жылдын жазында болгон кыргыз-тажик жер талашынан чыккан кандуу жаңжал, 1991-жылы СССР ыдырагандан кийин Тажикстанда жүргөн жарандык согуш, анын кесепетинен Кыргызстанга аргасыз көчүп келген он миңдеген качкындар, ошол учурда биздин Тажикстанга көрсөткөн ар тараптуу көмөгүбүз, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин 1996-жылы 12-июлда Тажикстанга расмий сапар менен барышынын натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимге, эки тараптуу маселелерди кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясын түзүү боюнча протоколго, маданият, илим, билим берүү, эл аралык автомобилдик карым-катнаш жана соода-экономикалык кызматташтык жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлганы тууралуу айтылган.

“Ошентип, эки өлкөнүн ортосундагы эң чоң дипломатиялык жана саясий кадам жасалды. Өз ара ишенбөөчүлүк, бири- бирин күнөөлөө артта калды, алдыда эки элдин ынтымагын бекемдөөгө, өз ара таарынычын жазууга жол ачылды деп үмүттөнгүбүз келет”, - деген тыянак чыгарылган болчу.

Андан бери эмнелер болду? Кыргыз-тажик мамилелери кандай нукта өнүктү? Азыр кандай абалда? Келечеги кантет?

Ачык эле айтыш керек, биз Тажикстанга мурдагыдай эле достук, жакшы коңшулаштык мамилени сактап келдик, атүгүл Тажикстандагы жарандык согуштун токтошуна убагында чоң салым коштук: 1997-жылы майда А.Акаев апасынан айрылып, аза күтүп жатканына карабастан Бишкекте Тажикстандын президенти Э.Рахмонов менен оппозиция башчылары С.Нури жана А.Тураджонзаданы жолуктуруп, бет маңдай сүйлөштүрүп, акырында эки тараптын улуттук жарашууга кол коюшуна жетишкен, ал келишим бир аздан соң Москвада күбөлөндүрүлүп ишке кирген.

Бул тарыхый чоң окуядан кийин да Тажикстандын ички жана тышкы абалы, чек аралары бек болбой, аймактарынын ичинде жана сыртында сакалчан жоочулар ээн-эркин сайрандап жүргөн. Алар эки жыл (1999-2000) удаасы менен биздин аймактарыбызга (Баткен, Кадамжай, Чоң-Алай, Чаткал) басып кирип, Өзбекстандын аймагына өтүүгө аракет кылышкан. Анда да биздин элибиз, каарман аскерлерибиз бир чети жабыр тартып, экинчиден эрдик көрсөткөн.

Ошого карабастан биз тажик эли, мамлекети менен алака үзбөй, ар тараптуу адамдык жана расмий мамилелерди ар кандай деңгээлде улантып келдик. Президенттер, өкмөт, парламент, министрлик жетекчилери жолугушуп, документтерге кол коюп жатты. Айталы, мен өзүм Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганымда Э.Рахмон, Тажикстан парламент башчылары, Улуттук илимдер Академиясынын президенти кезимде тажик кесиптешим менен жолугушуп сүйлөшкөм.

2002-жылдан бери эң оор маселе – кыргыз-тажик чек арасын аныктоо жана ажырымдоо боюнча эки тараптуу суйлөшүүлөр жүрүп келатат. СССРден мураска калган бул татаал иш өтө кыйынчылык менен өтүп жатканын жакшы билебиз. Себеби Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмунун уставында жана СССР тараганда КМШны түзгөн документтерде ачык белгиленген жана таанылган укуктук ченем-талаптарды (мамлекеттердин чек араларынын кол тийбестиги жана бүтүндүгү) эске албастан, биздин жерлерибизге көз артып, каяктагы эски документтерди көтөрүүдө жана акырындап куралдуу чагымчылдыкка, ачыктан ачык кол салууга өтүүдө. Муну 2021-жылы жаздагы жана жакын арадагы кандуу окуялар кашкайта далилдеди. Эмне үчүн ушундай болууда?

Биринчиден, Тажикстан улуттук жарашуудан кийин ич ара тынчып, саясий туруктуулукка жетишип, экономикасы аз болсо да оңолуп, бутуна туруп, кичине эрдемсип калды.

Экинчиден, Э.Рахмон акырындап оппозицияны күч менен жок кылып (камап, өлтүрүп, чет өлкөгө качырып, Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салып, саясий каршылаш башка партияларды да куугунтуктап), өзүнүн үй-бүлөлүк режимин орнотту. Азыр бийлигин уулуна өткөрүп берүүнүн айла-амалдарын көрүүдө.

Үчүнчүдөн, Тажикстанда демографиялык кризис күчөөдө. СССР кыйраганда калкы биз сыяктуу 3,5 миллион болсо, азыр 10 миллионду чапчууда. Абал айрыкча калкы жыш Согд областында, анын ичинде Ворух, Чорку аймактарында өтө оор, себеби жер жок.

Төртүнчүдөн, Тоолуу Бадахшанда абал тынч эмес. Муну былтыркыдан берки кандуу окуялар көрсөттү.

Бешинчиден, Ооганстанда “Талибан” бийликке келгени Тажикстандын геосаясий абалы начарлады, ал ооган жактагы тажик оппозициясын колдоого өттү. Бул багытта (ооган маселесинде) Орусияга, анын 201-дивизиясына таянууда. Өз кезегинде, талибдер Тажикстанды коркутууда. Ушундай ички жана тышкы кырдаалда Э.Рахмон өз элинин көңүлүн башка жакка – Кыргызстанга буруп, алаксыткысы келүүдө.

Алтынчыдан, биз эске алчу дагы бир маанилүү жагдай бар. Ал Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда, Согд областында жашаган кыргыздардын абалы. Түпкүлүгүндө кыргыздар жердеген райондордо жана Баткенге чектеш Согд областында кыргыздар жашаган айыл-кыштактарда акыркы он жылдардан бери тажиктештирүү саясаты ырааттуу жүрүүдө: кыргыздарды куугунтуктап көчүрүү, алардын үйлөрүнө тажиктерди жайгаштыруу, жетекчиликке тажиктерди дайындоо, кыргыз мектептерди кыскартуу, кыргызча аталыштагы жерлерди тажикчелетүү ж.б..

Маселен, Жерге-Тал району Лахш деп аталып калды. Мен аталган райондордогу жана Согдидеги абалды жаш күнүмдөн бери жакшы билем, анткени ал жерлерди өз көзүм менен көп жолу көргөм, аяктарда туугандарым, досторум азыр да жашайт. Биз ал жактарда жашаган бир боорлорубузга кам көрүүгө милдетүү болсок да өз ара расмий мамилени бузуп албайлы деп, Тажикстанга бул маселени ачыктап коё албай келдик.

Демек, чек арадагы көп жылдардан берки чагымчыл аракеттер, акыркы кандуу жаңжалдар, кол салуулар Тажикстандын атайын жүргүзүлгөн ички жана тышкы саясатынын натыйжалары. Муну Тажикстандын тышкы иштер министри С.Мухриддин БУУда сүйлөгөн сөзүндө дагы бир ирет ырастап, ачыкка чыгарды, бизге аймактык доомат айтты.

Өз кезегинде өзүбүз тараптан да кемчиликтер кеткенин да моюнга алууга тийишпиз. Айталы, биздин жооптуу аткаминерлердин Ворух, Өзгөн – Кара-Сууну бойлогон, Кемпир-Абад, Ала-Букадагы айрым жерлер боюнча сүйлөгөн эмоционалдуу сөздөрү эки жакта тең кызуу кабыл алынып, ар түрдүү реакцияны жаратты, Өзбекстан менен маселени чечүүнү кечеңдетти (С.Жапаровдун 2021-жылы мартта Ташкентте расмий сапарда жүргөнүндө айтканы боюнча үч айда кол коюлмак).

Тажик-кыргыз чек арасындагы абал тынчыбастан эки жолку кандуу согушка, оор жоготууларга, кыйроолорго чейин жетти, орбитасы, чабыты кеңейип, Чоң-Алайды кошо камтыды.

Албетте, элибизге, жоокерлерибизге миң мертебе ырахмат, бирок тажик аскерлеринин жана жоочуларынын эки ирет тең чек арабызды басып кирип, аскерлерибизди жана тынч жарандарыбызды өлтүрүп, жарадар кылып, үйлөрүн, базарларды, социалдык мекемелерди өрттөп, талап-тоноп, жергиликтүү элди жапырт качууга жана көчүрүүгө мажбур кылганын кантип түшүндүрөбүз!

Ырас, чек араны чыңдоо, бекемдөө боюнча мамлекет тарабынан аракеттер көрүлдү, бирок алар жетишсиз болуп чыкпадыбы. Мисалы айтсак, чек арачыларга эң керектүү болгон калкан кийим, байланыш каражаттары, түнкү көрүү шаймандары, дрондор жетишсиз турбайбы. Мен муну былтыр жана быйыл Баткен областындагы жана Чоң-Алайдагы чек ара тосотторун уулум менен кыдырып, ошондой шаймандарды жардам иретинде алып барганыбызда көргөм.

Экинчиден, биздин чалгын жана контрчалгын кызматтарыбыз талаптагыдай эмес экен, алар ыкчам талдоо жана стратегиялык болжолдоо, мерчемдөө, алдын алуу иштерин, маалыматтык согуш жана дезинформация өнөрүн ойдогудай жүргүзө алышпаганын көрсөттү. Ал аз келгенсип К.Ташиев менен Коопсуздук кеңешинин катчысы М.Иманкуловдун сөздөрү эки ача, карама-каршы чыгып жатты.

Акырында, Тышкы иштер министрлигибиз да маалыматтарды чет өлкөлөргө чагылгандай тез, чапчаң тарата албаганы өкүнүч туудурду. Бул жактан Тажикстан алдын ала даярданып тез кыймылдады. Мындай ишти колго алууга биздин жарандык активистер, журналисттер, блогерлер чоң салым кошконун канааттануу менен белгилөө керек.

Эң оор учурларда – былтыр жана быйыл өлкө башчысы С.Жапаров жалпысынан туура позицияны карманды: элге кайрылып, биримдикке чакырды, тышкы агрессияны айыптады, Самарканддагы саммитте Э.Рахмон менен жолукту, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына учуп барып, эл аралык жамаатташтыкка болгон окуялар тууралуу кеңири жана ачык, так айтып берди.

Албетте, ал мындай сөздү “Темирди кызуусунда сок” дегендей, Самарканддагы сөзүндө айтканда чоң резонанс, эффект туудурмак, бирок президент ШКУнун жалпы атмосферасын, духун бузбайын деди окшойт. Муну түшүнсөк болот. Президент Самарканддан ары түз эле жакын турган Баткенге барып, карайлап турган элинен кабар алып, көңүл жубатса андан бетер жакшы болмок.

Эми эмне кылуу керек? С.Жапаров былтыркыдай эле жарлыктарды чыгарып, зарыл чараларды көрдү. Алар – элди тынч турмушка кайра алып келүү, ал үчүн зарыл шарттарды камсыздоо. Бул, албетте, биринчи кезектеги иштер. Бирок былтыркыдай кылып, бардык чыгымдарды кайра өзүбүзгө алып кыйраткан, өрттөлгөн үйлөрдү, мекемелерди кайра куруу бир жактык иш деп ойлойм. Анткени кыргыздын белгилүү баянында “Айда туусам айда жок, күндө туусам күндө жок” дегендей, биз кура берсек, тажик тарап талкалап, кыйратып, өрттөп, талап-тоноп кете берсе кандай болот? Анын үстүнө азыр тосотторду да алып койдук. Ошондуктан былтыр да, быйыл да келтирилген зыянды Тажикстандан төлөтүш керек.

Экинчиден, “болоору болду, боёсу канды” дебестен, эч нерсе болбогонсуп окуяларды жаап-жашырып койбостон, былтыркы жана быйыл болуп өткөн кандуу кагылышты президент менен парламент терең талдап, териштирип, себептери менен кесепеттерин ачыкка чыгарып, күнөөлүүлөрдүн саясий жана укуктук жоопкерчилигин кароосу зарыл. Ансыз мындай иштер улана берип, өнөкөт болуп калышы ыктымал.

Үчүнчүдөн, Тажикстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүгө тарыхый билими терең, дипломатиялык даярдыгы мол, ийкемдүүлүк менен бекемдикти эриш-аркак туткан токтоо, сабырдуу, ашыкча сүйлөбөгөн жаңы адамды дайындап, жаңыча иш жүргүзүш кажет деп ойлойм.

Себеби эл аралык тажрыйбада андай ишти демейде адис адам жетектейт, коопсуздук кызматы, чек араны кайтаруу, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр бийликтин ич ара бөлүнүшү жана өз ара таразаланышына ылайык бир колго топтолбойт. Эгер топтолсо – бир адамдын үстөмдүгүнө, өзүм билемдигине жол ачылат. Ушу мааниде жана Баткендеги абалга байланыштуу эмне үчүн ошол жактык, коопсуздук, финансы-банк, экономика маселерин жакшы билген Султан Айжигитов менен Улукбек Кочкоров пайдаланылбайт деп көп ойлоном.

Төртүнчүдөн, Тажикстан менен болгон кандуу кагылыштар, Орусия менен Украинанын согушу, Азербайжан менен Армениянын кайра-кайра жанданган жаңжалдары, Ооганстандагы кырдаал бизде коопсуздук маселесин алдыңкы планга чыгаруу, аскердик реформа жасоо, аймактык коргонуу жоокерлерин түзүү, мектептерде жана жогорку окуу жайларында аскер ишин кайрадан жандантуу сыяктуу зарыл маселерди жаратат. Ушул өңүттө биз өзүбүзгө окшогон кичине Израил, Финляндия, Швейцариядан үлгү алганыбыз абзел.

Жалпысынан Тажикстандын кол салуусунан улам түзүлгөн кооптуу кырдаал жана дүйнөдө өтүп жаткан татаал жана катаал жараяндар бизден төмөнкүдөй чукул жана келечектүү кадамдарды талап кылат.

  1. Улуттук ынтымакты, биримдикти ыйык сактоо жана кастарлоо, саясий күрөш улуттук ынтымакка зыян келтирбеш керек.
  2. Жалкоолукту, ыкшоолукту, кош көңүлдүүлүктү – улуттук терс сапаттарды таштап, шымалана жапырт иштеп, экономиканы көтөрүү, социалдык турмушту оңдоо, шаан-шөкөтткө, ысырапкорчулукка жол бербөө.
  3. Илимге, билимге, маданиятка, саламаттык сактоого, инновацияларга, кыскасы, акыл-эске артыкчылык берүү.
  4. Күчтүү армияга, коопсуздук жана укук коргоо органдарына ээ болуу.
  5. Жаратман жарандык коомду колдоо.
  6. Эл аралык белсемдүү, зирек саясат жүргүзүү.
  7. Бул иштерди ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык тармактарда жана чөйрөлөрдө жердешчиликке, тууганчылдыкка, дос-жарлыкка жол бербей, таланты, жөндөмү, шыгы, билими бар адискөйлөрдү жашына, улуу-кичүүсүнө карабай алдыга сүрөө.

Биздин ураан: “Жерибизди эч кимге бербейбиз, ачууга алдырбайбыз, акыл жана ынтымак менен жеңебиз!” деген болушу керек. “Ачууга алдырбайбыз” дегеним – биз кылымдарды карытып, коңшу жашап жаткан тажик калкына жана Кыргызстанды жердеген тажик туугандарыбызга кас мамиле жасабайбыз, танчтыкты сүйгөн жана адам эркиндигин, этникалык азчылыктардын укуктарын сыйлаган, демократияга умтулган өлкө катары Тажикстанга, эл аралык коомчулукка жакшы жактан үлгү болушубуз керек.

Улуттук Илимдер академиясынын бөлүм башчысы, профессор Саламат Аламановдун чек араны чечүүнүн тарыхы тууралуу маегин видеодон көрө аласыз.

"Чек ара кошунага ишенгенде гана чечилет"
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:25 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG