Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:14

Имран Хан өзүнө кол салууга өкмөттү айыптады


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан өзүнө кол салуунун артында өкмөт турат деп айыптап, 4-ноябрда бүткүл өлкөнү нааразылык акцияларына чакырды. Ал полициядан премьер-министр Шахбаз Шариф , ички иштер министри Рана Санаулланы жана чалгын кызматкери генерал-майор Файсал Насирди суракка алууну талап кылды.

Санаулла айыптоону кескин четке кагып, тергөө аяктай электе жасалган мындай билдирүүнү айыптады. Өкмөт башчы Шахбаз Шариф окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды.

70 жаштагы Имран Хан 3-ноябрда өкмөткө каршы уюштурулган демонстрацияда жарадар болгон. Исламабаддан 200 чакырымдай алыс аралыктагы Вазирабад шаарындагы акцияда жүк ташуучу автоунанын үстүндө элге кол булгалап жатканда анын бутуна ок тийген.

Хан Лахордогу ооруканада дарыланып жатканын дарыгери Файсал Султан ырастап, өмүрүнө коркунуч жок деп билдирди.

Анын тарапкерлери 4-ноябрда эртең менен кол салуу болгон жерге кайрадан чогула башташты жана Ханды борбор Исламабадга жүрүштү кайра баштоого чакырышты.

Кылмышка шектелген адам кол салуудан кийин кармалган. Кийинчерээк ал Ханды өлтүрүүгө аракет кылганын мойнуна алганы расмий айтылган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, шектүү Хандын өзүнүн саясий күрөшүн Мухаммед пайгамбардын күрөшүнө теңеген билдирүүлөрүнө ачууланганы себеп болгонун айткан.

Үч жылдай бийликте отурган мурдагы крикет жылдызы Имран Ханга быйыл 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

70 жаштагы Имран Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет.

Учурда ал оппозицияны жетектеп, кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG