Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Милиция кош бойлуу журналистти ооруканадан алып кеткенин укук коргоочу кабарлады


Санрабия Сатыбалдиеваны милицияга алып келаткан учур. 3-ноябрь, 2022. Бишкек.
Санрабия Сатыбалдиеваны милицияга алып келаткан учур. 3-ноябрь, 2022. Бишкек.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиеваны милиция кызматкерлери дарыгерлердин айткандарына карабай, ооруканадан мажбурлап алып кетишкенин Фейсбукка жазды. Анын билдиришинче, журналистти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы менен Бишкек милициясынын кызматкерлери алып кеткен.

Бул боюнча милиция расмий билдире элек.


Буга чейин Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалган. Абдирасулова кош бойлуу журналисттин абалы начарлап ооруканага жеткирилгенин билдирген. Дарыгерлер "боюнан түшуп калуу коркунучу бар" деген корутунду чыгарган. Учурда үйүндө эки жашар кызы калганы кабарланууда.

ИИМ кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева "опузалап акча талап кылуу" фактысын иликтөөнүн алкагында кармалганын билдирип, анын саламаттыгы тууралуу маалымат берген жок.

Сатыбалдиева жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген.

Ал социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG