Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:28

Бийликти сындаган журналист үй камагына чыкты


Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарды. 3-ноябрь, 2022-жыл.
Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарды. 3-ноябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Журналист тергөө аяктаганга чейин үй камагында болот, Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагынан тергөөчүнүн уруксаты жок чыга албайт.

Журналист соттун алдында ал эмнеге кармалганы тууралуу журналисттерге маалымат берип, коюлган айыпты моюнуна албай турганын, күнөөсүз экенин билдирди.

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап жатат. Сот башталардын алдында Талас уулу журналисттердин суроосуна жооп берди. Ал кармоого 2021-жылы Фейсбук баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды бөлүшкөнү гана себеп болгонун, башка мыйзамсыз иштерге барбаганын айтты.

"Фейсбуктан бир материал бөлүшкөм, Ооганстан боюнча. СССРдин, Американын аскерлеринин бул өлкөгө келиши боюнча тарыхый эле материал болчу. Аны бөлүшкөндөн кийин бирөө "хизбуттардын" сайты, билбейсиңби деди. Билбейм дедим. Чын эле ошондойбу деп, 20 мүнөттөн кийин өчүрдүм. Ошол базага түшүп калып, кармап тура беришкен. Февралда үйдөн дагы китептерди алып кеткен, ал муфтияттын уруксаты менен чыккан китептер. Андан эч нерсе чыккан жок, үйдөн дагы эч нерсе чыккан эмес. Өзүм салтуу исламды карманган, катардагы эле мусулманмын. Мен байкабай бөлүшүп алдым да, атайылап бөлүшкөн жокмун", - деди Талас уулу.

Журналист социалдык тармактарда бийликтин ишин сындап, акыркы күндөрү сөз эркиндигине басым күчөгөнүн, саясатчылар менен жарандык активисттер мыйзамсыз камалганын байма-бай жазып жаткан.

Журналистти карматкан иштин чоо-жайы

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы эркин журналист Семетей Талас уулун 1-ноябрда кармады. Азырынча анын бөгөт чарасы карала элек. Мыйзам боюнча, баш коргоо чарасы кармалгандан кийин 48 сааттын ичинде аныкталышы керек. Министрликтин басма сөз кызматы журналисттин иши боюнча 2-ноябрда маалымат берди.

“Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган” деген кортунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда”, - деп жазылган маалыматта.

Семетей Талас уулу 1-ноябрда ИИМге суракка жеткирилген учурда “Азаттыкка” кыска комментарий берип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Хизб ут-Тахрир” уюмунун материалдары боюнча козгогон ишке байланыштуу суракка жеткирилгенин айткан.

Журналист быйыл февраль айында Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен атайын кызмат козгогон иш боюнча УКМКда күбө катары сурак берген. Сурактан чыккандан кийин “чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын” билдирген. УКМК бул ишти андан ары иликтөө үчүн 8-октябрда ИИМге өткөрүп бергени белгилүү болду.

“Улуттук коопсуздук комитет иш боюнча 10 томго жакын материал даярдаптыр. Жалпылап айтканда, Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына бир постту бөлүшкөн экен. Ал бөлүшкөн материал Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмуна тиешелүү экен”, - деди журналисттин адвокаты Аскат Жакупбеков.

42 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү билдирип келет.

Ал Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым күчөгөнүн, саясатчылар менен жаш активисттер камакка алынып куугунтук болуп жатканын байма-бай жазып жаткан. Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине да каршы чыккан.

Камоолор уланууда

Семетей Талас уулунун кармалышы өлкөдө 20дан ашык саясатчылар менен активисттер камакка алынган учурга туш келди. Алардын арасында журналисттер Айданбек Акматов менен Эрлан Бекчоро уулу да бар. Камалгандардын көбү соцтармакта активдүү болчу.

Жарандык активист Нарис Калчаев Семетей Талас уулунун жана социалдык тармактарда пикирин ачык айтып, бийликти сындагандардын биринин артынан бири камалышы тууралуу буларга токтолду:

Нарис Калчаев.
Нарис Калчаев.

“Семетей Талас уулунун иши эмне үчүн Кемпир-Абад маселеси курчуганга чейин, Баткен окуясы болгонго чейин эле көтөрүлгөн эмес? Жапырт камоолордун аркасы менен козголуп атат. Мен бийликтеги да, оппозицияда жүргөн да эски саясатчыларды жактабайм. Бирок жаштарды колдойм. Өзүнүн кесиптик иши менен алектенген журналисттердин, блогерлердин камакка алынышы туура эмес. Бул бийлик өзү кандай жол менен келгенин унутуп калды. Кечээ эле колдоо күтүп “Азаттыкка”, блогерлерге, камалган саясатчыларга чуркап жүрүшкөн. Азыр болсо аларды каралап, камап жатат. Өздөрү да, тарапташтары да ойго келбеген каралоолорду кылышууда”.

“Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин дээрлик бардык мүчөлөрү - жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер кармалып, “калайман башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен эки айга камакка алынган. Алардын арасында алтоо аял. Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткандар менен 1-ноябрда депутаттар тобу жана акыйкатчы жолугуп чыкты.

Алардан кабар алып чыккан депутаттардын бири Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында буларды айтты:

“Кемпир-Абадды коргоо комитети деп камалгандардын баары бир ооздон “биз эч кандай башаламандыкка, ызы-чууга үндөгөн эмеспиз, болгону оюбузду билдирип, тынч жыйындарды өткөрүүнү гана пландаганбыз” деп айтышты. Атай Бейшенбек деген жигит болсо бул комитеттин өкүлдөрү менен жолукпаганын, жада калса сүйлөшпөгөнүн айтты. Фейсбукта пост жазганы үчүн камап койгонун айтты. Алардын бөгөт чарасы шаардык сотто каралганда саясий чыңалуу жаратпастан бошотулушу керек. Көчөгө чыкпаса, башаламандык жөнүндө сөз да болбосо камалганы туура эмес. Болбосо анда Баш мыйзамга “эки кишиден ашык чогулганга болбойт, сүйлөшпөгүлө, чай ичпегиле” деп жазып коюушубуз керек”.

Эл аралык жана жергиликтүү бир катар уюмдар кыргыз бийлигин жарандык активисттер менен журналисттерге каршы иштерди токтотууга чакырып жатат.

Ал ортодо прокуратура Бишкектин Свердлов райондук сотунун иликтөөчү журналист Болот Темировду актаган чечимине каршы сотко арызданды. Журналист муну акыркы окуялар менен байланыштырууда.

“Прокуратура унчакпай жүрүп эле акыркы учурда кийинки инстанцияга кайрылып атат. Арыздын мазмунун карасаң акылга сыйбайт. Шашып-бушуп эле жазып койгону көрүнүп турат. Прокурорлор менен тергөөчүлөр кылмыш иши боюнча далилдерди чогултуп шектүү чын эле күнөөлүү экенин далилдеши керек. Булар болсо арызда сот менен адвокаттар шектүү күнөөлүү эмес экенин далилдеп бере алган жок деп жазып атышат”.

28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировго маңзат боюнча коюлган айыпты негизсиз деп тапкан. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ага байланыштуу да актоо чечими чыккан. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Ал эми документ жасалмалоо деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза берген эмес.

Хизб ут-Тахрирдин” тузагы

Эми экстремисттик материалдар боюнча ишке кайтып келсек. ИИМ Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровду 14-сентябрда “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган. Ал 2-ноябрда үй камагына чыгарылды.

Диний маселелер боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик тобунун материалдары боюнча камакка алынгандардын көбөйүшү тууралуу пикири менен бөлүштү.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

“Хизб ут-Тахрирдин” 2005-жылдарга караганда кескин өзгөрдү. Буга чейин бул жана ага окшогон экстремисттик уюмдар иштерин ар кандай баракчаларды таратуу, диний иш-чараларга катышуу менен жайылтчу. 2010-жылдан кийин алар интернетке, социалдык тармактарга өтүп кетти. Кыргызстанда болсо адамдар диний уюмдардын ишин айырмалай албай калууда. Диндар адамдар билимин расмий уруксат берилген жерлерден албай, Ютубдагы ар кандай каналдардан, социалдык тармактардан алууда. Ал жерде болсо радикалдар идеологиясын жайылтууда”.

Сот тарабынан 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген.

“Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” 1950-жылдары Жакынкы Чыгышта негизделген. Бул уюмдун жана Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик, террористтик топтордун көбү демократиялык, көп партиялуу мамлекеттик түзүлүштү кулатып, ордуна “шариятка негизделген эскичил халифатты” түзүүнү көздөшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG