Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Эл жазуучусу Жусубалиевдин "Муздак дубалдар" китеби толукталып, кайра басылды


Кубатбек Жусубалиевдин "Муздак дубалдар" китеби толукталып, кайра басылды. 2022
Кубатбек Жусубалиевдин "Муздак дубалдар" китеби толукталып, кайра басылды. 2022

Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин "Муздак дубалдар" китеби толукталып, кайра басылды. Бул тууралуу жазуучу жана журналист Мамат Сабыров Фейсбук баракчасына жазды.

Китептин бет ачары 10-ноябрда Гапар Айтиев атындагы сү́рө́т музейинде өтөт.


Бишкекте Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган “Жолдо” (“Идущий”) деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмө 15-ноябрга чейин уланып, анда Кубатбек Жусубалиевге арналган белгилүү скульптор жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган.

Бул аптада эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өтүүдө. 17-ноябрда (09:30) Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында “Кубатбек Жусубалиевдин философиялык дүйнөсү” аттуу илимий-практикалык конференция болот.

Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы Алай районунун Кердегей айылында туулган. Анын алгачкы аңгемелери 1963-жылы жарыяланган. 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген китеби жарык көрдү. Кийин "Толубай сынчы", "Муздак дубалдар" өңдүү бир нече аңгеме, повесттери жазылды. (AbA/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG