Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Нурлан Асанбеков төрт күндөн бери ачкачылык кармап жатканы кабарланды


Нурлан Асанбеков.
Нурлан Асанбеков.

"Массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын бири Нурлан Асанбеков 1-ноябрдан тартып ачкачылык кармап жатат.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады. Анын айтымында, Асанбековдун жактоочусу аны менен Бишкектеги №1 тергөө абагында жолугуп чыккандан кийин бул маалыматты ырастаган.

Шектүүнүн ачкачылык жарыялап, суу ичпей, тамак жебей жатканын ушундай эле шек менен кармалган саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы дагы Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Асанбековдун Кемпир-Абадды коргоо комитетине тиешеси жок экенин, болгону Жээнбековдун үйүн ремонттоп жатканын белгилеген.

"Нурлан Асанбеков жалгыз бой, 10 жаштагы кызын жалгыз тарбиялайт. Мындан сырткары анын беш жаштагы майып кызы бар. Ооруп жаткан апасынын дарылануусуна дагы ал жардам берип келген", - деп жазган Кудайбердиева.

Асанбеков учурда Жаза аткаруу кызматына караштуу Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) отурат. Аталган мекеменин басма сөз кызматы анын 4-ноябрдан баштап ачкачылык кармай баштаганын билдирген. Буга мыйзамсыз кармалганы себеп экенин айткан.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда кармалып, калайман башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар Кылмыш кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Ушул берене менен камалгандардын саны бүгүнкү күндө 26га жетти.

Башаламандыкка шек саналып жаткандардын баары өздөрүнүн мыйзамсыз кармалганын айтышууда.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG