Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Коркутуу, азгыруу жана алдоо.... Украинадагы согушка тартылган мигранттар


Орусиянын жаӊы куралган аскерлери Краснодардагы чакыруу жайынын тушундагы автобуска түшүүдө. Орусия, 2022-жыл, 25-сентябрь
Орусиянын жаӊы куралган аскерлери Краснодардагы чакыруу жайынын тушундагы автобуска түшүүдө. Орусия, 2022-жыл, 25-сентябрь

Укук коргоочу уюмдардын айтымында, Орусиядагы мобилизация агымына Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары жана кош жарандыгы бар адамдар да тартылып калууда. Алардын айрымдарын орус армиясына кошулууга мажбурлашкан.

Орусиянын Белгород аймагындагы машыгуу аянтында атышууга даярдоо учурунда эки аскер Украинадагы согушка чакырылган башка аскер кызматкерлерине ок жаадырган.

15-октябрда (украин күчтөрүнүн каршы чабуулуна байланыштуу Орусияда аскердик мобилизация жарыялангандан бир нече жума өткөндөн кийин) болгон бул окуяда эки кол салуучу жана кеминде 11 киши набыт болду.

Кол салгандардын бири Тажикстандын 24 жаштагы жараны Эхсон Аминзода болгонун анын туугандары “Азаттыктын” тажик редакциясына билдиришти. Аминзоданын бир тууганы Фируз аны “террорист эмес”, “акыркы жети айдан бери Москвадагы ресторанда иштеп жүргөн кадимки эле мигрант” деп айтты.

Бул окуянын түшүнүксүз жактары көп, бирок Орусияда иштеген Борбор Азиядагы миллиондогон мигранттар үчүн мобилизация коркунучу бар экени айдан ачык.

Орус армиясына жаңылыш чакырылган же мажбурлап алынган миңдеген мигранттар жардам сурап кайрылып жатканын укук коргоочулар да айтууда.

“Тонг Джахони” укук коргоо уюмунун деректири Валентина Чупик күн сайын мигранттардан келип түшкөн 500дөн ашык кайрылуунун үчтөн бир бөлүгү согушка жиберүү менен байланышканын айтууда. Орусиянын расмий кишилери мобилизация аяктап калды дегени менен, чыныгы жагдай ушундай.

Сахароводогу мигранттар борбору, Москва.
Сахароводогу мигранттар борбору, Москва.

Москвадагы мигранттардын “Сахарово” борборунда аскердик билетти да камтыган 40 барактай документке кол коюу талап кылынган учурлар кездешет. Орусиянын жарандыгын же жашап туруу уруксатын албаган борборазиялык мигранттарды аскерге чакырган учурлар да катталууда.

“Орусияда азыр ар кандай иштер боло берет, - деди “Настоящее время” долбоорунун өкүлдөрүнө В. Чупик. — [Мигранттарды] полиция же Улуттук гвардиянын кишилери көчөдөн кармап, уруп-сабаган, жыныс мүчөлөрүн ток менен жабыркатып, аскерге барууга мажбурлаган [учурлар] бар. Алар, албетте, кол коюп беришке аргасыз болушат”.

“Мигранттар буга чейин деле опуза менен акчасын алдырып, бюрократиялык убарага дайым тушугуп келсе, эми “согуш деген балээ пайда болду”, - деп кошумчалады В. Чупик.

Мобилизация жарыяланган күндөн бери Орусиянын армиясына Орто Азия жарандарынан же кош жарандыгы бар адамдардан канчасы чакырылганы белгисиз.

МИГРАЦИЯ БОРБОРЛОРУНДАГЫ ЖАНА ТҮРМӨЛӨРДӨГҮ КЫСТОО

Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация жарыялагандан бир күн мурда, 20-сентябрда Мамлекеттик Дума тийиштүү мыйзамга чет өлкөлүктөрдү бир жылдык аскер кызматын өтөө аркылуу Орусиянын жарандыгына “жөнөкөйлөтүлгөн” түрдө, тез кабыл алууга жол ачкан түзөтүүлөрдү киргизди.

Ошондон кийин “Сахарово” борборунда мигранттарга орус армиясында кызмат өтөсөңөр, айына 3 миң доллардан ашык акча төлөнөт деген баракчалар таратылды. Ал эми мигранттардын өз өлкөлөрүндө чет элдик жаңжалдарга катышкандар узак мөөнөткө эркинен ажыратылары эскертилип жатат.

Үгүтчүлөр, анын ичинде Кремлге байланышкан “Вагнер” жеке менчик аскер компаниясы орус мамлекетинин өзгөчө таасиринде турган топторду – камалгандар менен соттолгондорду – колго алууга катуу киришти.

Москвада жайгашкан “Темир тордогу Орусия” бейөкмөт уюмунун эксперти Руслан Вахапов “Азаттыктын” кабарчысына айткандай, Орусиянын түштүк-батышындагы Ставрополь шаарындагы убактылуу кармоочу жайда аскер кызматчыларынын Орусиянын иммиграциялык мыйзамын бузган деп кармалган борборазиялык жарандарды жалдоого аракет жасалып жатканы жөнүндө көптөгөн билдирүүлөр келип түшүүдө.

“Булар өз мекенине кайтып келүү үчүн билетсатып алышкан, бирок борборго жетип келип кармаган аскер кызматкерлери алардын кетишине жол бербейт. Алар аскердик кызматтын кандай артыкчылыктары бар экенин жылуу-жумшак айтып, үгүттөп жатышат”, - деди Вахапов.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин жүрүшүндө көчөт тигип жатышат. 2022-жыл, 15-сентябрь.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинин жүрүшүндө көчөт тигип жатышат. 2022-жыл, 15-сентябрь.

Анын айтымында, Орусиянын түрмөлөрүндөгү Борбор Азия жарандары өздөрү катаал мамилеге кабылып жатканын билдиришкен.

Орусиянын Владимир аймагындагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный менен бир лагерде жүргөн өзбек жаранынан энеси купуя кат алгандан кийин, уюм менен байланышты. Катка байланыштуу эгерде ал өтө коркунучтуу жагдайга тушукса эмне кылуу керектиги макулдашылды.

Аялдын айтымында, Орусиянын түрмө жетекчилери менен тыгыз кызматташкандыгы үчүн “теке” (козёл) же “активист” деп аталган туткундар мигранттарды зомбулук көрсөтүү жана коркутуу жолу менен армияга кирүүгө мажбурлашат деп эсептейт.

Вахаповдун айтымында, Өзбекстандын Москвадагы элчилиги кийлигишпесе, бул адамды мобилизациядан сактап калуу кыйын болмок.

“Алар кийлигишкенден кийин, эртеси күнү ал [аскер кызматына] жөнөтүлө турган бөлүмдөн жалпы бөлүмгө которулду. Ага түрмөдөгү жумушуна кайтып келүүгө уруксат беришти”, - дейт Вахапов.

АЛЫП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ ДАГЫ ЭЛЕ БАР

“Тонг Джахони” уюмунун өкүлдөрү Чупик “Азаттыктын” кабарчысына айткандай, аскерге алып кеткени жатат деп даттангандардын саны сентябрь айынын аягында өтө көп болчу, эми дээрлик төрт эсе азайды, анткени мигранттар “эстүү” болуп калышты.

“Тонг Джахони” Путин мобилизация жарыялагандан кийин кош жарандыгы бар борборазиялык жүздөгөн мигранттардын Орусиядан качып чыгышына жардам берди. Жүздөгөн, миңдеген орустар өздөрү да аскерге чакырылбаш үчүн өлкөдөн качып кетишти.

Бирок мигранттардын бардыгы эле эмне болуп жатканын дароо түшүнүшкөн жок.

Мобилизацияланган эркектер Батайск шаарындагы маданий борбордогу улуттук чогултуу жайында. Ростов-на-Дону, 2022-жыл, 26-сентябрь.
Мобилизацияланган эркектер Батайск шаарындагы маданий борбордогу улуттук чогултуу жайында. Ростов-на-Дону, 2022-жыл, 26-сентябрь.

Буга чейин ушул айда “Азаттыктын” кыргыз редакциясы Кыргызстандын Кыргыз Республикасынын редакциясы бөйрөгүнөн операция болгонуна карабастан Москвадагы батиринде кармалып, аскерге чакыруу бөлүмүнө жөнөтүлгөн кыргызстандык жарандын иши жөнүндө кабарлаган.

Өзүнүн өтүнүчү боюнча ысымы Эсен деп өзгөртүлгөн 36 жаштагы киши бир нече саат тамак-ашсыз жана суусуз отурган кеңседе эсин жоготконун айткан эле. Ооруканага жеткирилен соң догдурлар ага бөйрөк оорулары бар экендигин тастыктаган документ берген.

Бирок аскер кызматкерлери орус паспортун тартып алып, согушканга жарайсың, эгер аскер кызматына барбасаң, камакка алынасың деп эскертишкен.

Эсен аялы экөө батиринен качып кетишти. Азыр күйөөсү Орусиядан чыгып кетүү үчүн Кыргызстандан жаңы паспорт алууга аракет кылып жатканын айтты аялы “Азаттыктын” кабарчысына.

14-октябрда Путин мобилизация ушул айдын аягына чейин бүтөрүн жарыялап, алгачкы үч жумада армияга 220 миң адам чакырылганын белгиледи. Ошондон бир нече күн өткөндөн кийин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин борбор шаарда мобилизация аяктады, эми чакыруу кагазына көңүл бурбай койгондорго эч кандай чара колдонулбайт деди.

Бирок, дейт Чупик, орус паспорту бар же жок экенине карабай, мигранттар согушка “ыктыярдуу” түрдө барууга мажбурлана берет, анткени Украинадагы согушта замбирек огуна салып бериш үчүн дагы да көп киши керек болот дейт В. Чупик.

“Контракт боюнча жалдоону токтоткула деп эч ким буйрук берген жок”, - деп кошумчалады ал.

Крис Риклтондун макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG