Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Казакстанда шахтадагы жарылууда жараат алгандардын биринин абалы оор


Ленин шахтасынын жанынан тартылган сүрөт.
Ленин шахтасынын жанынан тартылган сүрөт.

Казакстандын Караганды облусундагы шахтадагы жарылууда жабыркаган төрт шахтер реанимацияда жатат. Дарыгерлер алар метанга ууланып, денесинен жараат алганын, бир бейтаптын абалы оор экенин кабарлашты.

3-ноябрга караган түнү Караганды облусунун Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болду. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын сөөгү шахтадан чыгарылганын маалымдады. Ууланган кенчилердин төртөө окуя болгон жерде жан берген. Бирөө ооруканада үзүлгөн.

Шахтадан жалпы 100дөн ашык кызматкер эвакуацияланган. Полиция “тоо кен жана курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Ленин атындагы көмүр шахтасы 1964-жылы ачылган. 1970-жылдан бери анда адам өмүрүн алган кеминде жети кырсык болгон. 2006-жылы метан газы жарылып, 41 тоо кенчи мерт кеткен.

Аталган шахта Казакстандагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык. Ал эл аралык Arcelor-Mittal концернине кирет. Компания Казакстанда 15 көмүр шахтасына жана темир кендерине ээлик кылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG