Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргызстанда электромобилдерди жайылтуу боюнча жумушчу топ түзүлдү


Электромобилдердин кубаттоочу станцияларынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана транспорттун бул түрүн жайылтуу үчүн сунуштарды иликтей турган жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген жумушчу топ бир айда сунуштарды жана тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгышы керек. Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов жумушчу топту жетектейт.

Кыргызстанда соңку жылдары электромобилдер көбөйө баштады, алардын баасы да баштапкыга караганда улам арзандоодо. Бишкектин архитектура мекемеси калаада электромобилдерге ыңгайлашкан атайын 63 бекеттин схемасы түзүлүп жатканын жакында маалымдаган.

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров өлкөдө электромобиль, бульдозер, учкучсуз учуу аппараттарын чыгаруу боюнча ишкана түзүлөрүн айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG