Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Дача СУдагы кырсыкты иликтеген коомдук комиссия ишин аяктады


Дача СУ конушунда 2017-жылдын 16-январда учак кыйраган.
Дача СУ конушунда 2017-жылдын 16-январда учак кыйраган.

Дача СУдагы учак кырсыгын иликтөө үчүн түзүлгөн коомдук комиссия ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жыйынтыктоочу отчет кийинки аптада президент Садыр Жапаровдун кароосуна жөнөтүлөт.

Шыкмаматов отчеттун мазмуну тууралуу маалымат берген жок.

Комиссиянын мүчөсү, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Шыкмаматовдун айткандарын ырастап, отчет менен тааныша албаганын айтты.

"Комиссия чын эле ишин жыйынтыктады. Бирокмен өлкөдөн сырт жакта болгондуктан, отчет менен таанышууга жетишкен жокмун", - деди Исмаилова.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулган жана анда ишин уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланып, такталган. Комиссиянын курамына ЖКнын айрым экс-депутаттары, укук коргоочулар, журналисттер, жарандык активисттер кирген.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG