Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Кемпир-Абад иши: камалгандардын бөгөт чарасы каралат


Кемпир-Абад боюнча камалгандарды бошотуу талабы менен өткөн акция. 2022-жылдын 24-октябры.
Кемпир-Абад боюнча камалгандарды бошотуу талабы менен өткөн акция. 2022-жылдын 24-октябры.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйындан кийин 23-24-октябрда кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасы 9-ноябрдан тартып Бишкек шаардык сотунда карала баштайт. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди.

Графикке ылайык 9-ноябрда төмөнкү жарандардын соттук иши жүрөт:

Гүлнара Журабаева (саат 09:00да), Кеңешбек Дуйшебаев (09:00), Али Шабдан (10:00), Атай Бейшенбек (10:30), Таалай Мадеминов (11:20), Айбек Бузурманкулов (15:30), Клара Сооронкулова (16:00), Кубанычбек Кадыров (16:00), Нурлан Асанбеков (16:40) жана Перизат Суранова (17:00).

Ал эми 10-ноябрда төмөндөгү камалгандардын бөгөт чарасы каралат:

Равшан Жээнбеков (саат 09:00да), Улугбек Маматаев (09:45), Рита Карасартова (09:00), Акыл Айтбаев (15:00), Бектур Асанов (16:00), Марат Баязов (16:00), Ерлан Бекчороев (17:00).

11-ноябрда карала турган иштер:

Айданбек Акматов (саат 09:00да), Жеңиш Молдакматов (11:00), Асия Сасыкбаева (17:00).

Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бир катар укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбесин айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалап жатат.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды тез арада бошотууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG