Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:25

Уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу иши боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга мунапыс берүү өнөктүгү алкагында 9582 үй уруксатсыз курулганы аныкталды, алардын жарымы мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу 4-ноябрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда вице-мэр Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, ар бир райондо атайын комиссия иштеп жатат:

“Төрт райондун комиссиялары быйыл 18-июлдан баштап арыздарды кабыл ала баштаган. Бүгүнкү күндө 4073 арыз кабыл алынды. Алардын 220ү Октябрь, 1490у Ленин, 1097си Свердлов жана 1266сы Биринчи Май району боюнча”.

Орунтаевдин айтымында, мыйзамсыз деп аныкталган үйлөрдүн жарымы таштанды полигону, көрүстөн, газ түтүгү өткөн жер деген сыяктуу жайлардын жанына курулган. Алар боюнча чечим атайын экспертизанын жыйынтыгына жараша кабыл алынат.

«Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам быйыл апрель айында кабыл алынган. Анын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо экени белгиленген. Жер мунапысы бир жолку гана өнөктүк болорун, анын алкагында жалпысынан мыйзамсыз, өз алдынча курулган 142 миң үй жана пайдубал мыйзамдаштырыларын 3-июнда айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирген. Алардын 127 миңден ашыгы үй, 15 миңдейи пайдубал. Жер мунапысын 40 райондо, 20 шаарда уюшулуп жаткан 60ка жакын комиссия ишке ашырат. Өнөктүккө эки жылдык мөөнөт берилген. Шерипов чоң электр зымдары же газ түтүктөрү өткөн жердин жана көрүстөн, санитардык полигондун жанында жайгашкан үй-пайдубалдарга мунапыс берилбей турганын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG