Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:24

Кемпир-Абад: Абыловду эки айга каматкан чечим


Мамбетжунус Абылов
Мамбетжунус Абылов

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүүнүн демилгечиси жана буга байланыштуу оппозициялык жыйынды уюштурган саясатчы Мамбетжунус Абылов камалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тергөөнүн купуя сырын себеп кылып, Абыловго коюлуп жаткан айыптоонун төркүнү тууралуу маалымат берген жок.

Уюштуруучуга ташталган укурук

Экс-элчи, мурдагы өзөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министри Мамбетжунус Абыловду 27-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкени кабарланган.

Абыловго 26-октябрда кылмыш иши козголуп, үй-жайы тинтүүгө алынып, милиция анын үйүнөн эки диск алып кеткенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова да маалымдаган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" Абыловго карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен иш козголуп, 48 саатка кармалганын ырастады. Андан кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамбетжунус Абыловдун бөгөт чарасы каралып, аны тергөө бүткөнчө 20-декабрга чейин эки айга камакта кармоо чечими кабыл алынды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов ага коюлган айып тууралуу маалымат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбай турганын белгиледи.

"Бардыгын соттон сурасаңар. Айыбы сотто угузулат. Биз аны 48 саатка эле кармадык. Азыр эми бизде тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аларга коюлуп жаткан айыптоолор боюнча кеңири маалыматтар жок".

Мамбетжунус Абылов 25-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айткан. Ал Бишкекте 22-октябрда өткөн оппозициялык жыйында Кемпир-Абад боюнча мурда Өзгөндө өткөн курултайдын чечимдери талкууланганын белгилеген.

Президент менен жолугушуу

Саясатчы Мамбетжунус Абылов буга чейин бийлик менен Кемпир-Абад боюнча бир топ документтердин негизинде талашып-тартышканын ал камакка алынганга чейин өткөргөн маалымат жыйынында билдирген.

Парламенттеги жабык жыйындан жана президент менен болгон жолугушуудан кийин "Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүү демилгеси көтөрүлгөнүн айткан.

"Президент биздин пикирди дагы уккусу келип жатса керек деп ойлодук эле. Бирок андай болбоду. "Сунуш-пикир жок, сурооңор болсо бергиле" деди. Биз ага чейин сунуш-пикир менен сүйлөсө керек деп турган элек. Ошондон баштап катуу басым башталды. Биздин Бириккен демократиялык кыймыл Кемпир-Абадга боор тартып жаткандардын бардыгы менен саясий көз карашына карабай, кеңешип, сүйлөшөлү деген максатта Casa Italia деген кафеде чогулганбыз. Мен анда жыйынды ачып, "элдик курултайдын чечими ушундай болду, эми кандай болот" деп туруп, анан жыйынды алып барууну Равшанга (ред: Жээнбеков) бергем".


23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттин үй-жайында тинтүү жүрүп, кийин соттун чечими менен дээрлик баары эки айга камалган. Камалгандардын көбү "Кемпир-Абад суу сактагычынын суу чөйчөгүн жана анын айланасындагы жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан.

Алардын арасында активист Атай Бейшембек комитетке мүчө эмес экенин жана алардын жыйынына катышпаганын, бирок ошого карабай, кармалганын сотто айтып, көрсөтмө берген.

Мунун алдында "кармалгандар башаламандык уюштурууга даярданды" деген негизде кармалган саясатчылар менен жарандык активисттер Бишкектеги кафелердин биринде чогулуп, кеңешме өткөргөнү кабарланган жана андан жашыруун жазылып алынган аудио интернетке тараган.

ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандыктар") боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Саясий куугунтуктун белгилери"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 27-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында соңку жапырт кармоолорду "саясий куугунтук" деп атады.

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу
Азиза Абдирасулова, укук коргоочу

"Бул саясий куугунтук. Анткени коргоо комитеттерин түзүү мурда деле болуп келген. Саясий негизде камалган Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду коргоо комитеттери түзүлгөн. Ошол комитет Жапаровду жана анын үй-бүлөсүн коргоп, маалымат жыйындарын уюштуруп турган. "Кемпир-Абадды коргоо" комитети эмнеге мынчалык бийликти чочутту билбейм. Андан асман түшүп кеткен жок. Соттун чечимдеринде дагы "Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүшкөн" деп баса белгиленип жатат. Бул биринчи негиз. Экинчиси - 18-октябрда эле кылмыш тууралуу маалымат түшкөн экен. 20-октябрда "жапырт башаламандыкка даярдык" деп Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталыптыр. Бирок оппозициялык жыйын 22-октябрда кечинде болгон. Аларды 23-октябрда эрте менен кармап, кармоого мына ошол мурда козголгон кылмыш иш негиз болуптур".

Саясатчылар камалган тушта өкмөт башчысынын орун басары Эдил Байсалов эски саясатчылар менен айрым жарандык активисттер чогулуп алып, коомчулукка бүлүк салып жатканы тууралуу Фейсбук баракчасына видео жарыялаган.

Байсалов кармалгандарды эл ишениминен чыккан саясатчылар катары сыпаттады:

"Мамбетжунус Абылов деген мына бул биздин агабыз, Акаевдин учурундагы эң бурмаланган, эң ыплас,шайлоолорду, референдумдарды өткөрүп жүргөн БШКнын төрагасы болгон. Кеңешбек Дүйшөбаев дагы. Ал эми калгандарын айтпай эле коёюн. Равшан Жээнбеков болсо шайлоодо талапкерлигин коюп, болгону 0,19% добуш алган. Бир пайызга да жетпеген добуш алган. Анан эми бул кишилер уялышы керек эле да".

Милдеттемелерди камтыган токтомдор

23-24-октябрда жапырт кармалып, камалган жыйырмадан ашуун адамдын жакындары укук коргоочулар менен бирге маалымат жыйын куруп, кармоолордун мыйзамсыз экенин айтышкан. Алар башаламандык даярдоого шек саналгандар арасында ой-пикирин ачык айткан карапайым адамдар да бар экенин белгилешкен.

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүү демилгесин көтөргөн саясатчы Мамбетжунус Абылов камалганга чейин берген маалымат жыйынында ал парламентте Кыргыз ССРинин Министрлер кабинетинин 1965-1975-жылдардагы токтомдору боюнча маселе койгонун айткан.

Саясатчы Жылдызкан Жолдошева өзбек тарап кенемте төлөбөгөнү тууралуу Абыловдун айтканын ырастап, ал документтердин маанисине токтолду:

"Суу сактагычтын курулушу 1970-жылдары бүткөн. Бирок өзбек тарап кенемтелерди төлөбөгөндөн кийин биздин республиканын ошол кездеги жетекчилиги 1975-жылы токтом кабыл алып, Өзбекстан мурдагы токтомдо өзүнө алган милдеттемелерин аткарбаганын белгилеп, "Кемпир-Абад суу сактагычы, анын суусу дагы, айланасындагы жери дагы кенемтелер калыбына келтирилбегенден кийин толугу менен бизде калды" деп бекиткен. Анда Кемпир-Абаддын чеги аныкталып, белгиленген. Азыр эми эмнеден талаш болуп жатат? Азыр эми "кайсы документтердин негизинде аны Өзбекстанга беребиз" деген нерсени мен дагы түшүнбөй турам. Бул маселе боюнча бийлик аябай кылдат мамиле жасашы керек эле. Тилекке каршы, мына ушул Кемпир-Абаддын айынан бир топ саясатчылар менен активисттер эркинен ажырап отурат...".

24-октябрда президент Садыр Жапаров жапырт камакка алынган саясатчыларга жана активисттерге байланыштуу улуттук "Кабар" агенттигине комментарий берип, мамлекет башчы саясатчылар жана активисттер менен буга чейин да сүйлөшкөнүн, Кемпир-Абадга байланыштуу маселени түшүндүрүп бергенине карабай, майнап чыкпаганын билдирген.

"Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам", - деп айткан президент.

Айрым эл аралык уюмдар Кыргызстандагы саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин жапырт кармалышын айыптаган жана кармалгандарды бошотууга чакырган билдирүү таратышты.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch (HRW) уюму 25-октябрдагы билдирүүсүндө, Кыргызстанда жапырт кармалгандарды бошотууга чакырды. Уюмдун сайтында жарыяланган билдирүүдө "саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер негизсиз кармалганы, алардын үйлөрүнө милиция күч менен кирип, тинтүү жүргүзгөнү" белгиленген.

Швециянын борбору Стокгольмдо иш алып барган Civil Rights Defenders (CRD) – “Жарандык укукту коргоочулар” уюму да чек араны демаркациялоо жана жаратылыш ресурстары абдан маанилүү маселе экенин билдирип, аны чечүүдө Кыргызстандын бийлиги өз атаандаштарын куугунтуктоодон алыс болушу керектигин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG