Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

БУУнун комитети Кыргызстанда журналисттерге карата кысымга тынчсызданууда


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда жарандык жана саясий укуктар боюнча пакттын аткарылышы боюнча корутундусун жарыялады.

3-ноябрда жарыяланган баяндамада комитеттин тынчсыздануусу, сунушу жана пакттын аткарылышынын оң жактары камтылган.

"БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанда укук коргоочуларга, юристтерге, саясатчыларга, журналисттерге, өз пикирин ачык билдирип, өзгөчө бийликти сындагандарга, анын ичинде блогерлер менен журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет. Кыргызстанга коомдук кызыкчылыкты сындап жарыялап жаткандарга карата кылмыш жоопкерчиликтери менен жазалоону колдонбоо кеңеши берилет. Жабык жайларда кыйноо менен өлтүрүү тууралуу маалыматтарга комитет тынчсызданууда. Комитет Кыргызстанды жабык жайлардыгы өлүмдөрдү токтоосуз изилдеп, анын себептерин ар тараптан ачып, каза болгондордун үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүнү карашы керек", - деп жазылган БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин корутундусунда.

Комитет Кыргызстандан сырткары Эфиопия, Жапония, Никарагуа, Филиппин жана Орусия боюнча корутундусун чыгарган.

Буга чейин Кыргызстандагы “Медиа полиси институту” 2020-жылы октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, атайын баяндамасын жарыялаган.

Анда мамлекеттик жогорку кызмат адамдарынын жана саясатчылардын бардык социалдык тармактардагы баракчаларына мониторинг жасалган. Изилдөөнүн жыйынтыгында сөз эркиндигинин абалы начарлап, Кыргызстандын саясий айдыңында авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин массалык маалымат каражаттарына кысым байкалган.

Эксперттердин баамында, соңку айда 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, “Азаттыктын” сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.

Өз кезегинде бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бузулбаганын байма-бай айтып келет. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыктын" сайты бөгөттөлгөндөн кийин, 28-октябрда билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болорун билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG