Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

Авариялык абалдагы 14 мектептин курулушун Дүйнөлүк банк каржылайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы авариялык абалдагы мектептердин 14үнүн курулушун Дүйнөлүк банк каржылап берерин 4-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Мамлекеттик курулуш мекемесинин жетекчисинин биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, атайын мекеме аралык комиссиянын чечими менен өлкөдө 245 мектептин имараты авариялык абалда болгондуктан пайдаланууга жараксыз деп табылган:

"Анын ичинен 29 салынып, ремонттолуп бүттү. 133үндө курулуш иштери жүрүүдө. 68 мектеп боюнча каржы булактары аныктала элек"

Авариялык абалдагы мектептердин баары үч жыл ичинде оңдолуп бүтөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл 7-июнда билдирип, алар окуучулар бекер колдоно ала тургандай интернет байланышы менен камсыз кылынарын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG