Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Улан-Удэ шаарында согушка каршы чыккандарды полиция кармады


Мобилизацияга каршы акция. Улан-Удэ. Архив.
Мобилизацияга каршы акция. Улан-Удэ. Архив.

Орусиянын курамындагы Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарында согушка каршы митингге чыккан аялдарды полиция кармады. Бул тууралуу “ОВД-Инфо” каналы 4-ноябрда маалымдады.

Кармалгандардын бири Арюна Халудорова укук коргоочуларга билдиргендей, эки аялды күч кызматкерлери атайын автоунаада суракка алып, түшүндүрүү иштеринен соң бошоткон. Төрт кишини полиция бөлүмүнө алып кетишти. Ал жактагы сурактан кийин үчөөнү кое беришкен. Бир аял полиция бөлүмүндө экенин "Настоящая Бурятия" телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, жергиликтүү активисттер Улуттук биримдик күнүнүн урматына өкмөттү колдогон митингди үзгүлтүккө учуратышкан. Полиция Совет аянтына кирүүгө аракет кылгандарды кармап кеткен, шаар бийлиги акцияны токтоткон.

Мобилизация жарыялангандан кийин Орусияда өтүп жаткан нааразылык акцияларына аялдар жигердүү катышууда. Соңку маалыматтарга караганда, сентябрдын аягында согушка каршы демонстрацияларда 2 миңден ашуун адам кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG