Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Акыйкатчы кармалган саясатчылардын жана активисттердин укуктары сакталышын талап кылды


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 23-октябрда Бишкектин төрт райондук ички иштер бөлүмдөрүндө (РИИБ), Аламүдүн райондук милиция бөлүмүндө кармалып турган 18 саясатчы жана активист менен жолугушту. Кармалгандар өздөрүнүн үйлөрү тинтилип, кармалышын Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршылыгын билдиргени менен байланыштырып жатканын айтышкан.

Омбудсмендин аппараты тараткан билдирүүдө маалымдалгандай, жолугушуунун жыйынтыгында активисттерди кармоо учурунда адам укугу одоно бузулганы аныкталган.

"Тинтүү учурунда айрым тартип коргоо кызматкерлери активисттерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө орой мамиле жасашкан, аларга видео-фото тартууга тыюу салышкан, айрым активисттердин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык буюмдарын тартып алышкан жана милицияга чакыруу кагазын бербей туруп чакырган," - деп жазылган билдирүүдө.

Кармалган жарандар менен "Кылым шамы", "Жарандык демилгелер", "Артикл 9" укук коргоо уюмдары жана адвокаттар да жолугушту.

Акыйкатчы институту Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин коңшу мамлекетке берүүгө каршы чыккан активисттердин массалык түрдө кармалышын сынга алып, сотко чейинки өндүрүш учурунда алардын укуктары бузулбашы керектигин эскертүүдө.

"Соцтармактарда кармалган жарандарды каралаган маалыматтар таркатылып жатканы - күнөөсүздүк презумпциясына каршы келет. Сотко чейин жашыруун калууга тийиш болгон айрым маалыматтар ачык берилип жатканы - соттун адилет чечим чыгарышына тоскоолдук кылышы ыктымал", - деп айтылат билдирүүдө.

Омбудсмен институту ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди күбөлөргө, шектүүлөргө Кыргызстандын Конституциясында жана мыйзамдарында көрсөтүлгөн бардык ченемдердин алкагында укуктары сакталуу менен мамиле жасалышын жана күнөөсүздүк презумпциясы менен тергөөнүн сырлары сакталышын камсыз кылууга чакырды.

Акыйкатчынын 23-октябрдын кечине карата берген маалыматына ылайык учурда төмөнкү активисттер жана саясатчылар кармалып, 48 саатка камалышты:

Таалай Мадеминов, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Шабдан Али, Равшан Жээнбеков, Чыңгыз Капаров, Улукбек Маматаев, Нурлан Асанбеков, Гүлнара Журабаева, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Жеңиш Молдоакматов, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айданбек Акмат уулу, Айбек Бусурманкулов, Таалай Эшалиев Бишкектин жана Чүйдүн райондук милиция бөлүмдөрүнүн убактылуу камоочу жайларында камалып турушат.

Ал эми саясатчы Канат Исаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында.

23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Журналист Канышай Мамыркулова милицияга сурак берип чыккан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

22-октябрда бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда жөө жүрүш өттү.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG