Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Журналист камактан бошотулуп, ооруканага жаткырылды


Санрабия Сатыбалдиева.
Санрабия Сатыбалдиева.

"Опузалап акча талап кылууга" шек саналып 48 саатка камалган журналист Санрабия Сатыбалдиева тергөөчүнүн "эч жакка кетпөө" тууралуу токтомунун негизинде бошотулду.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, журналист учурда республикалык ооруканада дарыланууда.

Санрабия Сатыбалдиева Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен тергөө абагынан ооруканага которулган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиеванын саламаттыгына карабай камалышын адамгерчиликсиз кыйноо катары баалады. Бул тууралуу Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасында видеобилдирүү жасаган.

"Санрабия менен жолугуп чыктым. Врачтар "боюнан түшүп калышы мүмкүн" деп айтышканына карабай, конвоирлер түнү менен ары-бери ташып жүрүшүптүр. Бул ал үчүн чоң стресс. Акыйкатчы катары муну - адамгерчиликсиз кыйноо деп баалайм. Милициянын майору журналистти "калп долуланып жатат" деп өзүнө жоопкерчиликти алып, ооруканадан алып кетип калыптыр. Конвоир минтип өзүм билемдик менен Санрабияны кыйнаганы үчүн жоопкерчиликке тартылуусун талап кылабыз", - деди Абдрахматова.


Акыйкатчы прокуратура өкүлдөрүнө да кайрылган.

Абдрахматова Санрабия Сатыбалдиева менен чогуу кармалган оператору Калыс Ашырбаевге да жолугушту. Оператор милиция күч колдонбогону менен психологиялык кысым көрсөткөнүн айткан. Акыйкатчы ал үчүн башка адвокат жалдап беришкенин билдирди.

Акыйкатчынын билдирүүсүнөн көп өтпөй, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, камалгандан кийин журналисттин абалы начарлап, дарыгерлер "боюнан түшүп калуу коркунучу бар" деген корутунду чыгарган. Бирок милиция ага карабай тергөө абагына жеткирген. Сатыбалдиеванын саламаттыгы начарлай бергендиктен 4-ноябрда кайра ооруканага жеткиришкен.

Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына журналист камалгандан тарта тынбай маалымат жазып турду.

Ички иштер министрлиги Санрабия Сатыбалдиева "опузалап акча талап кылуу" фактысын иликтөөнүн алкагында кармалганын билдирди.

"3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып опузалап акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Негизги кылмышка шектүү "МИР24.кж" маалымат порталынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери С.С.К аттуу жаран. Бул ишке байланыштуу аталган маалымат порталдын оператору Б.у.К жана "Жорго-такси" компаниясынын айдоочусу М.М.Х кармалды. Кылмыш ишин тергөө уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Бирок милиция кош бойлуу журналисттин саламаттыгы тууралуу маалымат берген жок.

Сатыбалдиеванын жакындары жана жактоочусу азырынча үн ката элек.

Санрабия Сатыбалдиева жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген.

Ал социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн.

Сатыбалдиева ушул аптада милиция камаган экинчи журналист болуп калды. Эркин журналист Семетей Талас уулу 1-ноябрда кармалып, 3-ноябрда сотто бөгөт чарасы каралгандан кийин үй камагына чыгарылган. Журналист буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген.

Санрабия Сатыбалдиева акыркы айларда камалган жетинчи аял болуп жатат.

Ага чейин Кемпир-Абад маселеси боюнча Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана Орозайым Нарматова кармалып, эки айга камакка алынган.

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш кодексинин 36-278-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен иш козголгонун билдирген.

Бир катар эл аралык жана эл аралык укук коргоо уюмдары алардын кармалышын айыптап билдирүү тараткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда жарандык жана саясий укуктар боюнча пакттын аткарылышы боюнча корутундусун жарыялады.

"БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанда укук коргоочуларга, юристтерге, саясатчыларга, журналисттерге, өз пикирин ачык билдирип, өзгөчө бийликти сындагандарга, анын ичинде блогерлер менен журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет. Кыргызстанга коомдук кызыкчылыкты сындап жарыялап жаткандарга карата кылмыш жоопкерчиликтери менен жазалоону колдонбоо кеңеши берилет", - деп жазылган БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин корутундусунда.

Буга чейин Кыргызстандагы “Медиа полиси институту” 2020-жылы октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, атайын баяндамасын жарыялаган.

Анда мамлекеттик жогорку кызмат адамдарынын жана саясатчылардын бардык социалдык тармактардагы баракчаларына мониторинг жасалган. Изилдөөнүн жыйынтыгында сөз эркиндигинин абалы начарлап, Кыргызстандын саясий айдыңында авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин массалык маалымат каражаттарына кысым байкалган.

Эксперттердин баамында, соңку айда 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, “Азаттыктын” сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.

Өз кезегинде бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бузулбаганын байма-бай айтып келет. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыктын" сайты бөгөттөлгөндөн кийин, 28-октябрда билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болорун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG