Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына шайлоо өтөт


АКШдагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШдагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

8-ноябрда АКШда орто мөөнөттүү деп аталган шайлоо өтөт. Мында Конгресстин төмөнкү палатасы – Өкүлдөр палатасынын бардык курамы жана жогорку палатасы – Сенаттын үчтөн бири шайланат. Бул күнү мындан сырткары 36 штаттын губернаторлоруна шайлоо болот.

Бул шайлоонун жыйынтыгы президент Жо Байдендин мындан аркы саясий тагдырына таасир этет. Ал мүчөлүк кылган Демократиялык партия Өкүлдөр палатасындагы шайлоодо жеңип чыкса, анда Байдендин 2024-жылкы президенттик жарышта кайра утуп чыгуу ыктымалдуулугу көбөйөт.

Экс-президент Дональд Трамп эки жылдан кийинки шайлоого катыша турганын ырастаган. Эгер аны сүрөгөн Консервативдик партия орто мөөнөттөгү шайлоодо утуп чыкса, анда Трамп келерки президенттик шайлоодо утуп чыга алат.

Байден бул шайлоону АКШнын демократиясы үчүн “чечүүчү” деп атаса, Трамп азыр мамлекетти “коммунисттер башкарып жатканын” белгилеп, алар утулушу керектигин билдирген.

Конгресстин Өкүлдөр палатасына 2018-жылы өткөн шайлоодо 435 орундун 235ин демократтар, 199ун республикачылар алган. 2020-жылы өткөн шайлоодо демократтардын саны 222ге түшүп, республикачылардын саны 213кө жетип калган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG