Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:04

Бишкекте "Саясий туткун: 1991-2002" деген талкуу өттү


Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандарды "саясий туткун" катары таануу белгиленүүдө. "Азаттыктын" коллажы.
Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандарды "саясий туткун" катары таануу белгиленүүдө. "Азаттыктын" коллажы.

8-ноябрда "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата "Саясий туткун: 1991-2002" деген аталыштагы даректүү тасманын бет ачары өттү. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин акыркы 31 жылдык эгемен учурда бийликтин куугунтугуна кабылгандар тууралуу сөз болду.

Сүйлөгөндөр 1937-38-жылдардагы кандуу репрессия менен эгемен тарыхтагы бийлик куугунтугунун окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтышты. Айрымдар ошол эле 1937-38-жылдардагыдай болуп эч себепсиз жана далилсиз камоолор азыр да уланып жатканын өкүнүү менен белгилешти.

Мындан тышкары ар бир президенттин тушунда айыбы жок шектелип камакка алынгандар болгондугу, ошондой эле азыр бийлик башында отургандар да бир убакта "саясий туткун" катары сыпатталып абакта жатып чыкканы эске салынды.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова азыркы бийлик жарандык коом, оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен диалогго барбай жатканын белгиледи. Саясатчы Өмүрбек Суваналиев болсо өткөн тарыхтан сабак алып, куугунтуктарды токтотуу зарылдыгын айтты.

Даректүү тасманын бет ачарына мурдагы, азыркы бийликтин куугунтугуна кабылган айрым саясатчылар, журналисттер, укук коргоочулар жана азыр массалык башаламандык уюштурууга шектелип камакта отургандардын жакындары катышты.

Тасманын бет ачары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жапырт камоолор учуруна туш келди.

Фильмдин бет ачарына туштап өлкөдөгү "саясий туткундарга" арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду. Ага Кемпир-Абад маселесине байланыштуу жапырт башаламандык уюштурууга шектелип камалгандардын фотолору коюлган.

Ички иштер министрлиги 23-24-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун саясатчы, активист, укук коргоочу жана журналисттердин үйүн тинтип, андан кийин аларды биринен сала бирин камакка алган. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар бийликти саясий куугунтукту токтотууга чакырып келатат. Камалгандарды милиция массалык башаламандык уюштурууга камынып жаткан деп шек саноодо. Эртеңден тартып үч күн бою Бишкек шаардык сотунда алардын бөгөт чарасы жана камоолордун мыйзамдуулугу каралат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG