Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Зеленский Орусия менен сүйлөшүү үчүн беш талап койду


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен ыктымал сүйлөшүүгө байланыштуу билдирүү жасап, Москва беш талапты аткарган учурда гана Киев алар менен бир үстөлгө отура турганын жарыялады. Бул тууралуу пикирин ал соңку видео кайрылуусунда айтты.

“Мындай сүйлөшүүлөрдү биз көп жолу сунуштадык жана ар бир жолу Орусия тараптан жаңы теракт, аткылоо же шантаж менен жооп алып жаттык. Дагы бир жолу айтам – аймактык бүтүндүгүбүздү толук калыбына келтирүү, БУУнун уставдарын сыйлоо, согуштагы бардык жоготуулардын ордун толтуруу, ар бир аскердик кылмышкерди жазалоо жана мындай нерсе кайталанбай турганына кепилдик керек. Бул толук түшүнүктүү шарттар”, – деди Владимир Зеленский.

Акыркы күндөрү АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Украинаны Орусия менен сүйлөшүүгө келүүгө чакырып жатканы кабарланууда. Вашингтон өзү Москва менен өзөктүк куралга байланыштуу опузаларды жумшартуу жөнүндө сүйлөшүп жатканы маалымдалды.

Москва Украинанын төрт облусун аннексиялап алгандан кийин Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү мүмкүн эместиги тууралуу жарлык чыгарган. Киев Орусияга башка президент келгенде гана Москва менен диалог кылууга даяр экенин маалымдаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG