Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

"Пландалган сумма түшпөй жатат". Санкциялардын бажы төлөмүнө таасири


Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

Бажы кызматы өкмөт тарабынан коюлган 98,5 млрд. сом бажы төлөмүн чогултуу планын аткара албай турганын билдирди. Мекеме буга пландын ашкере ашыкча коюлганы жана соңку мезгилдеги тышкы факторлорду негиз келтирди.

2022-жылдын 10 айында 59,1 млрд. сом бажы төлөмдөрү жыйналды. Бул каражат коюлган пландан туура 40% аз. Бажы кызматы жыл аягына чейин 75 млрд. сом чогуларын айтууда. Бирок бул каражат жыйналган чакта дагы жылдык планды аткаруу 20 млрд. сомго же 24% аз болмокчу.

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков мунун себептерин мындайча түшүндүрдү:

"Азыр Украина менен Орусиянын ортосундагы мамилеге карата Европанын Орусияга санкциялары бир себеп болуп атат. Азыркы күндө Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда жаңы штамм чыгып, 45 күнгө карантинге жапты. Муну ачык айтпай жатышат. Азыр ал жактан да товарлардын келбей калуу коркунучу белгилүү болуп атат. Казакстандын товарлардын өтүү шарты дагы күчөтүлүп коюлган. ЕАЭБдин алкагында болгонубуз менен, ал жактан дагы катуу текшерүүгө алынып атат. Мындан тышкары, керектөөчүнүн сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн азайгандыгынан дагы болууда".

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бажы төлөмдөрү быйылкы тогуз айда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 162,3% өстү же 20,3 млрд. сом көп чогулду. Буга чейин Финансы министрлигинин Божомолдоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кочкоров парламент комитетинин жыйынында быйыл бажы төлөмдөрүн чогултууну мурунку жылга караганда эки эседен ашыруу мерчемделгенин, бирок тышкы факторлордон улам планга түзөтүү киргенин билдирген.

"Жылдын башында план коюп атканда биз өсүү темпин 210% менен бергенбиз. Тилекке каршы, Украина кризиси, Орусияга салынган санкциялар өңдүү тышкы факторлордун негизинде пландалган сумма түшпөй жатат. Ошого азайтканга туура келүүдө. Эмки жылы биз бажыдан күтүлгөн быйылкы түшүүдөн 128%, же болбосо 20 млрд. сом өсүү темпи менен коюп атабыз. Бул жерде баанын өсүшүн дагы караш керек. Эң негизгиси, биз Бажы кызматында башкарууну жакшыртуу жана Кытай менен статистиканы бир аз ылдыйлатканга аракет кылуудабыз. Бизде Кытай менен чагылдырма статистиканын айырмачылыгы 3,5-4 эсеге чейин жетип атат. Биз ошону төмөндөтүп, 1,4 эсеге чейин түшүрүү боюнча алдыбызга максат коюп атабыз".

Республиканын бюджетинин жалпы кирешеси 2022-жылга 282 млрд. сом деп бекитилген. Быйылкы бюджетке ылайык, Бажы кызматынан 98,5 млрд. сом киреше түшмөк. Расмий маалыматтар боюнча, январь-октябрь айларында чогултулган бажы төлөмдөрү 59,1 млрд.сомду түзөт, бул сумма жыл аягына чейин 75 млрд. сомго чейин жетери кабарланууда. Чогулбай калган 23,5 млрд. сом бажы төлөмдөрү өлкө бюджетинин жалпы кирешесинин 8,7% түзөт.

Экономист Элдар Абакиров бажы төлөмдөрүнүн жетиштүү чогулбай жатышы жөн жерден эместигин, бул өлкөнүн экономикалык саясатындагы көйгөйдөн белги берерин айтат.

"Бул жерде Кыргызстан менен Казакстан өзү аркылуу ким көбүрөөк Кытайдын товарын өткөрөт деген сыяктуу жарыш болуп аткандай... Ким төмөнүрөөк ставка көрсөтсө, ошол аркылуу көбүрөөк жүк өтүп, ошол уткандай болуп атат. Менимче, бул жерде казак тарап менен сүйлөшүү керек. Биз мындай кадамдар менен аныгында Кытайдын экономикасын колдоп, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү басынтып атабыз. Так бир саясатты белгилеп, кайсы товарды өткөрсө болот, кайсыны өткөрсө болбойт дегенге чейин кийлигишпесек, ЕАЭБдин алкагында мындай саясаттын зыяны биздин өндүрүшчүлөргө тийип атат. Мунун үстүнөн иш жүргүзүш керек. Демек, бул жерде системада – башкаруу ыкмасында, иш процессинде көйгөй бар. Анткени нормалдуу экономикалык саясаты бар өлкөдө мындай нерсе болбошу керек".

Бажы кызматы иштеги ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн бардык чектеш мамлекеттер менен иштер жүрүп жатканын билдирүүдө. Маалыматтарга ылайык, Өзбекстан менен бажы жаатындагы ыкчам маалыматтарды алмашуу тутуму түзүлгөн. Алдыда түрк тилдүү мамлекеттер менен дагы бажылык процесстерди жөнөкөйлөтүү боюнча келишим түзүү күтүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG