Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери жолукту


Сулейман Сойлу (оңдо) менен Улан Ниязбеков. 8-ноябрь, 2022-жыл.
Сулейман Сойлу (оңдо) менен Улан Ниязбеков. 8-ноябрь, 2022-жыл.

8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу иш сапары менен Бишкекке келди. Улан Ниязбеков менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кыргыз министри түрк полициясынын алдыңкы жетишкендиктери, ыкмалары жана жаңы технологиялары боюнча тренингдерди уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сулейман Сойлу министрликтин ыкчам башкаруу борбору, санариптик камсыздоо, коомчулук менен иштөө борборлору, эл аралык кызматташтык залы менен таанышты.

Тараптар экстремизм, баңгизат жана кибер кылмыштарга каршы биргелешип күрөшүүнү улантууну макулдашты.

Кыргызстандын жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген "Сапат" ("Себат") мектебинин директору Орхан Инанды өткөн жылы 1-июнда дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын түз эфирде билдирген.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстандын милициясы Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Бишкекке кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев ал Кыргызстандын жарандыгын алганда Түркиянын жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан ал мамлекет аны жоопко тартканы мыйзамдуу экенин билдирген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине расмий Бишкектин күнөөсү бар экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG