Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Бишкектин Ала-Тоо аянтында жүрүш аяктады


Камоолорго каршы жүрүш. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 24-октябрь, 2022-жыл.
Камоолорго каршы жүрүш. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 24-октябрь, 2022-жыл.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында массалык кармоолорго каршы акциянын катышуучуларынын жүрүшү аяктады. Катышуучулар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, кагазга кол коюшту. Акциянын модератору Улан Үсөйүн иш-чаранын талаптары менен анын башында тааныштырган:

"Бүгүнкү акциянын эки талабы бар: Биринчичи - Кемпир-Абад суу сактагычынын жери берилбесин. Бийлик элге суу сактагчы жана чек ара боюнча бардык документтерди ачыктасын. Эл чындыкты билсин! Экинчи талап - кечээ кармалгандардын баары бошотулсун. Садыр Жапаров президенттикке келерде куугунтук болбойт деп убада берген, бирок иш жүзүндө кандай болуп жатканын көрүп турабыз", - деди Үсөйүн.


23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Журналист Канышай Мамыркулова милицияга сурак берип чыккан.

Акыйкатчынын 23-октябрдын кечине карата берген маалыматына ылайык, төмөнкү активисттер жана саясатчылар 48 саатка камалды:

Таалай Мадеминов, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Шабдан Али, Равшан Жээнбеков, Чыңгыз Капаров, Улукбек Маматаев, Нурлан Асанбеков, Гүлнара Журабаева, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Жеңиш Молдоакматов, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айданбек Акмат уулу, Айбек Бусурманкулов, Таалай Эшалиев Бишкектин жана Чүйдүн райондук милиция бөлүмдөрүнүн убактылуу камоочу жайларында камалып турат.

Ал эми саясатчы Канат Исаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына бир айга камалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

22-октябрда бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда жөө жүрүш өттү.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG