Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабиясына барары кабарланды


Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжинин жолугушуусу. Эр-Рияд шаары, 7-ноябрь, 2022-жыл.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжинин жолугушуусу. Эр-Рияд шаары, 7-ноябрь, 2022-жыл.

7-ноябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрликтеринин биринчи саясий кеңешмеси өттү. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Сауд Арабия падышалыгынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжи менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда тараптар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да бекемдөөнү талкуулашты.

Тышкы иштер органдарынын жетекчилери жакын арада президент Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга расмий сапарын уюштурууну макулдашкан. Тараптар ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун майнаптуулугун талкуулады.

Жолугушуунун соңунда Азизбек Мадмаров Валид Аль-Хурейжини Кыргызстанга чакырды.

Кыргызстан Сауд Арабиясы менен соода-экономикалык кызматташтыкка, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн арттырууга көңүл буруп келет. Быйыл 21-мартта президент Садыр Жапаров Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан бин Абдулла Ал Саудду кабыл алган. Анда Сауд өнүктүрүү фондунун иши талкууланган.

Фонд айыл чарбасы, саламаттык сактоо жана жол инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлорун каржылайт. Алардын катарында Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын жаңы имараты бар. Ушуга окшогон бир катар долбоорлорду каржылоого 30 млн. доллар бөлүнгөн. Мындан тышкары жалпы өлкө боюнча фонд отуз мектеп салып бермекчи.

Сауд өнүктүү фонду менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу 2011-жылы башталган. Кыргызстандагы жалпы бардык долбоорлорго 200 млн АКШ доллары каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG