Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Жек көрүү менен маселе чечилбейт


Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Мындан беш-алты жыл мурда Фейсбукта бир казак акын кыз менен таанышып калдым. Жакшы ырларды жазчу. Анын ФБга илген ырларына анча-мынча пикир айтып, жеке куржун аркылуу да кат алышып, экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир рухий жакындык пайда болгонсуду. Ал мага шык-жөндөмдүү гана эмес, сылык-сыпаа, адамгерчиликтүү, жан дүйнөсү бай, өзгөчө кыздай көрүнчү. Бирок экөөбүздүн алты айга созулган мамилебиз бир заматта үзүлдү да калды.

Бир күнү ФБга баш баксам казак туугандар кыргыздарды ашатып сөгүп жатыптыр. Ал эми менин акын досум, жанагы кыз кыргыздарга азыр эле согуш аччудай болуп тим эле туталанып алган. Кыскасы, казак боордоштор биринен сала бири, кезек менен кыргыздарды жамандап жатат. Алгач эмне болуп кетти деп, катуу таң калдым. Көрсө, жанагы кыз кыргыздар казак ханы Кененсары менен анын иниси Ноорузбайды өлтүргөндүгүн окуп алып, ошого бизди жек көрүп жатыптыр.

"Кыргыздарды жакын тууганыбыз деп жүрсөм, анык душман турбайбы! Кененсарыдай үлкөн ханыбызды мыкаачылык менен өлтүргөн эл бизге эч качан тууган болбойт!" - деп жазса, бөлөктөрү аны дароо коштоп, кыргыздардын башка "душмандыктарын" айта баштады.

Мен буга чейин сыйлап жүргөн акын кыздын эмоцияга жеңдирип, жаштык максимализми менен ашыкча кетип жатканын түшүнүү менен эле кабыл алдым. Мен ага өтө сабырдуулук менен казак менен кыргыз түбү бир атанын балдары экендигин, дүйнөдө кыргызга казактан, казакка кыргыздан жакын эл жок экендигин айтып түшүндүрүүгө аракет кылдым. Эгер Кененсарыны кыргыздар өлтүрсө, биздин Жайыл баатыр эки уулу менен казактардын колунан каза тапканы, негизи карапайым эл эч качан бири-бирине душман болбой тургандыгын, аларды дайыма башчылары же чагымчы-бузукулар касташтырып келе жаткандыгы тууралуу айттым.

Ал мени такыр уккусу келген жок. Айлам кеткенде Токтогул менен Жамбылдын, Айтматов менен Шахановдун тарыхый достугу жөнүндө жаздым. Мухтар Авезовдун «Дүрбөлөң заман» повестин окуп чыксаң көп нерсени түшүнөсүң дедим. Тилекке каршы, мен ал кызды ынандыра алганым жок. Ошентип, экөөбүздүн достугубуз аягына чыкты.

Мени бушайман кылганы, комментарий жазып жаткан казактардын бири да: «Эми бул тарых. Тарыхта ар кандай окуялар болуп келген. Ошол эле биздин Абылай хан кыргыздырды чаап, канча жолу бүлгүнгө учураткан. Өткөндү эстеп, кыргыз боорлорду минтип каралап жатканыбыз жарабас», - деп айтпады.

Мындан бир айдай мурда Украинанын саясий лидерлеринин бири: «Орус болдубу, мейли ал ким болбосун, оппозицияда болобу, путинчил болобу, Орусияда жашап жатабы, демек, ал менин элдешкис душманым!» - деди. Ал бул сөздү ушунчалык жек көрүү менен айтты. Аны да түшүнсө болот, Орусия Украинанын канчалаган шаарларынын күлүн көккө сапырды, тынч жаткан элдин турмушун тозокко айлантты, бейкүнөө элдин канын төктү.

Бирок бул үчүн жалпы орус элин күнөөлөгөн туурабы? Путин жана анын айланасындагылардын кылмышы үчүн жалпы орус эли жооп бериши керекпи? Путиндик агрессиянын алгачкы айларында эле бир миллиондон ашуун киши согушка каршы кол топтогонун билебиз. Учурда он миңдеген адамдар согушту жектегени үчүн кармалган жана мындай камоолор күн сайын жүрүп жатат. Илья Яшин, Владимир Кара-Мурза, Андрей Пивоваров, Леонид Гозман, Алексей Горинов ж.б. белгилүү саясатчылар согушка ачык каршы чыкканы үчүн темир тордун артында отурушат.

2010-жылы күзүндө Орусиядан Ошко келип, элдин маанайын, өзбек-кыргыз жаңжалында өрттөнүп, кыйраган имараттарды көрүп катуу зээним кейиди.

Эртеси азык-түлүк базарына барып, күрүч алып жатсак, менин жанымда жүргөн иним өзбек улутундагы сатуучуга ороюраак сүйлөп койду. Мен ал жерде үндөгөнүм жок, бирок батирге келгенден кийин аны катуу уяткардым.

"Өзүңдөн улуу кишиге да ушундай мамиле кыласыңбы?! Эсиңде болсун, эч качан бүтүндөй бир улутту же элди жамандаган же жек көргөн болбойт. Ар бир элдин арасында бузукулары, чагымчылары болот, алар үчүн жалпы элди күнөөлөп жатканың туурабы? Же андайлар бизде жок дейсиңби? Экинчи минтпей жүргүн!", - дедим.

Ырас, Оштогу каргашадан кийин өзбек туугандарды жек көрүп жүргөндөр өтө көп эле, Кудайга шүгүр, бүгүн минтип алар менен мамилебиз жакшы. Кечээги тажик-кыргыз жаңжалында да алар бизге чоң адамкерчилик кылды.

Өкүнүчө жараша, бүгүн дээрлик баарыбыз тажиктерди жамандап жатабыз. Атүгүл Каныкей энебизди тажик болгон эмес дегенге чейин жеттик. Биз тажик бийлиги, тажик өкмөтүнүн саясаты менен жалпы тажик элин айырмалай билишибиз керек. Путин жана анын жактоочулары 145 миллион орус элин түзбөгөндөй эле, учурдагы тажик бийлигин да жалпы тажик эли деп түшүнбөшүбүз керек. Чек арадагы тажиктердин агрессиялык кол салуусун кескин айыптагандар тажик улутундагылар арасында да көп болду.

"Эй, наадандар! Силер тажиктерди дүйнөгө уят кылып жатасыңар! Үйлөрдү эмне үчүн өрттөйсүңөр, мектепти бүлүндүрүп, кыйратып койгонсуп ага тажиктин байрагын илип койгонуңар эмнеңер? Мындай жосунсуз жоругуңар менен силер жалпы дүйнөлүк коомчулукка бүтүндөй тажик элин жапайы көрсөтүп жатасыңар. Анча кыйын экенсиңер башкаларга маданиятыңар, илим-билимиңер менен таанылбайсыңарбы?! Азыр курал менен маселе чече турган заман эмес. Ар кандай көйгөйдү атышпай эле тынч жол менен чечсе болот эле да!", - Ютубдан бир тажик жигит күйүп-бышып ушинтип айтты.

Мен анын айткандарына толугу менен кошулам. Мындан ары чек арадагы бир дагы жайкын тургун каза болбосун десек, бир дагы жоокер бөөдө өлүмгө учурабасын десек, ата-энелердин көз жашы төгүлбөсүн десек, наристелерибиздин уйкусу бейпил болсун десек, бардык маселени дипломатиялык жол менен чечишибиз зарыл. Ар кандай чагымга алдырбай, үчүнчү күчтөрдүн кийлигишүүсүнө (эгер алар чын эле бар болсо) такыр жол бербешибиз абзел.

Албетте, биринчи кезекте аскердин сапаттык деңгээлин жогорулатуу керек. Бизге заманбап курал-жарактар менен жабдылган, бүгүнкү күндүн ар кандай чакырыктарына ыкчам жооп кыла турган мобилдүү аскер зарыл. Бирок мындан да зарылы, биз чек арачыларыбыздын психологиялык-эмоционалдык абалына өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз.

Башкача айтканда, алар менен күчтүү психологдор, конфликтологдор иш алып барышы шарт. Мейли офицер болобу, мейли катардагы жоокер болобу, конфликтологиянын зарыл көндүмдөрүнө ээ болушу керек. Алар ар кандай курч кырдаалдарды октун эмес, сөздүн (ынандыруунун) күчү менен жайгара тургандай болсун. Ошондо биздин аскер тынчтыкты коргоочу (Ч. Айтматов) аскерге айланат.

Сөзүмдүн акырында айтарым, биз каалайбызбы, каалабайбызбы, тажиктер менен мунаса табышыбыз керек. Анткени дүйнө чайпалып турат. А тажиктер биздин эң жакын кошунабыз. Бүгүнкүдөй заман устаранын мизинде турганда кошуналар достошуп, бир муштумдай бирикпесек, күчтүү державалардын тепсендисинде калабыз. Учурда биз үчүн мындан өткөн коркунуч жок. Муну тажик эли да түшүнүшү абзел.

Аким Кожоев

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG