Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:26

Түркиянын ички иштер министри "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине гүл койду

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүл коюу аземи. 2022-жылдын 8-ноябры.
«Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүл коюу аземи. 2022-жылдын 8-ноябры.

8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1937-38-жылдардагы репрессия курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жерге, Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл койду.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган ИИМдин кызматкерлери катышты.

"Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата Бишкекте акыркы 30 жылда саясий куугунтукка кабылгандарга жана 1937-38-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына байланыштуу жыйын өтүп, анда азыркы бийлик мурдагы президенттер кетирген каталардан сабак албай жатканы айтылды.

23-24-октябрда Ички иштер министрлиги жыйырмадан ашуун активисттерди, саясатчы, блогерлерди камакка алган. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар бул жапырт камоолорду "саясий куугунтук" катары сыпаттап, аларды камактан чыгарууну талап кылууда.

​
XS
SM
MD
LG