Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Жумаш Дурусалиевдин Копенгагендеги концерти


Жумаш Дурусалиев.
Жумаш Дурусалиев.

Кыргызстандык таланттуу скрипач Жумаш Дурусалиев өткөн аптада Копенгагендеги консерваториянын чоң залында жеке концертин берди. Ал азыр Даниянын падышалык оркестринде ойнойт, таланты жана билими үчүн ага Даниянын өкмөтү атактуу мастер Антонио Страдивари даярдаган байыркы скрипканы ыйгарган.

Жумаш Дурусалиев – ушу тапта скрипка үчүн жазылган эң татаал чыгармаларды Европадагы чоң залдарда аткарган кыргызстандык сейрек музыканттардын бири. Копенгагендеги концертке келген классикалык музыка күйөрмандары, жергиликтүү музыканттар Жумаштын скрипкада аткаруудагы эң жогорку техникалык чеберчилигин, ар бир добушка өтө сезимтал, эмоционалдуу мамиле жасаганын белгилешти.

Даниянын падышалык оркестринде ойногон Жумаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:50 0:00

Жумаштын апасы Айнур Дурусалиева жана атасы Медет Ибраев экөө тең музыкант. Баласынын музыкага кызыгуусун, талантын кичинекейинен байкап калып, алты жашында бир кезде өзүлөру билим алган Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектепке алып барышкан. Азыр Лондондо пианинодон сабак берген Айнур Дурусалиева уулу чоң профессионал музыкант болгончо басып өткөн татаал жолду эскерип отурду.

"Классикалык музыка дүйнөсүнө Жумаш биринчи кадамын Кыргызстандан баштаган. Скрипкада ойногонду үйрөткөн биринчи мугалими - Абдраев атындагы музыкалык мектепте Казбек Бекмуратов болгон. Таланты, жөндөмү күчтүү болгондуктан, кичинекейинде эле бир катар конкурстарды жеңип, 11 жашында Улуу Британиядагы Эл аралык Менухин атындагы кыл аспаптар мектебине кабыл алынган. Жумаш музыканын практикалык жана теориялык жактарын математика илимин окугандай эле абдан терең өздөштүрдү. Эмгекчилдиги менен бир катар стипендияларды жеңип, антиквардык аспаптарга татыктуу деп табылды. Кыргызстандык жаш музыкантка ар кайсы өлкөлөрдө көрсөтүлгөн чоң колдоо азыркыдай даражага жеткирди. 2018-жылы Улуу Британияда VI кылымдагы падыша Артурдун Рыцары деген титул ыйгарылган".

Морис Равель, Цыган ыры. Скрипкада Жумаш Дурусалиев, фортепианодо Берит Йохансен Танге. 12-октябрь, 2022-ж. Копенгаген шаары:

Абдраев атындагы музыкалык мектептен кийин Алматыдагы музыкалык мектеп, андан көп узабай Лондондогу Менухин атындагы атактуу музыкалык мектепте билим алган Жумаш Дурусалиев кийин Лондондогу Падышалык музыкалык академияны магистр даражасында аяктап, жакында Даниянын ошондой жогорку окуу жайында "Соло артист" дипломун алды.

Соңку үч жылдан бери Даниянын Падышалык оркестринде алдыңкы скрипач болуп эмгектенип жатат. Буга чейин ал Британия, Германия, Испания, Италия, АКШ, Түркия, Орусия, Швейцария жана албетте, Кыргызстандагы чоң сахналарда ойноп, солист катары атактуу чыгармаларды оркестрлердин коштоосунда аткарып келатат.

Албетте, дүйнөдөгү ар бир таланттуу скрипач атактуу мастер Антонио Страдиваринин колунан чыккан байыркы аспапта ойногонду кыялданат. Страдивари жасаган скрипка уулу Жумашка Даниянын өкмөтү тарабынан берилгенине апасы Айнур Дурусалиева айрыкча сыймыктанат.

"Мындан 400 жыл илгери жашаган Страдивари болгону миңден ашык аспап жасаган, бүгүнкү күнгө анын 620дайы гана сакталып калыптыр. Музыканттар кыялданган ошондой аспаптын бири менин каратору кыргыз уулума ыйгарылса, абдан өзгөчө толкундануу болот экен! Ошол ишеничи үчүн Жумаш Дания өкмөтүнө ыраазычылык иретинде жеке концертин бүгүн абдан мыкты аткарып берди. Даниянын ушундай урматы башка да акылдуу, таланттуу кыргыз жаштарына чоң илхам, дем берет деп ишенем".

Жумаш Дурусалиев. 12-октябрь, 2022-ж. Копенгаген ш.
Жумаш Дурусалиев. 12-октябрь, 2022-ж. Копенгаген ш.

Копенгагендеги концертке келген көрүүчүлөрдүн бири, профессионал музыкант Анна Мария Жумаштын скрипкада аткаруу чеберчилиги аны таң калтырганын толкундана айтып берди: "Жумаш – өтө жогорку деңгээлдеги сейрек кездешчү скрипач. Аткаруу техникасы, менимче, эч кынтыксыз бриллиант техника, мындай аткарууну улуу скрипачтардан гана уга алабыз. Жумаш чынында азыр эң таланттуу, улуу скрипачтай аткарды баарын. Ал ойноп атканда скрипкадан чыккан ар бир добуш ушунчалык назик сезилип, жан дүйнөнүн кылдарында аткарылгандай сезилип жатты".

Концертке келген музыкант эместер да арбын болду. Ошондой көрүүчүлөрдүн бири, классикалык музыка күйөрманы Оливия айым Жумаш ойногондо, жалгыз срипка эмес, килейген оркестр ойноп жаткандай угулганын айтат. "Бүгүнкү концертте скрипканын добушу ушунчалык ар түркүн, миллион түрдүү добуш чыгарып, чыгармалар да, аткаруу да артыкча музыкалуу угулду. Мен абдан таасирлендим".

Немец композитору Феликс Мендельсон, Октет, солист Жумаш Дурусалиев. 12-октябрь, 2022-жыл. Копенгаген шаары:

Жумаш өзү алдыдагы пландарың кандай, эмнелерди кыялданасың деген суроомо:

"Менин максатым – кайда болсом да классикалык музыканы даңазалоо жана Кыргызстанда маданият, классикалык музыка жагынан чоң потенциал, дарамет бар экенин көрсөтүү. Келечекте дүйнөдө, музыкада жана жеке жашообузда бардыгы жакшы болсо деп кыялданам. Уруш-согуш азыраак болсун, музыка менен искусствонун добушу катуураак угулсун".

Копенгагендеги концерттин экинчи бөлүгүндө Жумаш Дурусалиев сегиз кыл аспаптуу ансамблде Мендельсондун Октетиндеги биринчи скрипканы аткарып, угуп отурган музыка күйөрмандары далайга чейин кетирбей суранганда скрипка үчүн эң татаал чыгармалардын бири саналган австриялык композитор Генрих Эрнсттин “Жайдын акыркы розасы” чыгармасын аткарып берди.

Жумаш Дурусалиев келечекте өзү да музыкалык чыгармаларды жаратып, Бишкекте чоң концерт берүүну кыялданып жатканын апасы Айнур биз менен бөлүштү. Келечекте ошондой болот деп ишенгибиз келет.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG