Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Бишкекте тогуз айда менингококктун 26 учуру катталып, эки киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында тогуз айда 26 бейтап менингококк инфекциясы менен катталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты. Маалыматка караганда, бейтаптардын 16сы 14 жашка чейинки балдар.

"Бейтаптардын абалынын оорлошунун себептеринин бири – дарыгерлерге кеч кайрылуу жана үй шартында өзүн-өзү дарылоо болгон. Менингит дене табынын жогорулашы менен башталат. Бейтаптын жакындары адам ооруп калган саатын так көрсөтө алышат. Бир-эки күндүн ичинде бейтапта катуу баш оору, кайра-кайра кусуу, эсин жоготуу, толкундануу симптомдору пайда болот. Башын артка таштап, буттарын ашказанга чейин тартат. Тамак-аштан уулануудан менингиттин айырмачылыгы – кусуу жеңилдик алып келбейт", - деп белгиленген аталган борбор тараткан маалыматта.

Дарыгерлер оорулуу дарыгерге канчалык тез кайрылса, ошончолук тез сакайып кетерин белгилешет.

Менингит ооруусу аба аркылуу да жугушу мүмкүн.

Менингит - мээ менен жүлүндүн кабыгынын сезгениши. Менингит өз алдынча илдет катары жана башка оорунун күчөп кетишинен да пайда болот. Анын бир түрүн менингококк бактериясы козгогондуктан, жугуштуу оору болуп саналат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG