Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Акыйкатчы кош бойлуу журналисттин камалышын кыйноого салыштырды


Санрабия Сатыбалдиева.
Санрабия Сатыбалдиева.

3-ноябрда 48 саатка камакка алынган журналист Санрабия Сатыбалдиева Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен 4-ноябрда ооруканага жаткырылды.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиеванын саламаттыгына карабай камалышын адамгерчиликсиз кыйноо катары баалады.

Бул тууралуу Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасында видеобилдирүү менен билдирди.

"Санрабия менен жолугуп чыктым. Врачтар "боюнан түшүп калышы мүмкүн" деп айтышканына карабай, конвоирлер түнү менен ары-бери ташып жүрүшүптүр. Бул ал үчүн чоң стресс. Акыйкатчы катары муну - адамгерчиликсиз кыйноо деп баалайм. Милициянын майору журналистти "калп долуланып жатат" деп өзүнө жоопкерчиликти алып, ооруканадан алып кетип калыптыр. Конвоир минтип өзүм билемдик менен Санрабияны кыйнаганы үчүн жоопкерчиликке тартылуусун талап кылабыз", - деди Абдрахматова.

Акыйкатчы прокуратура өкүлдөрүнө да кайрылган.

Абдрахматова Санрабия Сатыбалдиева менен чогуу кармалган оператору Калыс Аширбаевге да жолугушту. Оператор милиция күч колдонбогону менен психологиялык кысым көрсөткөнүн айткан. Акыйкатчы ал үчүн башка адвокат жалдап беришкенин билдирди.

Акыйкатчынын билдирүүсүнөн көп өтпөй, укук коргоочу Азиза Абдирасулова журналист кайрадан ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалган.

ИИМ кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева "опузалап акча талап кылуу" фактысын иликтөөнүн алкагында кармалганын билдирип, анын саламаттыгы тууралуу маалымат берген жок.

Сатыбалдиева жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген.

Ал социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG