Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Алтын кошулмасын сыртка ташууга тыюу салынды


Чоң-Алайдагы жергиликтүү калк кытайлык компанияга алтын рудасын ташып кетүүдө деп нааразылык билдирип чыккан. 11-август, 2011-жыл.
Чоң-Алайдагы жергиликтүү калк кытайлык компанияга алтын рудасын ташып кетүүдө деп нааразылык билдирип чыккан. 11-август, 2011-жыл.

Кыргызстанда казылган алтын рудасын жана курамында алтын, күмүш, жез, коргошун жана башка баалуу түстүү металлдар бар кошулмаларды өлкөдөн ташып чыгарууга тыюу салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыкты.

2023-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандын аймагындагы кендерден казылган алтын рудасын жана курамында алтын кошулмасы бар концентраттарды чет өлкөлөргө чыгарып, эркин экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Жарлыкка ылайык Кыргызстандын аймагынан казылган алтын рудасын жана курамында алтын кошулмасы бар концентраттар мындан ары Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатынан кайра иштетилип, анан сыртка ташылат.

Министрлер кабинетине бул аталган чектөөнү мыйзамда каралган тартипте ар бир алты ай сайын узартып туруу тапшырылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгону 26-октябрда жарыяланды.

Буга чейин курамында алтын жана баалуу түстүү металлдар бар кошулмалардын тышка ташылып кетип жатканы боюнча маселе көтөрүлүп келген. Бирок бул жарлыкка расмий комментарий бериле элек.

Сыртка агылган акча, эсептелбеген киреше

Геолог окумуштуу Анатолий Акимбеков бул чара Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк кубаттуулугун арттырып, көзөмөлсүз сыртка ташылып жаткан баалуу кен байлыкты чектөөгө өбөлгө түзөт деген пикирде.

"Мунун бардыгын мурда эле жасаш керек болчу. Кара-Балта тоо-кен комбинаты ушуга чейин толук кубаттуулукта иштебей келди да. Аны толук кандуу иштетүү керек. Мына ошол жерден биздин аймактан казылган алтын рудаларын жана алтын курамы бар концентраттарды кайра иштетип чыгарып, аффинаждап, андан соң гана сыртка чет өлкөлөргө чыгарса, биринчиден көзөмөл болот, экинчиден мына ошол иш-чараларга кеткен акча Кыргызстанда калат. Ошондуктан бул өндүрүштү заманбап шартта жаңылап чыгууга кошумча инвестиция да тартылууга тийиш".

Кыргызстандын Нарын облусундагы, Жалал-Абаддын Чаткал, Ала-Бука райондорунун аймагындагы алтын рудалары жана курамында күмүш, калай, жез, коргошун сыяктуу түстүү металл кошулмалары экспорттук бажы төлөмүсүз жана салык алынбастан чет өлкөлөргө ченемсиз өлчөмдө ташылып кетип жатканын көзөмөлдөө демилгеси көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келген.

Ал тургай "Кумтөр" алтын кенин 2021-жылдын май айына чейин иштетип келген канадалык "Центерра Голд" компаниясы дагы ал жактан алтын менен кошо казылган күмүш, жез жана коргошун сыяктуу баалуу, түстүү металлдан түшкөн пайданы жашырып келе жатканы Мамлекеттик комиссиянын корутундусунда да көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков "Кумтөр" алтын кени мамлекетке өткөндөн бери деле бул маселеге чекит коюлбай келе жатканын белгиледи.

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

"Кумтөрдөгү Сары-Төр, Түштүк-Батыш жана Борбордук участокторунда казылган үч кендеги алтындын, күмүштүн жана башка баалуу металлдардын курамы боюнча айырмасы бар. Ал жактан бир эле алтын казылбайт. Анын курамында толтура түстүү металл кошулмалары чыгат. Бирок эмнегедир ал жактан казылып алынып жаткан күмүштүн же башка түстүү металлдардан түшкөн пайда тууралуу ушул күнгө чейин бир дагы мамлекеттик комиссия үн катпай келе жатат. Муну текшерүү өкмөттүн милдети. Бирок мен депутат катары иликтеп чыкканда 2008-жылы эле Кумтөрдөн 62 тонна күмүш казылып, сатылыптыр. Бирок андан 62 тыйын бюджетке түшкөн эмес. Мына, коррупция каякта жатат? Азыркы учурда менин маалыматым боюнча 240 тонна күмүш алынган. Мына ошонун бардыгы каякка кетип жатат? Ошол күмүш эмне болду?".

Чоң Алайдан Кытайга кеткен алтын рудасы

Былтыр 2021-жылы 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ошол кездеги депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алайдын Кара-Казык кенинен казылган алтын рудасы жүктөлгөн 17 машине "Эркечтам” чек ара бекетинен аткезчиликке шектелип 2020-жылы ноябрда кармалганын, бирок алтын кошулмасы 10 айдан соң “Достук” өткөрмө бекетинен Өзбекстан аркылуу Кытайга чыгарылып кеткенин айткан жайы бар.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча наркы 555 миң 441 миң долларга бааланган 364 тонна чийки зат кытайлык “Гик Кайди” компаниясына таандык болгон.

Мыйзам боюнча алтын кошулмасынын курамы 4 граммдан төмөн болсо, салык алынбайт. Ошондуктан бир катар алтын казган компаниялар бажы кызматы менен келишип, сүйлөшүп алып курамында 30-40% алтын рудасы же күмүш, жез, калай, вольфрам, коргошун сыяктуу баалуу, түстүү металлдарды өлкөдөн тышкары чыгарып кетип жатканы айтылган болчу.

Экс-депутат Аккулу Бердиев бул боюнча чара көрүүнү өтүнүп, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылган:

Аккулу Бердиев.
Аккулу Бердиев.

"Урматтуу Курманкул Токторалиевич, козголгон кылмыш иштин алкагында алтын кошулмалары жүктөлгөн 17 фура "Эркечтам" чек ара бекетинде кармалып турган болчу. Мына ошолорду азыр эми кечээ 21-сентябрда "лицензиясы жаңыланды" деген негиз менен "Эркечтам" эмес, кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети аркылуу, андан ары поезд менен Кытайга чыгарып кетишти. Бажынын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Мыйзамсыздык тууралуу кечээ эле комитет жыйынында каралган эле. Бул жерде абдан чоң акча айланып жатат. Мындай боло берсе, мамлекеттин оңолушу кыйын",-деген ал.

Бажы кызматынын жообунда башында бул жүк компаниянын лицензиясы кол менен жазылганы үчүн шектелип кармалып, бирок териштирүүдө “Гик Кайди” компаниясы флотациялык концентратты экспорттоо лицензиясы мыйзамдуу экени аныкталганы көрсөтүлгөн.

Ал эми 2020-жылы ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Садыр Жапаров Ала-Бука жана Чаткал райондорунун эли менен жолугушууда тоо-кен өндүрүмүн концентрат катарында сыртка ташууга тыюу салууну убада кылган.

Таластагы "Жер Үй" алтын кенин иштеткен "Альянс-Алтындын" басма сөз катчысы Касиет Карачолокова компания бул жарлыкка чейин эле мына ошондой тартипте алып барып келгенин белгиледи.

"Биз башынан эле алтын курамы бар руданы өлкөдөн тышкары чыгарбайбыз. Биздин фабрикада алтын чайкалып, доре түрүндө куюлуп, аффинаждоо үчүн Кара-Балта тоо-кен комбинатына жеткирилет. Мына ошол жактан даярдалып, салыктары төлөнүп, анан лицензициялык макулдашуу боюнча Улуттук банк аркылуу сатылат. Бул жарлыкка чыкканга чейин эле биздин компания мына ушундай тартип менен иш алып барып келүүдө".

Президент тыюу салган жарлыкка алтын казган калган компаниялар азырынча мамилесин билдире элек.

Өндүрүш планын өзгөртүү, алтын рудасын Кара-Балтага ташуу, аффинаждоо жана текшерүүдөн өткөрүп, салыгын төлөөгө даярдануу үчүн алтын казуучу компанияларга алты ай убакыт берилди.

Бул аралыкта өндүрүш ишканалары алтын рудасын жана алтын кошулмасы бар күмүш, жез, калай жана коргошун сыяктуу баалуу металлдарды кайра иштетүүдөн өткөрүүгө даярдашы керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG