Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:37

9-ноябрда да кар жаайт


Күзгү Бишкек. Октябрь, 2022-жыл.
Күзгү Бишкек. Октябрь, 2022-жыл.

Синоптиктердин маалыматы боюнча 9-ноябрда туруксуз аба-ырайы уланат. Бүгүн 8-ноябрда башталган кар эртең да жаайт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, өрөөндөргө кар түшөт. Тоо этектерине, тоолорго да кар жаайт.

9-10-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° чейин жылуу, күндүз 3…8° жылуу. Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° сууктан күндүз 0…5° чейин жылуу. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу болот. Ал эми Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан …+2° чейин жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

10-ноябрга чейинки жаан, кардан улам Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда, Чычкан капчыгайындагы Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан автолордун ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл.

9-ноябрда абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн - 2 +3, күндүз 3...8;

Талас жергесинде түнкүсүн 0... -5, күндүз 0...5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсун - 1... + 4, күндүз 3....8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3... +2,

Бийик тоолуу райондордо -11...-16, күндүз -2...-7°.

Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Синоптиктердин болжолунда абанын түнкү температурасы 0…-2° суук, күндүз 6…8° жылуу болушу ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG