Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

"Медиазона" Орусиянын согушта набыт болгон сегиз миңдей аскеринин ысымын аныктады


Орусиянын субъектиси - Бурятиядагы аскерлердин тажыясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын субъектиси - Бурятиядагы аскерлердин тажыясы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Медиазона" басылмасы менен Би-Би-Си радиосунун орус кызматынын журналисттери жана ыктыярчылары Орусиянын Украинадагы согушта мерт болгон 7822 аскеринин аты-жөнүн аныктап чыкты.

Мунун ичинен кеминде 41 киши соңку айда мобилизацияга тартылган жарандар. Алардын айрымдары окуу борборлорунда, полигондордо жана аскердик бөлүктөрдө ар кандай жагдайларда көз жумушкан.

Ысымдары аныкталган маркумдардын көбү Бурятиядан жана Дагестандан. Изилдөөдө айтылгандай, өлгөн аскерлердин басымдуу бөлүгү Орусиянын ушул жана башка жакыр аймактарына туура келет.

Каза болгон 8 миңдей аскердин 1200ү Орусиянын армиясынын жана башка күч түзүмдөрүнүн офицерлери болуп чыкты.

Иликтөөдөгү жоготуулар коомчулукка ачык жарыяланган гана маалыматтардын негизинде эсептелген. Журналисттер өлгөндөр жөнүндө, алардын тажыялары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана маркумдардын жакындары жазган маалыматтарды колдонушкан. Авторлор жоготуулардын реалдуу саны мындан алда канча көп экенин белгилейт. Алар ошондой эле дайынсыздар менен туткунга түшкөндөрдүн эсеби жогорудагы санга кошулбаганын такташкан.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жоготуулар жөнүндө акыркы жолу 21-сентябрда - жарым-жартылай мобилизация башталган күнү маалымат берген. Анда ал ошол күнгө чейин 5937 жоокер өлгөнүн моюнуна алган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын эсебинде орус тараптын аскердик жоготуулары 67 миңден ашты. Британ чалгын кызматы болсо кеминде 25 миң орус аскери өлгөнүн билдирүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG