Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Кыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга өтчү жерлердин таржымалы


Кыргыз-өзбек чек арасынын картасы.
Кыргыз-өзбек чек арасынын картасы.

Бийлик өзбек тарап менен чек араны тактоонун негизинде 19 миң гектардан ашуун жер Кыргызстанга өткөнүн жарыялады.

Ташкент Кемпир-Абад суу сактагычынын ордуна Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Сузак, Өзгөн, Кара-Суу, Араван жана Кадамжай райондоруна буга чейин талаштуу делген жер тилкелерин кайтара турганы белгиленген. Бирок коомчулук өкүлдөрү алмашылган же кенемте катары жаңыдан берилген жерлер боюнча ачык маалымат айтылбай, кыргыз тарапка өткөн жер тилкелеринин таржымалы туңгуюк экенин айтып жатышат.

Айрыкча мурда суу сактагычтын дамбасы үчүн алынган же башка аймактардагы мурда-кийин талашка түшпөгөн жер тилкелер бар экенин айтып чыга башташты. Өзбекстан Кыргызстанга берди же талашуудан баш тартты деген жерлердин таржымалы кандай?

Жабык жыйында жарыяланган баяндама

Жогорку Кеңеште 11-октябрда өткөн жабык жыйында жарыяланган чек араларды тактоо боюнча паритеттик комиссиянын башчысы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин баяндамасында Кемпир-Абад суу сактагычынын суу чөйчөгү жана анын айланасындагы тилкелер үчүн Өзбекстан Кыргызстанга 15 806 гектар жаңы жер тилкесин өткөрүп берип жатканы айтылган.

Ал 1965-жылы суу сактагыч курула баштаганда кенемте катары берилген жер тилкелерин кошкондо кыргыз тарап жалпысынан 19 699 гектарга ээ болорун айтып, аймактардын карталарын көрсөтүп, канча жер алына турганын түшүндүргөн.

Бирок буга байланыштуу документтер жашыруун сыр деген негизде депутаттарга таратылган эмес.

Атайын кызматтын башчысынын баяндамасында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына Гавасайдан 12 849 гектар, Көк-Серекке 105 гектар, 212 гектар Баястан айылына, Кара-Белеске 25 гектар, Ажек-Тоого 1307 гектар жер бере турганы белгиленген.

Алмашылган жерлер, активисттердин пикири

Ала-Буканын Көк-Серек айылынан чыккан жергиликтүү активист Кылычбек Шанаев андагы кыргыз тарапка өтөт деген жерлердин таржымалына токтолду:

"Анын эсебинен Гавасайдан, Көк-Серектен, Кара-Белестен жер алдык деп жатпайбы. Бул жер тилкелерин комиссия түзүп, иликтеп, карап чыгуу керек. Анткени ал жерлер карта боюнча, алардын айтымында, Өзбекстанга таандык болуп чыгып жаткан имиш. Бирок бул жерлерде иш жүзүндө атам замандан бери кыргыздар эле жашайт. Ушул кезге чейин эч ким деле ал жер тилкелерин талашкан эмес. Ушул кезге чейин эле биздин чек арачылар кайтарып келген жерлер. Алардын талаштуу тилкелер болгонун уккан эмеспиз. Булар биздин эле жерлерди кайра биздин жерлерге алмашып жатышат. Өзбек тарап 2000-жылдары зым тартып алганда деле ал чек ара мамылары бул айылдардан бир топ алыс турат эле. Анан чек аранын кандайча Кара-Белеске чейин келип калганы мага аябай кызык. Анан эле Көк-Серек менен Кара-Белести кайтарып алдык дегенине мен түшүнбөй жатам. Мен Баястанды билбейм. Бирок Көк-Серектин Таш-Арык тилкеси деп турат. Ал жерде илгертен бери эле биздин ата-бабалар жашап, биздин жарандар байырлап, азыр деле ал жакта Өзбекстандын чек ара зымдары тартылган эмес. Анан эле жакындан бери ал жерлер кандайча Өзбекстан бизге өткөрүп бере турган жер тилкелери болуп чыгып жатат?".

Москванын кийлигишүүсү жана Кыргыз ССРинин Министрлер кабинетинин токтому менен 1965-жылы Кемпир-Абад суу сактагычын курууга 5731 гектар жер бөлүнүп, суунун деңгээлин 908 метрге чейин чектеп, бекиткен. Ал эми анын суу тосмосунун курулушун 100% өзбек тарап куруп, ал анын аймагында жайгашканы Ташиевдин баяндамасында айтылган. Ошондо суу сактагычтын суу чөйчөгү жайгашкан жер 5731 гектарды түзөт. Ал кезде өзбек тарап, суу баскан жерлер үчүн 4127 гектар жер тилкелерин ар кайсы аймагынан кенемте катары бөлүп, Кыргызстанга өткөрүп бергени белгиленген.

Анын эсебинен 1965-жылдары эле 758 гектар жерге Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа, 255 гектар жерге Пылдырак айылдары түшсө, Ош облусунун Араван районунун Найман айылын түптөөгө 148 гектар жер берилгени көрсөтүлгөн. Ал эми Ноокендин Достук айылына 1088 гектар жер берилгени айтылган. Бирок кенемтеге берилген жер тилкелери Өзбекстандын кайсы райондорунун аймагынан бөлүнүп берилгени так даана баяндалган эмес.

Өзбекстандан өтчү айылдар

Бирок өзбек тарап Кемпир-Абад суу сактагычы курула турган жерден көчүрүлгөн айылдар жаңы отурукташа турган конуштарды куруп, заманбап инфратүзүмдөрүн түзүү, 200 чакырымдан ашуун 20 миң гектардан ашуун кыргыз жерлерин сугара турган жаңы суу каналдарын казуу сыяктуу милдеттемелерин аткарбай койгонун Кыргыз ССРин 25 жыл жетектеген Турдакун Усубалиевдин 1998-жылы жарык көргөн “Суу алтындан да кымбат” китебинде да көрсөтүлгөн.

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев былтыр "Азаттыкка" калк отурукташкан конуштардын талашы чечилип калганын билдирген:

"Жазылып, чийиле элек тогуз жер тилке бар эле. Анын баары боюнча бүгүнкү күндө толук келиштик. Ала-Бука, Аксы райондорундагы чуу жаратып келген Көк-Серек, Кара-Белес айылдары, Баястан тилкеси, Унгар-Тоо боюнча макулдаштык. Ал жерлерде жашаган калктын маселеси чечилди деп айтсак болот. Мисалы, Көк-Серек айылындагы 105 гектар жерде биздин жарандар жашап, турак жайларын куруп, отурукташып калышкан. Ал жактарда мурдатан бери кыргыз жарандары жашайт. 1961-жылы жарлык боюнча бекитилген картографиялык материалдардын негизинде ал жер аянттары Өзбек ССРине таандык болуп калган. Ошондой маселелер жер алмашуу жолу менен чечилди. Негизинен бири-бири менен дал келе турган категориядагы жерлер эле алмашылды".

"Этке кеткен" Гавасай. Унутта калган Унгар-Тоо

Жогорудагы "Өзбекстан өткөрүп бергени жатат же дооматынан баш тартат" деген жер тилкелеринин арасынан Ала-Букадагы Гавасай аймагы менен Аксыдагы Унгар-Тоо боюнча кезинде өзбек тараптын документтерге таянган жүйөлөрү болгону айтылды. Анткени 1961-жылы кыргыз тарап бүткүл союздук эт планын аткара албай калып, Ала-Букадагы Гавасай тилкесинен баш тартып, Кыргыз ССРинин Министрлер кабинети токтом чыгарып, бирок Жогорку Совет аны бекитпегени белгиленген.

Ошол эки тилке дагы 1961-жылдагы карта боюнча Өзбекстандын аймагына караштуу болуп калган. Бирок иш жүзүндө кыргыз тараптын тарыхый жана чарбалык пайдалануусунда болуп келген бул жер тилкелери 1965-жылдагы картографиялык териштирүүлөрдө эмнеге Өзбекстан аларга ээлик кылып калган таржымалы белгисиз.

Чек ара маселесинде тактала элек чек ара сызыктары деген түшүнүк бар. Жер адистеринин айтымында, бар тилкелерди чектөөдө эки тарап келише албай, туңгуюк абалга кептелген учурда алардын бейрасмий макамы талаштуу жер катары таанылат.

Келишимден кеткен кемчилик

Кыргызстан менен Өзбекстан 2000-жылдардан бери эки ортодогу мамлекеттик чек арасын тактай албай келе жатат. Бул арада эки ортодо чек арадагы жер, суу, жайыт талаштардын айынан жаңжал чыккан учурлар аз эмес.

2017-жылы кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясы мамлекеттик чек аралардын 85% тактап, калган 15% көйгөйлүү тилкелерди калтырып коюп, ал кездеги президент Атамбаевдин бийлиги учурунда келишимге кол коюлганы белгилүү.

Чек араларды тактоо боюнча адис, картограф Саламат Аламанов аталган жер тилкелерине мурда өзбек тарап өзгөчө деле доомат артпаганын айтып, чек ара сызыгын аныктоо толук бүткөндөн кийин гана келишим бекитилиши керек болчу деген оюн ортого салды:

"Чек ара сызыгы өткөн жери такталган соң гана аталган жер тилкелеринин каякка таандык экени белгилүү болот. Айтылган жерлерди документтер менен такташ керек. Ал аймактарда тактала элек чек ара сызыктары бар эле да. Бирок ал жер тилкелери талаш эмес, кийинки сүйлөшүүлөрдө жер алмашуу ыкмасына ылайык колдонула тургандай кылып, адатта, эки тарап тең ошондой жерлерин калтырып коёт. Анан чек ара сызыгын "бул жерден мындай, тигил жактан тигиндей алып өтөлү" деп негиздеш үчүн ал жерлер керек болот. Анткени "бул жер силерге, ал эми тигил жер бизге көбүрөөк керек болот, ошондуктан бул сызыкты ушундай макулдашалы" деген сүйлөшүүлөргө негиз берет. Биздин бийлик 2017-жылы эле мактанып, өзбек тарап менен мамлекеттик чек аранын 85% макулдаштык дегенде эле мен "ай, эрте кол коюп берип жатасыңар,15% чечиле элек" деген элем. Анткени 15% тактала элек тилкелерде көйгөйлөрдүн бардыгы чубалып жаткан. Азыр ошонун баары сыртка чыгып отурат. Ошондуктан мен көйгөйлөрдү калтырбай, аларды бири-бири менен сыйгалыштырып, ар тараптуу карап, анан маселе толугу менен чечилген соң гана кол коюш керек экенин айткан элем. Болбой эле баратса, бир-эки жерди - Гавасай менен Кемпир-Абадды калтырып, калган мамлекеттик чек аранын 98% ошондо эле чечип салганда болмок. Чечкенге шашпаш керек эле. Угушкан жок".

Эски-жаңы жерлердин эсеби каякта?

Жакында парламенттеги жыйындагы Ташиевдин баяндамасында Өзгөн, Кара-Суу жана Сузак райондорунун Өзбекстан менен чектешкен аймагынан жаңыдан 1000 гектар жер алынып, суунун деңгээлин 900 метрге түшүрүүнүн эсебинен Кемпир-Абаддын жээгинен дагы 1246 гектар жер кыргыз тараптын пайдасы үчүн бошотулары айтылган.

Ал эми Өзбекстан Кыргызстандын пайдасы үчүн Аксыдагы 35 гектар Унгар-Тоодон, "Кербен" аба майданы турган 446 гектар аянттан, Жетиген айылы түшкөн 75 гектар жерден, Кара-Дөбө айылы түшкөн 45 гектар жана Падыша-Ата сайдагы 5 гектар жер тилкелеринен баш тартканы көрсөтүлгөн.

Алмашылган же жаңыдан берилгени айтылган жер аянттары жайгашкан Аксы менен Ала-Бука райондорун кыдырып келген саясатчы Азимбек Бекназаров мурда өзбек тарап өзүм билемдик менен ээлеген жерлерди гана бошотуп берген учурларды белгиледи:

Азимбек Бекназаров, саясатчы.
Азимбек Бекназаров, саясатчы.

"Аксы районундагы аэропорттун айланасынан берилген деген жер жок. Эч ким анын кайсы жер экенин билбейт экен. Жергиликтүү эл дагы, Кербен шаардык кеңешинин депутаттары дагы билбейт. "Курулуш" участкасында дагы, Кербен аэропортунда дагы, анан Жетиген айылында дагы бир сантиметр жер өзгөрүлгөн жок. Ал жактарда Каримовдун учурунан бери эле аң казылып, анын берки бетинде биздин, аркы жагынан Өзбекстандын зымы тартылып турат. Андагылар эч кандай жаңы жер бирелгенин ырастаган жок. Анан булар кайсы жерди айтып жатканы түшүнүксүз. Ал эми Шамалды-Сайдан алдык деген 1088 гектар жердин дагы, каяктан алынганын, ал кайсы жер экенин эч ким билбейт экен. Анан Өзгөндөн, Кадамжайдан, Сузактан жана Аравандан алдык деген жерлерге мен бара алган жокмун. Бирок Оштон Араванга кетип жаткан жолдогу өзбек тарап чек ара зымдарын артка жылдырып кеткен жерлерге бардым. Ал Каримовдун маалында туура эмес тартылган чек ара мамыларын эле, артка жылдырып, тууралап, орнотуп жатыптыр. Анан биздин бийлик ошону өзүбүзгө өткөзүп алдык деп жарнамалап, айтып жатыптыр. Ал биздин эле жер".

Азимбек Бекназаров Ала-Букадагы өзбек тарап Кыргызстанга кайтарды деген жер тилкелеринин таржымалына токтолду. Анын айтымында, кыргыз жарандары жашаган ал калктуу конуштардын айланасын кезинде Өзбекстан тосуп алып, аларды кийин жер алмаштыруу үчүн рычаг катары колдонуп келген.

"Ала-Буканын Көк-Серек айылына барганымда чындыгында ылдый жакта Кара-Коргон деген өзбек айылы менен чектешкен биздин жарандар жашаган жер бар экен. Ал жерде 17 түтүн үй бар. Бул үйлөрдүн ээлерин Өзбекстандын аймагына отурукташып калгансыңар дечү экен. Акыркы 1,5 жылдан бери алар Кыргызстандын карамагына өткөнүн айтып жатышыптыр. Чынында эле бул жер Өзбекстандыкы беле деп сурасам, ал жактагылар "жок, бул жер кыргыздын эле жери, биздин ата-бабалар атам замандан бери жашап келген. Өзбекстан 2000-жылдары бир жактуу эле бул жерди "биздики" деп эле чек арачыларын көчөнүн башына коюп алып, бизди айылга ары-бери каттаттпай, "кыйнап келишкен" деп айтышты. "Эми болсо алар бул жактан чыгып кетти. Бул көчө бизге өткөрүлдү" деп айтып беришти. Бул жер тилкеси да талаштуу жер болгон эмес. Аны Өзбекстан бир жактуу ээлеп алып, анан аны кайра кайтарып берип жаткан жер экен".

"Чек ара эч качан бир жактуу чечилбейт"

Анткен менен азыркы бийликтин турумун колдогон саясат талдоочулар менен жарандык активисттер тажик тарап менен мамиле татаалдашып турганда, Өзбекстан менен чек араларды тактап, келишимди бекитип алуу маанилүү экенине басым жасашууда.

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков кандай болгон күндө да чек араны тынч жол менен чечүү зарыл экенин белгиледи:

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

"Биздин расмий бийлик "жердин мынчасын алдык, тигинчесин бердик" деп айтып жатат. Мен мунун бары туура бөлүндү дегенден алысмын. Бирок ал жакта дагы кан төгүү болгондон көрө канчалык кыйын, канчалык оор болбосун, кайсы бир жер бизге өтөт, кайсы бир бөлүгүн өзбек тарапка берүүгө туура келет. Бардык сүйлөшүүлөр ошондой да. Жердин баары 100% кыргыздын пайдасына өтүп, анан өзбек тарап эч нерсе албай калгандай шартта чечүүгө деги эле мүмкүн эмес. Андай болбойт да. Биз азыр тандашыбыз абзел. Же азыркы бийликке ишенип, канчалык ичибиз күйсө дагы чек араны тынч жол менен чечип алганга аракет кылышыбыз керек же согушка даярданууга туура келет. Эки жолдун тең баасы кымбат. Жер талаштын баасы арзан болбойт. Жаныбызды курмандыкка чалганга даяр болуу керек же сүйлөшүүгө барып, кайсы бир жерди берип, каяктан бир башка жерди алып, тынч чечүү зарыл".


Жогорку Кеңеште Камчыбек Ташиев келишимдин долбооруна ылайык, Кыргызстандын жер аянты 15 806 гектар жерге кеңейе турганын билдирген. Мындан тышкары Кыргызстан 1965-жылы Кемпир-Абад курула баштаганы Өзбекстандан Ала-Бука (1307 га), Аксы (571га), Ноокен(1088га), Араван(148га) жана Кадамжай (1013га) райондоруна жалпысы 4127 гектар жер алганын, аларды кошкондо жалпы жонунан 19 699 гектар жер Кыргызстанга өтүп жатканын билдирген. Бул тууралуу макулдашуунун долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинде каралып, көпчүлүк добуш менен колдоо тапканы жарыяланган.

Чечимге кол койбогон Айдарбеков

Бирок ага каршы добуш берген комитет төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков комитеттин чечимине кол коюудан баш тартып, анын себептерин мындай түшүндүрдү:

Чыңгыз Айдарбеков
Чыңгыз Айдарбеков

"Мен анда комитет жыйынын регламенттин негизинде алып бардым. Сабатсыздык болду. Өкмөттөн келчү документтерди бизге туура эмес беришти. Бул менден көз каранды эмес. Буга депутаттардын бардыгы күбө болушту. Алар кагаздар толук эмес экенин көрүштү. Бирок депутаттар муну күн тартибине киргизүүнү сунушташты. Добушка койдук. Кагаздарды эмнеге беришкен жок? Мен аларды кечээ күнү көрдүм. Азыр мен көп нерсени жарыялай албайм. Бирок тарыхый документтерге карасак, ушул суу сактагычтын суу чөйчөгү Кыргызстандыкы. Анын кайсы бир учурда ал жакка өткөрүлүп берилгенин ырастай турган бир дагы документ жок. Ошондуктан жоопкерчилик бардыгыбызда. Эгерде маселе ушундай чыкса, анда макулдугун берген же каршылыгын айткан депутаттар өздөрү келип, ушул чечимге кол коюшсун".

Жогорку Кеңеш Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды. Аны кызматтан алууга 43 депутат макул болуп, 16 депутат каршы добуш берди.
2021-жылы мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып, анда жалпы 22 документке кол коюлган.

Эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселелерин эң кеч дегенде үч айда чечүүнү макулдашкан болчу. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым.

2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%) такталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG